https://sputnik.kg/20251129/1098210869.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Аралыктан добуш берүү системасын киргизүү менен шайлоочулардын саны 40-50%га жогорулайт деген үмүт бар. Бул тууралуу журналисттерге Борбордук шайлоо... 29.11.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-11-29T17:00+0600
2025-11-29T17:00+0600
2025-11-29T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/1d/1098210703_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_33be180a067068961095d672adbc1da9.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Аралыктан добуш берүү системасын киргизүү менен шайлоочулардын саны 40-50%га жогорулайт деген үмүт бар. Бул тууралуу журналисттерге Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди. Ал анда жарандардын шайлоого аз катышуусун негизги көйгөй катары белгиледи. “Аралыктан добуш берүү системасын киргизүү жана маалымдоо, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен шайлоого катышуу деңгээли жогорулайт деп ишенебиз. Мурун бул көрсөткүч 30% болсо, азыр 40-50%га жетет деген үмүт бар. Ошондуктан, бардык жарандарды эртең шайлоо участкасына келип, өз добуштарын берип кетүүгө чакырам”, – деди ал. Боршайкомдун маалыматына ылайык, Кыргызстанда 4 млн 294 миң 243 шайлоочу бар.
Бишкек шаарындагы Ауэзов көчөсүндөгү көпүрө реконструкцияланып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Ауэзов көчөсүндөгү көпүрө реконструкцияланып, пайдаланууга берилди. Буга чейин көпүрөнү жаңылоо иштерине байланыштуу ал жакта унаа тыгыны жаралып жаткан. Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы эми жол ачылып, тыгын жоюларын билдирди. Ошол эле учурда айдоочуларды жол коопсуздугун сактоого чакырды.
Ошто 48 жаштагы аял мүрт кетип, бир жаштагы небереси ооруканада чарчап калган жол кырсыгына себепкер делген өспүрүм камакка алынды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясы маалымдады. Билдирүүгө ылайык, рулду башкарып бара жаткан 16 жаштагы баланы 27-декабрга чейин камакка алуу чечими чыккан. Өспүрүмгө "Этиятсыздыктан жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин жана автотранспорт каражаттарын колдонуу эрежелерин бузуу менен өзгөчө оор зыян келтирүү" беренеси боюнча айып тагылды. Эске салсак, 27-ноябрда милициядан Ош шаарында машина айдап бараткан өспүрүм каршы тилкеге чыгып кетип, көчөдө бала менен жөө бараткан кайнене-келинди сүзүп кеткени кабарланган. 16 жаштагы бала агасынын унаасын уруксатсыз айдап чыгып, аны башкара албай калганы айтылган.Анын кесепетинен 48 жаштагы аял, бир жашар небереси каза болгон. Милиция өспүрүмдүн айдоочулук күбөлүгү жок экенин билдирген.
Владимир Зеленскийдин кеңсе жетекчиси Андрей Ермактын отставкага кетиши Украинадагы бийликтин бардык конфигурациясын өзгөртөт. Мындай пикирин Россиянын Түштүк Кавказ өлкөлөрүнүн стратегиялык изилдөө борборунун директору Евгений Михайлов РИА Новостидеги маегинде билдирген. Михайловдун айтымында, киевдик режимдин башчысы аны жандап жүргөн жакындарын садага чабуу менен дээрлик жоготуп алган бийлигин сактоого аракеттенүүдө. Зеленский жума күнү Ермакты кызматтан алуу боюнча жарлыкка кол койгон. Киев режиминин башчысы ага чейин Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн топту жетектегендердин бири Ермак отставкага кетүү тууралуу арыз жазганын билдирген. /// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 17 тыйынга рубль 1 сом 12 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин литри 76 сом 40 тыйындан баштап сатылууда Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 81 сом 40 тыйындан жогору дизель майы литрине 80 сом сом 90 тыйындан тарта бааланса, унаа газынын литри 38 сом 50 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ 30-ноябрга караган караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Жекшембиде республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +10...+15, Талас аймагында +9...+14, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +12...+17, Ысык-Көлдө +4...+9, Нарын өрөөнүндө +3...+8 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада +12…+14, Ош шаарында +14...+16 градуска көтөрүлөт.
