00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Үйдү туура жылуулоо менен электр энергиясын канча пайызга үнөмдөсө болот?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Россиянын президентти Владимир Путин Кыргзстанга келди. Аны эл аралык "Манас" аба майданынан президент Садыр Жапаров тосуп алды. Путин бул сапар ири делегация менен келди. Алардын арасында мамлекеттик кызматкерлерден сырткары ишкерлер да бар. Алар алгач "Жеңиш" аянтындагы Өчпөс отко гүл коюп, андан соң президенттер "Ала-Арча" резиденциясында бейрасмий форматта баарлашат. Расмий сапар 27-ноябрга чейин уланат.
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн 30-ноябрга дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого дагы 18 эл аралык байкоочуну аккредитациялады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Венгриянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү байкоочу катары катталган. Ошону менен бүгүнкү күнгө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого жалпысынан 788 эл аралык байкоочу аккредитацияланды.
Өлкөдө өтүп жаткан мамлекеттик маанидеги иш-чараларга байланыштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө. Мекемеден маалымдашкандай, кызматкерлер коомдук коопсуздукту камсыздоо, жол кыймылын жөнгө салуу жана жолдордо тартипти сактоо иш-чараларын жүргүзүп жатышат. Мындан тышкары, чоң жолдордо туура эмес токтотулган унааларды алуу иштери да активдүү жүргүзүлүп жатат.
Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) төрагасынын орун басары Нурлан Сарчаев башында турган делегация "Кылмыш, жаза, оңолуу" аталышындагы VII эл аралык пенитенциардык форумга катышты. Иш-чара Россиянын Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматына (ФАМК) караштуу академиянын базасында Рязань шаарында өттү. Форум бүгүнкү күндүн тенденциясына жана кылмыш-жаза системасынын өнүгүүсүнө арналган ири эл аралык аянтча болуп саналат. Форум үч күнгө созулуп, анын алкагында пленардык жыйындар, эл аралык жана бүткүл россиялык илимий конференциялар, тегерек столдор, талкуулар жана тематикалык лекциялар болду.
АКШ президент Дональд Трамптын чечими менен Украинаны каржылоону токтотуп, бирок НАТОго курал сатууну улантып келет. Бул туурасында Ак үйдүн өкүлү Каролин Левитт айтканын РИА Новости жазды. Буга чейин Трамптын АКШ Украинаны каржылабай тургандыгын, бирок НАТО аркылуу берген куралдарына акча аларын бир нече ирет айткан жайы бар. "Трамп бул согушту каржылоону токтотту, бирок Кошмо Штаттар НАТОго куралдарды мурдагысындай эле арбын сатууда", — деп Левин журналисттерге айткан. /// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 100 сом 82 тыйынга рубль 1 сом 10 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин литри 76 сом 40 тыйындан баштап сатылууда Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 81 сом 40 тыйындан жогору дизель майы литрине 80 сом сом 90 тыйындан тарта бааланса, унаа газынын литри 38 сом 50 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ 26-ноябрга караган караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Шаршембиде республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +15...+20, Талас аймагында +14...+19, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +15...+20, Ысык-Көлдө +6...+11, Нарын өрөөнүндө +5...+10 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада +18…+20, Ош шаарында +16...+18 градуска көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0