00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Үйдү туура жылуулоо менен электр энергиясын канча пайызга үнөмдөсө болот?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы №26 мектептен добуш берди. Эскерте кетсек, учурда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурун шайлоо өтүп жатат. Өлкө аймагында 2 492 шайлоо участогу бүгүн саат 8:00дө ачылган. Чет мамлекеттерде 100 шайлоо участогу иштеп жатат.
Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө Петропавловск-Камчатскидеги шайлоо тилкеси өз ишин аяктады. Бул тууралуу ТИМ билдирди. Маалыматка караганда, бул жерде жалпы 182 жаран добуш берди. Аталган аймак Кыргызстандан беш саат алдыда. Россия, Түркия, Бириккен Араб Эмирликтери, Сауд Арабиясы, Улуу Британия, Венгрия, Германия, Австрия, Чехия, Словакия, Италия, Бельгия, Швейцария, Франция жана башка өлкөлөрдө жайгашкан 92 шайлоо тилкесинен 8 592 жаран добуш берген.Ал эми БШК республикада саат 16:00гө карата 1 073 444 адам добуш бергенин билдирди.
Кыргызстан Россияда добуш берүүнү уюштурууда биринчи болуп мурда жок болгон ыкманы колдонду. Бул туурасында Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Павел Андреев айтты. Ал Россияда добуш берүүчү 40 тилке 27 аймакта ачылгандыгын белгиледи. Россия тарап Кыргызстанга техникалык жабдууларды ташып жеткирүүдө жардам кылганын айтты.
Кантка жакын Төмөнкү Серафимовка айылындагы карылар үйүндөгүлөрдү депутаттыкка талапкерлигин койгон кишиге добуш берүүгө мажбурлашкан. Борбордук шайлоо комиссиясынан бул окуя текшерилип, №7133 шайлоо тилкесинен сырткаркы жайдагы берилген добуштардын жыйынтыгы жокко чыгарылгандыгын билдиришти.Кечээ, 29-ноябрда, болгон окуянын видеосу социалдык тармакка тараган. Андан ак халатчан кызматкер улгайып калган аялга бюллетендин кайсы жерине чымчыкча коюуну көрсөтүп, ал эми көзү азиз кишинин ордуна дагы бир кызматкер "жарандык милдетин аткарып" жатканын көрүүгө болот.
Манас шаарында таштандыны иргеп, кайра иштетүүгө даярдоочу заводдун базасында желим түтүктөрдү өндүрүүчү жаңы цех ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Цехтин ачылыш аземине Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков катышып, анын ишмердүүлүгү менен таанышты. Ал таштандыны кайра иштетүүчү заводдун базасында мындан башка да өндүрүштүк цехтерди уюштуруу боюнча тапшырмаларды берди. Ошондой эле таштандыны кайра иштетүүчү заводду мындан ары да өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи. Учурда аталган цехте 15 диаметрден 110 диаметрге чейинки желим түтүктөр өндүрүлүп жатат. Цех күн сайын 2000 метрге чейин түтүк чыгара алат.Белгилей кетсек, Манас шаарынын таштанды полигонундагы таштандыларды иргеп, кайра иштетүүгө даярдоочу завод 2023-жылы шаарды өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттын эсебинен 133 млн сомго курулган.
Жаңылыктар түрмөгү
0