Касымалиев Германиядан Кыргызстандагы балдар үйүнө белек жиберди
Касымалиев Германиядан Кыргызстандагы балдар үйүнө белек жиберди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Германиядан Кыргызстандагы балдар үйүнө белек жиберди. Бул тууралуу өкмөттөн... 29.11.2025, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Германиядан Кыргызстандагы балдар үйүнө белек жиберди. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.Маалыматка ылайык, ал Германиядагы иш сапарынын алкагында “Кыргыз почтасынын” Берлиндеги эл аралык почта алмашуу борборуна барган.Иш сапардын жүрүшүндө ага борбордун ишмердиги, жүктөрдү иргөө, таңгактоо жана жөнөтүүнүн заманбап технологиялары көрсөтүлгөн. “Кыргыз почтасы” ишканасынын башкы директору Марат Черикчиев логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана санариптик чечимдерди киргизүү боюнча пландарын айтып берген.“Сапардын өзгөчө учуру Адылбек Касымалиевдин өз атынан символикалык түрдө Кыргызстандын балдар үйүнө 50 белек таңгагын жөнөтүшү болду. Белектерге өнүктүрүүчү оюндар, китептер, кеңсе буюмдары жана таттуулар кирди”, — деп айтылат маалыматта.Касымалиев бул борбордун Европанын жүрөгүндө иштеп жатышы Кыргызстандын экспорттук потенциалын арттырууга чоң мүмкүнчүлүк түзөрүн белгилеген.Ошондой эле белектер Жаңы жыл алдында балдарга жетип, аларды кубантарына үмүт артты.
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Германиядан Кыргызстандагы балдар үйүнө белек жиберди. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ал Германиядагы иш сапарынын алкагында “Кыргыз почтасынын” Берлиндеги эл аралык почта алмашуу борборуна барган.
Адылбек Касымалиев Германиядан Кыргызстандагы балдар үйүнө белек жиберди
Иш сапардын жүрүшүндө ага борбордун ишмердиги, жүктөрдү иргөө, таңгактоо жана жөнөтүүнүн заманбап технологиялары көрсөтүлгөн. “Кыргыз почтасы” ишканасынын башкы директору Марат Черикчиев логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана санариптик чечимдерди киргизүү боюнча пландарын айтып берген.
“Сапардын өзгөчө учуру Адылбек Касымалиевдин өз атынан символикалык түрдө Кыргызстандын балдар үйүнө 50 белек таңгагын жөнөтүшү болду. Белектерге өнүктүрүүчү оюндар, китептер, кеңсе буюмдары жана таттуулар кирди”, — деп айтылат маалыматта.
Касымалиев бул борбордун Европанын жүрөгүндө иштеп жатышы Кыргызстандын экспорттук потенциалын арттырууга чоң мүмкүнчүлүк түзөрүн белгилеген.
Ошондой эле белектер Жаңы жыл алдында балдарга жетип, аларды кубантарына үмүт артты.