Бишкектеги ЖККУ саммити кандай өттү. Президенттердин жолугушуусунан 16 сүрөт
Бишкектеги ЖККУ саммити кандай өттү. Президенттердин жолугушуусунан 16 сүрөт
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте Россия, Беларусь, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстандын президенттеринин катышуусунда ЖККУнун саммити өттү. Иш-чара кандай болгонун Sputnik... 27.11.2025, Sputnik Кыргызстан
Уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары эл аралык жана аймактык коопсуздук маселесин кенен талкуулап, жыл ичиндеги иштин жыйынтыгын чыгарышты. Жыйынга Кыргызстандын президенти төрагалык кылды.Тема боюнча:
кыргызстан, бишкек, жкку, жыйын, александр лукашенко, эмомали рахмон, владимир путин, касым-жомарт токаев, садыр жапаров, россия, фото, сүрөт, сүрөт түрмөк
кыргызстан, бишкек, жкку, жыйын, александр лукашенко, эмомали рахмон, владимир путин, касым-жомарт токаев, садыр жапаров, россия, фото, сүрөт, сүрөт түрмөк
Бишкектеги ЖККУ саммити кандай өттү. Президенттердин жолугушуусунан 16 сүрөт
Бишкекте Россия, Беларусь, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстандын президенттеринин катышуусунда ЖККУнун саммити өттү. Иш-чара кандай болгонун Sputnik даярдаган сүрөт түрмөктөн көрүңүз.
Уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары эл аралык жана аймактык коопсуздук маселесин кенен талкуулап, жыл ичиндеги иштин жыйынтыгын чыгарышты. Жыйынга Кыргызстандын президенти төрагалык кылды.
"Ала-Арча" резиденциясындагы этнографиялык комплекс. Бул жерде президенттерге кыргыз элинин салттуу турмуш-тиричилигинин жана маданиятынын элементтери көрсөтүлдү.
Владимир Путин "Кыргыз айылын" кыдырганда комуз черткенге аракет кылды. Ал эми аэропорттон көчмөндөрдүн турак жайы тууралуу угуп жатканда боз үйү бар экенин айтты.
Владимир Путин менен Садыр Жапаров ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларын тосуп алуу аземинде. Россия лидерин унаадан түшкөндө КР ТИМ башчысы тосуп алды.
Россия лидери Владимир Путин, Беларустун коргоо министри Виктор Хренин жана РФтин коргоо министри Андрей Белоусов ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кеңейтилген курамдагы отурумунан кийин
Садыр Жапаров ЖККУнун баш катчысы кызматынан кетип жаткан Имангали Тасмагамбетовго уюмдун Ардак белгисин тапшырды. Ал анын жемиштүү эмгегин жана уюмдун өнүгүшүнө кошкон зор салымын белгиледи. 1-январдан тарта бул кызматка Кыргызстандын өкүлү Таалатбек Масадыков дайындалат.