Аралыктан добуш берүү системасын киргизүү менен шайлоочулардын саны 40-50%га жогорулайт деген үмүт бар. Бул тууралуу журналисттерге Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди. Ал анда жарандардын шайлоого аз катышуусун негизги көйгөй катары белгиледи. “Аралыктан добуш берүү системасын киргизүү жана маалымдоо, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен шайлоого катышуу деңгээли жогорулайт деп ишенебиз. Мурун бул көрсөткүч 30% болсо, азыр 40-50%га жетет деген үмүт бар. Ошондуктан, бардык жарандарды эртең шайлоо участкасына келип, өз добуштарын берип кетүүгө чакырам”, – деди ал. Боршайкомдун маалыматына ылайык, Кыргызстанда 4 млн 294 миң 243 шайлоочу бар. Бишкек шаарындагы Ауэзов көчөсүндөгү көпүрө реконструкцияланып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Ауэзов көчөсүндөгү көпүрө реконструкцияланып, пайдаланууга берилди. Буга чейин көпүрөнү жаңылоо иштерине байланыштуу ал жакта унаа тыгыны жаралып жаткан. Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы эми жол ачылып, тыгын жоюларын билдирди. Ошол эле учурда айдоочуларды жол коопсуздугун сактоого чакырды. Ошто 48 жаштагы аял мүрт кетип, бир жаштагы небереси ооруканада чарчап калган жол кырсыгына себепкер делген өспүрүм камакка алынды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясы маалымдады. Билдирүүгө ылайык, рулду башкарып бара жаткан 16 жаштагы баланы 27-декабрга чейин камакка алуу чечими чыккан. Өспүрүмгө "Этиятсыздыктан жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин жана автотранспорт каражаттарын колдонуу эрежелерин бузуу менен өзгөчө оор зыян келтирүү" беренеси боюнча айып тагылды. Эске салсак, 27-ноябрда милициядан Ош шаарында машина айдап бараткан өспүрүм каршы тилкеге чыгып кетип, көчөдө бала менен жөө бараткан кайнене-келинди сүзүп кеткени кабарланган. 16 жаштагы бала агасынын унаасын уруксатсыз айдап чыгып, аны башкара албай калганы айтылган.Анын кесепетинен 48 жаштагы аял, бир жашар небереси каза болгон. Милиция өспүрүмдүн айдоочулук күбөлүгү жок экенин билдирген.Владимир Зеленскийдин кеңсе жетекчиси Андрей Ермактын отставкага кетиши Украинадагы бийликтин бардык конфигурациясын өзгөртөт. Мындай пикирин Россиянын Түштүк Кавказ өлкөлөрүнүн стратегиялык изилдөө борборунун директору Евгений Михайлов РИА Новостидеги маегинде билдирген. Михайловдун айтымында, киевдик режимдин башчысы аны жандап жүргөн жакындарын садага чабуу менен дээрлик жоготуп алган бийлигин сактоого аракеттенүүдө. Зеленский жума күнү Ермакты кызматтан алуу боюнча жарлыкка кол койгон. Киев режиминин башчысы ага чейин Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн топту жетектегендердин бири Ермак отставкага кетүү тууралуу арыз жазганын билдирген. /// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 17 тыйынга рубль 1 сом 12 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин литри 76 сом 40 тыйындан баштап сатылууда Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 81 сом 40 тыйындан жогору дизель майы литрине 80 сом сом 90 тыйындан тарта бааланса, унаа газынын литри 38 сом 50 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ 30-ноябрга караган караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Жекшембиде республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +10...+15, Талас аймагында +9...+14, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +12...+17, Ысык-Көлдө +4...+9, Нарын өрөөнүндө +3...+8 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада +12…+14, Ош шаарында +14...+16 градуска көтөрүлөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/1d/1098210703_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c72ea9acc83095010f228868feaf5fbc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио