00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Ишкердикти өнүктүрүү фонду аял ишкерлерге жеңилдетилген насыяларды бере баштады. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти. Маалыматка ылайык, насыяны өндүрүш жана кызмат көрсөтүү тармактарында иштеген аял ишкерлер, ошондой эле үлүш ээлеринин кеминде 50%ы аялдар болгон юридикалык жактар ала алышат. Бул насыя аймактардагы аял ишкерлерге жеткиликтүү Насыя алууга керектүү документтер булар: жеке жактарда ишмердүүлүк патенти же ишкер катары каттоодон өткөнүн тастыктаган күбөлүк болушу керек; юридикалык жактарда — мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк талап кылынат. Насыянын мөөнөтү үч жылга чейин, суммасы 50 миң сомдон 3 млн сомго чейин берилет. Мөөнөттүү жеңилдик каралган. Бул аялдар ишкердигин өнүктүрүүну коздөгөн насыяга Азия өнүктүрүү банкы жалпы 22 млн сом бөлгөн.
Эми айдоочулук күбөлүктү “Түндүк” тиркемеси аркылуу аралыктан алмаштырса болот. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында, санариптик кызмат жарандардын убактысын үнөмдөп, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү процессин дагы да ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылат. “Карапайым жарандар үйүнөн чыкпай туруп эле бардык керектүү мамлекеттик кызматтарды ала турган деңгээлге жетишибиз зарыл. Санариптештирүү бул бюрократияны кыскартуу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү эл үчүн мүмкүн болушунча ыңгайлуу деңгээлге чыгаруунун негизги жолу болуп саналат. Эми жарандар үйдөн чыкпай эле айдоочулукту күбөлүктү алмаштырып, “Унаада” да кезек күткөн жарандар азайды”,-деди ал. Ошондой эле ал 2–3 иш күн ичинде жаңы айдоочулук күбөлүк даяр болорун кошумчалады.
Ош шаарында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин "Атам жөнүндө баян" аттуу китебинин бет ачары өттү. Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, Казакстандын маданият жана маалымат министри Аида Балаева, Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскарали Мадаминов катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Казакстандын президенти тарабынан II даражадагы "Достык" ордени менен сыйланды. Сыйлыкты Аида Балаева тапшырып, мэрге элдин достугун даңазалоодо Ош шаарында жасалган иштери үчүн ыраазычылыгын билдирди. Мындан тышкары, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин китебинин негизинде тартылган "Бауыр" аттуу даректүү тасма көрсөтүлдү.
Украина Куралдуу күчтөрү өткөн түнү Россиянын түштүк аймагына учкучсуз учуучу аппараттар менен ири чабуул койду. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. Маалыматта соккуга Ростов облусу менен Краснодар крайы кабылганы айтылат. Мындан Таганрог шаары катуу жабыркады. Губернатордун айтымында, чабуулдан үч киши каза таап, 10 адам жаракат алган. Көп кабаттуу эки үй, бир турак жай, колледж, бала бакча жана эки өнөр жай ишканасы бузулган. Краснодарда дрондун сыныгы турак жайга түшкөн. Алты тургун жабыркап, 20дай турак үй талкаланган. Новороссийскиде төрт киши жаракат алганы айтылды. Шаарда убактылуу баш калкалоочу жайлар ачылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0