00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Мошенники ушли в интернет: как кыргызстанцев обманывают в мессенджерах
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Быйыл Ала-Арча паркында айнек көпүрө, мечит, спорт комплекс курулат
09:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как правильно жаловаться государству и не тратить время впустую - разговор с юристом
10:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга жаңы ыкмалар колдонулат — функционалдык сабаттуулук, STEM, санариптик көндүмдөр
11:04
34 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Быйыл айдоо аянты көбөйтүлдү — өлкөдө жазгы талаа иштерине даярдык кандай?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Медициналык камсыздандыруу полисин алган жарандарга дагы кандай жеңилдетилген кызматтар кошулат?
15:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Өлкөдөгү логистикалык системанын келечеги: Кыргызстан транзиттик өлкө боло алабы?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Новая валюта или новая реальность? Зачем Кыргызстану цифровой сом
18:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кыргыз жылкы менен байланышты үзгөн жокпу — жаштар эмнелерди биле жүрүшү керек?
19:06
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Медициналык камсыздандыруу полисин алган жарандарга дагы кандай жеңилдетилген кызматтар кошулат?
21:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Ысык-Көлдүн тебеленди болуп жаткан аймактарына туристтерди чектеп киргизүү сунушталды. Бул туурасында "Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык системасын 2030-жылга чейин өнүктүрүү планында жазылган. Анда саякаттагандар, эс алуучулар үчүн экологияны коргоо максатында атайын тартип каралат. Тагыраагы, бул система аркылуу туристтер алдын ала катталып, белгилүү бир лимит менен гана аймакка кире алышат. Мындай чектөө документте белгиленгендей, туристтик агымды көзөмөлдөп, жаратылышка келчү зыянды болушунча азайтууну көздөйт.
Бишкектин башкы планынын долбоору боюнча мэрия шаар тургундарынан 200дөн ашык расмий сунуш жана сын-пикирлерди алды. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев борбор калаанын 2050-жылга чейинки өнүгүүсү тууралуу документ каралып жаткан эксперттик талкууда билдирди. Анын айтымында, бардык байланыш платформаларын эске алганда кайрылуулардын саны үч миңден ашат. Ал эми сурамжылоолордун жүрүшүндө шаардыктардын 10 миңден ашык пикир чогултулган. Мэр мындай кайрылуулардын көптүгү шаар тургундарынын калаанын өнүгүшүнө жана анын жаңыланган башкы планы кандай болушу керектигине болгон кызыгуусу жогору экенин көрсөтүп жатканын белгиледи. Ал ошондой эле көптөгөн суроолор, эксперттик баа жана сын-пикирлер келип түшкөнүн кошумчалады. Мэриянын адистери долбоор темасы активдүү көтөрүлгөн социалдык тармактардагы талкууларга көз салышкан. Жунушалиев коомдук уюмдардан да айрым сунуштар келип түшкөнүн кошумчалады.
Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында "Биримдик кербени" долбоору башталды. Бул тууралуу ДКОнун катчылыгынан кабарлашты. Ага ылайык, суу Көчмөндөр оюндарынын символикасына айланып, жашоодогу маанисин белгилейт. "Көчмөндөр оюндарынын философиясы боюнча суу — биримдиктин жана жаңылануунун белгиси", — деп айтылат маалыматта.
АКШ президенти Дональд Трамптын Украина боюнча атайын өкүлү Стив Уиткофф Москвага келип түштү. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Аба майданынан аны Россиянын Түз инвестициялар фондунун башкы директору Кирилл Дмитриев тосуп алган. Уиткофф Кремлде РФ президенти Владимир Путин менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Буга чейин ал Путинге Украина боюнча макулдашылган планды көрсөтөрү кабарланган. РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков Путин Уиткоффту Москва убактысы боюнча саат 17.00дө кабыл аларын айткан. Жолугушууга өкүлдөн тышкары Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер да катышат. Песков Путин менен Уиткофф Вашингтон жана Киев макулдашкан планды талкуулай турганын белгилеп, Москва жаңжалды жөнгө салуудагы Трамптын администрациясынын эмгегин жогору баалай турганын кошумчалаган. "Россия тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даяр, бирок атайын операциянын алкагында коюлган максаттарына жетиши керек", — деди Кремлдин өкүлү. Эскерте кетсек, бул Уиткоффтун Россияга жасаган алтынчы сапары.
Жаңылыктар түрмөгү
0