https://sputnik.kg/20251130/1098255117.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
Sputnik Кыргызстан
Шайлоо кампаниясы башталган күндөн тарта БШКга 261 билдирүү келип түшкөнБШК эң төмөн катышуу Бишкек шаары менен Чүй облусунда катталып жатканын... 30.11.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-11-30T21:00+0600
2025-11-30T21:00+0600
2025-11-30T21:36+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/1e/1098254951_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_379bf03401764295f324454ca11aca2a.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
Sputnik Кыргызстан
Шайлоо кампаниясы башталган күндөн тарта БШКга 261 билдирүү келип түшкөнБШК эң төмөн катышуу Бишкек шаары менен Чүй облусунда катталып жатканын белгиледиКыргызстанда шайлоо тилкелери жабылып, добуш берүү аяктадыСаат 20:00гө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо аяктады. Муну менен өлкө аймагы боюнча шайлоо тилкелери жабылды. Бул тууралуу БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров брифингде билдирди. Анын айтымында, учурда автоматташтырылган эсептөө урналарынан шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча маалыматтар келип түшүүдө.Жалпы 2492 шайлоо тилкеси ачылган. Мындан тышкары, чет өлкөлөрдө 100гө чукул шайлоо участогу иштеди.
“Шайлоо кампаниясы башталган күндөн азыркы саатка чейин БШКга 261 билдирүү келип түшкөн. Бул тууралуу БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров брифинг учурунда билдирди. Анын айтымында, үгүт эрежелерин бузуу жөнүндө 124, талапкерлердин ар-намысына шек келтирген маалыматтарды таратуу боюнча 37, административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалануу жөнүндө 8, шайлоочулардын добушун сатып алуу жөнүндө 42 жана башка мыйзам бузуулар жөнүндө 51 билдирүү келип түшкөн. "Өзүңүздөр байкап жаткандай бүгүн, 30-ноябрда жарандардан шайлоочулардын добушун сатып алуу боюнча кайрылуулар көп түшүүдө. Буга укук коргоо органдары тиешелүү чараларды жүргүзүп жатышат. Мыйзамдын талабына ылайык, бүгүн жана эртең ушул келип түшкөн, кайрылуу жана фактылар боюнча тиешелүү иликтөө иштери жүргүзүлүп, укуктук баа берилип, чечим кабыл алынат. Ошондой эле прокуратура тарабынан ал чечимдердин мыйзамдуулугу текшерилип чыгат”,-деди Шайназаров.
Учурда Ички иштер министрлигине бузуулар тууралуу 79 билдирүү келип түштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Султан Макилов брифинг учурунда билдирди. Ал учурда министрлик күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын билдирди. “Акыркы сааттарда 27 билдирүү келип түштү. Анын ичинен Бишкек шаарынан – 28, Чүй облусунан – 15, Ысык-Көл, Нарын, Ош шаары жана облусу боюнча – 6дан, Жалал-Абад облусунан – 5, Талас облусунан - 2 жана Баткен облусунан - 5 маалымат келип түштү. Маалыматтардын баары дыкаттык менен каралып, текшерилип жатат. Одоно мыйзам бузуулар жок. Алдыда кошумча маалыматтар берилип турат”,-деди Макилов.
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев "Кабар" агенттигинде өлкө аймагында Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жүрүшү тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, Түркияда жалпы 8 шайлоо тилкеси ачылган. Алар Кыргызстан Анкара шаарындагы элчилигинде, Стамбул жана Анталия шаарларындагы Башкы консулдуктарда, ошондой эле Измир, Кайсери, Эскишехир, Бурса жана Алания шаарларындагы тилкелер. "Мындай көп шайлоо тилкеси биринчи жолу ачылган. Мурда негизги деп эсептелген Анкара, Анталия жана Стамбул шаарларында гана шайлоо тилкелери ачылчу", - деди ал. Түркиянын Миграциялык кызматынын расмий маалыматына караганда, өлкөдө 33 миң кыргызстандык каттоодо турат. Бирок, келип-кеткендерди кошкондо 45 миңдин тегерегиндеги кыргызстандык өлкөнүн 82 облусунда жашашат. Алардын көпчүлүгүнүн добуш берүү шарты туура келбесе дагы, айрымдары 2-3төн болуп атайын 700 чакырым аралыктан автобус менен келип, добуш берип кетишүүдө. Шайлоочулардын добуш берүүсүн жеңилдетүүгө бардык күч-аракетибизди жумшап жатабыз", - деди Казакбаев.
