https://sputnik.kg/20251125/aysuluunu-olturgon-kishinin-zhazasyn-zhenildetkender-kamaldy-1098099796.html
Айсулууну өлтүргөнгө шектүү кишинин жазасын жеңилдеткен соттор камалды. Чоо-жайы
Айсулууну өлтүргөнгө шектүү кишинин жазасын жеңилдеткен соттор камалды. Чоо-жайы
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. 17 жаштагы Айсулууну өлтүрүүгө шектүү Кумарбек Абдыровду буга чейинки кылмыштары үчүн жазасын жеңилдетти делген үч судья камакка... 25.11.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-11-25T19:49+0600
2025-11-25T19:49+0600
2025-11-26T09:10+0600
кыргызстан
судья
соттор кеңеши
кумарбек абдыров
коррупция
https://sputnik.kg/img/07e6/09/1a/1068317831_0:0:3009:1694_1920x0_80_0_0_c11b919d6de62fe4e39823ee6c55255f.jpg
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. 17 жаштагы Айсулууну өлтүрүүгө шектүү Кумарбек Абдыровду буга чейинки кылмыштары үчүн жазасын жеңилдетти делген үч судья камакка алынды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту чыгарганын ИИМден кабарлашты. Буга чейин Башкы прокуратура Б.С.И., Ж.М. жана А.К.К. деген үч сотту жоопко тартуу боюнча Соттор кеңешине кайрылып, аталган орган буга уруксат берген. Учурда аларга Кылмыш-жаза кодексинин 336 ("Коррупция") жана 352-беренелеринде ("Сот адилеттигине жатпаган өкүмдү же башка соттук актыны чыгаруу") каралган кылмыштарды жасоо боюнча айыбы угузулган. Прокурор Д.Мга карата аталган кодекстин 336-беренеси ("Коррупция") боюнча кылмыштарды жасаган деп айып тагылды. Айсулуу өлтүрүлгөн кабар 2025-жылдын күз айларында бүтүндөй өлкөнү дүрбөлөңгө салды. Милиция кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин натыйжасында кылмышкер кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө анын көптөгөн кылмыштарга катыштыгы бар экендиги аныкталган. Ал бир нече жаш кыздын өлүмү мойнунда экенин айтып, алардын сөөгүн Бишкектин сыртындагы ээн жерлерге катып жүргөнүн билдирген. "Иликтөө учурунда кылмыштардын учугу 2015-жылы эле токтотулушу мүмкүн экендиги белгилүү болду. Ал жылы К.А. 21 жаштагы кызды өлтүрүүгө аракет кылганы үчүн кармалып, күнөөсү толугу менен далилденген. Октябрь райондук соту аны 12 жылга эркинен ажыраткан. Бирок 2016-жылы Бишкек шаардык сотунун судьялары С.Б., Ж.М. жана К.А., ошондой эле прокурор Д.М. жана жактоочу С.Жнын ортомчулугу менен Жаза-процессуалдык кодексинин нормаларын бузуп, жаза мөөнөтүн жеңилдетишкен. Натыйжада кылмышкер үч жылдан кийин боштондукка чыгып, кандуу аракетин уланткан", — деп ИИМ билдирди. 2025-жылдын күз айларында шектүү жана анын жакын туугандары жасаган оор кылмышы үчүн тийиштүү жазадан кутулууга мүмкүндүк берген коррупциялык схеманын бардык жагдайларын толук ачып, кеңири маалымат беришкен.
https://sputnik.kg/20251122/kylmysh-iim-sot-para-korruptsiya-1098037197.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/09/1a/1068317831_278:0:3009:2048_1920x0_80_0_0_c18e92761785483b1724da90c20869b0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, судья, соттор кеңеши, кумарбек абдыров, коррупция
кыргызстан, судья, соттор кеңеши, кумарбек абдыров, коррупция
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. 17 жаштагы Айсулууну өлтүрүүгө шектүү Кумарбек Абдыровду буга чейинки кылмыштары үчүн жазасын жеңилдетти делген үч судья камакка алынды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту чыгарганын ИИМден кабарлашты.
Буга чейин Башкы прокуратура Б.С.И., Ж.М. жана А.К.К. деген үч сотту жоопко тартуу боюнча Соттор кеңешине кайрылып, аталган орган буга уруксат берген.
Учурда аларга Кылмыш-жаза кодексинин 336 ("Коррупция") жана 352-беренелеринде ("Сот адилеттигине жатпаган өкүмдү же башка соттук актыны чыгаруу") каралган кылмыштарды жасоо боюнча айыбы угузулган.
Прокурор Д.Мга карата аталган кодекстин 336-беренеси ("Коррупция") боюнча кылмыштарды жасаган деп айып тагылды.
"Биринчи май райондук сотунун чечими менен айыпталуучуларга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды. Демек, сот системасындагы коррупциялык көрүнүштөр Айсулуунун жана башка жабырлануучулардын кайгылуу өлүмүнө түздөн-түз себеп болгон", — деп айтылган ИИМдин маалыматында
Айсулуу
өлтүрүлгөн кабар 2025-жылдын күз айларында бүтүндөй өлкөнү дүрбөлөңгө салды. Милиция кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин натыйжасында кылмышкер кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө анын көптөгөн кылмыштарга катыштыгы бар экендиги аныкталган. Ал бир нече жаш кыздын өлүмү мойнунда экенин айтып, алардын сөөгүн Бишкектин сыртындагы ээн жерлерге катып жүргөнүн билдирген.
"Иликтөө учурунда кылмыштардын учугу 2015-жылы эле токтотулушу мүмкүн экендиги белгилүү болду. Ал жылы К.А. 21 жаштагы кызды өлтүрүүгө аракет кылганы үчүн кармалып, күнөөсү толугу менен далилденген. Октябрь райондук соту аны 12 жылга эркинен ажыраткан. Бирок 2016-жылы Бишкек шаардык сотунун судьялары С.Б., Ж.М. жана К.А., ошондой эле прокурор Д.М. жана жактоочу С.Жнын ортомчулугу менен Жаза-процессуалдык кодексинин нормаларын бузуп, жаза мөөнөтүн жеңилдетишкен. Натыйжада кылмышкер үч жылдан кийин боштондукка чыгып, кандуу аракетин уланткан", — деп ИИМ билдирди.
2025-жылдын күз айларында шектүү жана анын жакын туугандары жасаган оор кылмышы үчүн тийиштүү жазадан кутулууга мүмкүндүк берген коррупциялык схеманын бардык жагдайларын толук ачып, кеңири маалымат беришкен.