00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Судьба солдата»: как в КР возвращают имена бойцам, исчезнувшим в годы войны
18:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
8 мин
Спортбокс
Улуттук спорт даңазаланат — эми жыл сайын “Улуттук спорт мыктылары” аныкталат
19:09
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Гепатитти кайрадан жуктуруп алгандар аныкталууда — эмдөө жана дарылоо жолдору
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Кыргызстандын аймагында 221 миң адамдын майыптыгы бар болсо, алардын 37 миңден ашыгы балдар. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. Эске салсак, бүгүн, 3-декабрь — ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнү. Касымалиев майыптыгы барлардын жашоо-шартын жеңилдетүү үчүн мамлекет материалдык жардам көрсөтүп чектелбестен, билим берүү, кесипке даярдоо, сапаттуу социалдык кызмат көрсөтүү, реабилитация жана абилитация, эмгек рыногунда жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү боюнча маселелерди карап жатканын белгиледи. "Майып болуунун себептерине көңүл бурулуп, автокырсыктарды жана башка кырсыктарды алдын алуу, өлкөнүн ар бир жаранынын ден соолугуна кам көрүп, оору-сыркоолорду ырбатып жибербей айыктыруу боюнча иштер жүрүп жатат", — деди Касымалиев. Ал ошондой эле кара күчкө эмес, интеллектиге басым жасалып жаткан доордо майыптыгы барларга ыңгайлуу жумуш орундары түзүлүп жатканын кошумчалады.
ЕАЭБ аймагында поезд менен жүрүү жеңилдейт. Бул тууралуу ЕЭК билдирип, аталган тармактагы жол-жоболорду жеңилдетүү боюнча сунуштарды кабыл алганын кабарлады. Мында текшерүүлөрдүн санын азайтуу пландалууда. ЕАЭБ аймагында колдонула турган бирдиктүү электрондук билеттер киргизилиши мүмкүн, онлайн каттоо жана төлөмдүн бирдиктүү системасын түзүү каралууда.
Сасык тумоо жана КРВИ менен ооругандардын саны улам өсүп жатканына байланыштуу республика боюнча 65 бала бакча убактылуу жабылып, Оштогу беш мектеп онлайн окууга өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, жабылган бакчалардын 25и Бишкекте болсо, калган 40ы Чүйдө жайгашкан. "Ар кандай уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине санитардык эрежелер даярдалып берилди. Райондук администрацияларга жана тиешелүү ведомстволорго, анын ичинде Агартуу министрлигине, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына каттар жөнөтүлдү. Ири соода борборлоруна, маданий жана билим берүү мекемелерине профилактикалык чараларды күчөтүү зарылдыгы кабарланды", — деди министрлик. Эпидемиологиялык абал туруктуу болгон аймактарда оорунун жайылышына жол бербөө үчүн алдын алуу иштерин активдештирүү тапшырылды. Өткөн жумада КРВИ жана сасык тумоонун 37 миңден ашык учуру катталган, бул мурунку жумадан 2,5 эсе көп. Ооругандардын 73 пайызы 14 жашка чейинки балдар. Бишкек, Ош шаарлары, Баткен жана Чүй облустарында илдет эң көп катталган.
Европа биримдигиндеги айрым лидерлер Украинадагы жаңжалды создуктуруп, ЕБди аскердик альянска айландырып, Еврокомиссияны бириккен европалык федеративдик мамлекеттин өкмөтүнө окшоштурууну көздөп жатышат. Бул тууралуу РИА Новостиге люксембургдук евродепутат Фернан Картайзер билдирген. Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен 23-ноябрда Европа биримдиги Украинанын чек арасынын өзгөрүшүнө каршы экенин жана өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн алсыратуучу чектөөлөрдү колдобой турганын билдирген. Ал эми Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Грушко Евробиримдик Украинадагы жаңжалды токтотууга жол бербей турганын айткан. Депутаттын пикиринде, айрым европалык лидерлер Евробиримдикти аскердик альянска айландыруу үчүн жаңжалды созууга умтулуп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0