Шайлоо кампаниясы башталган күндөн тарта БШКга 261 билдирүү келип түшкөнБШК эң төмөн катышуу Бишкек шаары менен Чүй облусунда катталып жатканын белгиледиКыргызстанда шайлоо тилкелери жабылып, добуш берүү аяктадыСаат 20:00гө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо аяктады. Муну менен өлкө аймагы боюнча шайлоо тилкелери жабылды. Бул тууралуу БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров брифингде билдирди. Анын айтымында, учурда автоматташтырылган эсептөө урналарынан шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча маалыматтар келип түшүүдө.Жалпы 2492 шайлоо тилкеси ачылган. Мындан тышкары, чет өлкөлөрдө 100гө чукул шайлоо участогу иштеди. “Шайлоо кампаниясы башталган күндөн азыркы саатка чейин БШКга 261 билдирүү келип түшкөн. Бул тууралуу БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров брифинг учурунда билдирди. Анын айтымында, үгүт эрежелерин бузуу жөнүндө 124, талапкерлердин ар-намысына шек келтирген маалыматтарды таратуу боюнча 37, административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалануу жөнүндө 8, шайлоочулардын добушун сатып алуу жөнүндө 42 жана башка мыйзам бузуулар жөнүндө 51 билдирүү келип түшкөн. "Өзүңүздөр байкап жаткандай бүгүн, 30-ноябрда жарандардан шайлоочулардын добушун сатып алуу боюнча кайрылуулар көп түшүүдө. Буга укук коргоо органдары тиешелүү чараларды жүргүзүп жатышат. Мыйзамдын талабына ылайык, бүгүн жана эртең ушул келип түшкөн, кайрылуу жана фактылар боюнча тиешелүү иликтөө иштери жүргүзүлүп, укуктук баа берилип, чечим кабыл алынат. Ошондой эле прокуратура тарабынан ал чечимдердин мыйзамдуулугу текшерилип чыгат”,-деди Шайназаров.Учурда Ички иштер министрлигине бузуулар тууралуу 79 билдирүү келип түштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Султан Макилов брифинг учурунда билдирди. Ал учурда министрлик күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын билдирди. “Акыркы сааттарда 27 билдирүү келип түштү. Анын ичинен Бишкек шаарынан – 28, Чүй облусунан – 15, Ысык-Көл, Нарын, Ош шаары жана облусу боюнча – 6дан, Жалал-Абад облусунан – 5, Талас облусунан - 2 жана Баткен облусунан - 5 маалымат келип түштү. Маалыматтардын баары дыкаттык менен каралып, текшерилип жатат. Одоно мыйзам бузуулар жок. Алдыда кошумча маалыматтар берилип турат”,-деди Макилов.Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев "Кабар" агенттигинде өлкө аймагында Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жүрүшү тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, Түркияда жалпы 8 шайлоо тилкеси ачылган. Алар Кыргызстан Анкара шаарындагы элчилигинде, Стамбул жана Анталия шаарларындагы Башкы консулдуктарда, ошондой эле Измир, Кайсери, Эскишехир, Бурса жана Алания шаарларындагы тилкелер. "Мындай көп шайлоо тилкеси биринчи жолу ачылган. Мурда негизги деп эсептелген Анкара, Анталия жана Стамбул шаарларында гана шайлоо тилкелери ачылчу", - деди ал. Түркиянын Миграциялык кызматынын расмий маалыматына караганда, өлкөдө 33 миң кыргызстандык каттоодо турат. Бирок, келип-кеткендерди кошкондо 45 миңдин тегерегиндеги кыргызстандык өлкөнүн 82 облусунда жашашат. Алардын көпчүлүгүнүн добуш берүү шарты туура келбесе дагы, айрымдары 2-3төн болуп атайын 700 чакырым аралыктан автобус менен келип, добуш берип кетишүүдө. Шайлоочулардын добуш берүүсүн жеңилдетүүгө бардык күч-аракетибизди жумшап жатабыз", - деди Казакбаев.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/1e/1098254951_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_fb773f8c8084a21528f8c04b1de7f962.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио