ЖККУнун баш катчылыгына Таалатбек Масадыков дайындалды. Таржымалы
14:09 27.11.2025 (Жаңыртылды: 15:05 27.11.2025)

© Sputnik / Максим Богодвид
/ Жазылуу
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. 1-январдан тарта ЖККУнун баш катчысы Таалатбек Масадыков болот. Ага чейин бул кызматты Имангали Тасмагамбетов аркалап келген.
ЖККУнун Бишкектеги бул сапаркы саммитинде баш катчылар алмашты.
Ал эми кызматын тапшырып кетип жаткан Тасмагамбетовго уюмдун I даражадагы Ардак белгисин президент Садыр Жапаров тапшырды. Өлкө башчысы Тасмагамбетовдун үзүрлүү эмгегин жана уюмдун өнүгүшүнө кошкон зор салымын жогору баалады.
64 жаштагы Таалатбек Масадыков 2024-жылдан бери уюмдун башкы катчысынын орун басары кызматын аркалап келет. Кыргызстанда Коопсуздук кеңеште президенттин өкүлү катары иштеген.
Кыргыз, орус, англис, пушту жана дари тилдерин билет.
Билими:
1978 — Фрунзедеги №13 орто мектепти аяктаган;
1984 — Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер боюнча институтун бүтүргөн. Англис, пушту жана дари тилдерин билген эл аралык мамилелер боюнча адис деген дипломго ээ болгон. Жогорку окуу жайды аяктагандан кийин аскердик милдетин өтөгөн;
1984-1986 — Москва шаарында СССРдин Коргоо министрлигинин Аскердик Кызыл Туу институтунда мугалим катары аскердик кызмат өтөгөн;
1987 — Афганстанга иш сапарына жөнөтүлгөн. Илимдер академиясынын советтик кеңешчилер тобунда, Афганстандын Уруулар жана чек ара иштери боюнча министрлигинде котормочу жана уруулар маселелери жаатында адис катары эмгектенген;
1988-1991 — Москвага кайтып, аспирантураны аяктап, Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин алдындагы Азия жана Африка өлкөлөрү институтунун иран филологиясы кафедрасынын аспирантура бөлүмүндө окуусун уланткан жана кандидаттык диссертациясын жактаган;
1992-1994 — Москва шаарында жеке ишкерлик менен алектенген;
1995-1996 — Кыргызстандын чет элдик инвестициялар жана экономикалык жардам боюнча мамлекеттик комитетинин башкы директорунун орун басары;
1997-1999 — Кыргызстандагы Америка университетинин эл аралык мамилелер факультетинин кош деканы жана окутуучусу болгон;
2000 — Экономика жана саясий илимдердин Лондон мектебинде докторантуранын күндүзгү бөлүмүнө окууга тапшырган (London School of Economics and Political Science LSE);
2002 — Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) жумушка чакырылган. Афганстан, Иран, Пакистан мамлекеттеринде иштеген. БУУнун Афганстанга көмөк көрсөтүү боюнча миссиясынын (МООНСА) саясий кеңешчиси болуп ишин баштаган;
2006 — БУУнун Афганстанга көмөк көрсөтүү боюнча миссиясында (МООНСА) башкы саясий кеңешчи;
2009- 2014 — БУУнун Афганстандагы атайын саясий миссиясынын саясий директору;
2014-жылы, ноябрь — Кыргызстанга кайтып келип, коомдук ишмердүүлүк менен алектенген;
2021-жыл, июль — Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары.
Тышкы саясат, эл аралык жана аймактык коопсуздук багытында изилдөө-талдоо иштерин жүргүзүп келет. Дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүндөгү илимий-практикалык конференцияларда эксперт катары катышат.
Афганстандын жана Борбордук Азиянын тарыхы, адабият таануусу жана саясий турмушу боюнча орус жана англис тилдеринде илимий макалалары жарык көргөн.
Үй-бүлөлүү, эки уул, бир кыздын атасы.
