https://sputnik.kg/20251125/1098089974.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик органдарга коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кызматы кирет. Президенттин бул тууралуу жарлыгы "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды. Ага... 25.11.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-11-25T13:00+0600
2025-11-25T13:00+0600
2025-11-25T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/19/1098089808_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_733044a632ec238d9c1e35cf0e1ae024.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик органдарга коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кызматы кирет. Президенттин бул тууралуу жарлыгы "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды. Ага ылайык, кызмат 2026-жылдан баштап УКМК, Соцфонд жана башка атайын органдардан башка бардык министрлик жана ведомстволорго киргизилет. Ыйгарым укуктуу өкүл Башкы прокуратурага баш ийип, ар бир мекемеде профилактикалык көзөмөл жүргүзүп турат. Жаңы кызматкер үчүн кабинет, техника жана документтик системага жеткиликтүүлүктү тиешелүү мекемелер камсыздамакчы.
Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасына бир күндө 421 бейтап кайрылып, анын 163ү жаткырылды. Бул тууралуу аталган оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев Sputnik агенттигине билдирди. Анын айтымында, ооруканада жылдагыдай эле кошумча керебеттер даярдалган. "Келгендерди "орун жок" деп кайра жөнөткөн жокпуз. Жылдагыдай эле кошумча керебеттер даярдалган. Чынында кезек көп. Анткени балдарды ата-энеси же башка туугандары алып келет. 10-15 бала болсо, коштоочулар менен 30дан ашып, коридорлордо киши көп көрүнүүдө. Биз биринчи кезекте дене табы көтөрүлүп, калтырак баскан же дем алуусу кыйындаган балдарды кабыл алабыз", — деди Аалиев.Дарыгер жөн эле консультация үчүн келип, көрүнүп кетели дегендер да көп экенин белгиледи. Анын айтымында, мындай бейтаптар өз аймагындагы медициналык жайларга кайрыла алат. Эскерте кетсек, буга чейин саламаттык сактоо министри ооруканаларды кыдырып, сезондук сасык тумоонун күчөгөн учуру адатта декабрь айына туура келерин, министрлик стационарлардын жүгүн жеңилдетүү үчүн кошумча чараларды көрүп жатканын билдирген.
Бишкекте Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы "Маяк" аталышындагы профилактикалык рейд жүргүзүүүдө. Анын алкагында борбор калаанын көчөлөрүнөн тез жардам машинасы өтүп, артынан патрулдук милиция коштоп жүрөт. Максаты — дароо өткөрүлүшү керек болгон атайын унааларга айдоочулардын реакциясын текшерүү. "Атайын жарыктары жана сигналдары иштеп келе жаткан Тез жардам кызматына жол бошотуп бербеген автоунаалар дароо токтотулууда. Ошондой эле жеринде тийиштүү протокол түзүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат", — дешти милициядан. Рейддин алкагында салынган айып пулдун суммасы 140 миң сомдон ашты.
Россиянын Кыргызстандагы базасы коопсуздукту камсыздоодо маанилүү ролду ойнойт. Бул тууралуу Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турган сапарына байланыштуу Кремлдин маалымат кызматы жарыялаган материалда айтылган. “Россия — Кыргызстандын коргонууну бекемдөөдөгү негизги өнөктөшү. Кыргызстандын аскердик күчтөрү менен биргеликте Россиянын аскер базасы өлкөнүн, ошондой эле ЖККУга мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна олуттуу салым кошууда”, — деп жазылган маалыматта. Эске салсак, Россиянын лидери Владимир Путин 25-ноябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Ал 27-ноябрда жыйынтыкталат.
Мамлекеттик органдарга коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кызматы кирет. Президенттин бул тууралуу жарлыгы "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды. Ага ылайык, кызмат 2026-жылдан баштап УКМК, Соцфонд жана башка атайын органдардан башка бардык министрлик жана ведомстволорго киргизилет. Ыйгарым укуктуу өкүл Башкы прокуратурага баш ийип, ар бир мекемеде профилактикалык көзөмөл жүргүзүп турат. Жаңы кызматкер үчүн кабинет, техника жана документтик системага жеткиликтүүлүктү тиешелүү мекемелер камсыздамакчы.Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасына бир күндө 421 бейтап кайрылып, анын 163ү жаткырылды. Бул тууралуу аталган оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев Sputnik агенттигине билдирди. Анын айтымында, ооруканада жылдагыдай эле кошумча керебеттер даярдалган. "Келгендерди "орун жок" деп кайра жөнөткөн жокпуз. Жылдагыдай эле кошумча керебеттер даярдалган. Чынында кезек көп. Анткени балдарды ата-энеси же башка туугандары алып келет. 10-15 бала болсо, коштоочулар менен 30дан ашып, коридорлордо киши көп көрүнүүдө. Биз биринчи кезекте дене табы көтөрүлүп, калтырак баскан же дем алуусу кыйындаган балдарды кабыл алабыз", — деди Аалиев.Дарыгер жөн эле консультация үчүн келип, көрүнүп кетели дегендер да көп экенин белгиледи. Анын айтымында, мындай бейтаптар өз аймагындагы медициналык жайларга кайрыла алат. Эскерте кетсек, буга чейин саламаттык сактоо министри ооруканаларды кыдырып, сезондук сасык тумоонун күчөгөн учуру адатта декабрь айына туура келерин, министрлик стационарлардын жүгүн жеңилдетүү үчүн кошумча чараларды көрүп жатканын билдирген.Бишкекте Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы "Маяк" аталышындагы профилактикалык рейд жүргүзүүүдө. Анын алкагында борбор калаанын көчөлөрүнөн тез жардам машинасы өтүп, артынан патрулдук милиция коштоп жүрөт. Максаты — дароо өткөрүлүшү керек болгон атайын унааларга айдоочулардын реакциясын текшерүү. "Атайын жарыктары жана сигналдары иштеп келе жаткан Тез жардам кызматына жол бошотуп бербеген автоунаалар дароо токтотулууда. Ошондой эле жеринде тийиштүү протокол түзүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат", — дешти милициядан. Рейддин алкагында салынган айып пулдун суммасы 140 миң сомдон ашты.Россиянын Кыргызстандагы базасы коопсуздукту камсыздоодо маанилүү ролду ойнойт. Бул тууралуу Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турган сапарына байланыштуу Кремлдин маалымат кызматы жарыялаган материалда айтылган. “Россия — Кыргызстандын коргонууну бекемдөөдөгү негизги өнөктөшү. Кыргызстандын аскердик күчтөрү менен биргеликте Россиянын аскер базасы өлкөнүн, ошондой эле ЖККУга мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна олуттуу салым кошууда”, — деп жазылган маалыматта. Эске салсак, Россиянын лидери Владимир Путин 25-ноябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Ал 27-ноябрда жыйынтыкталат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/19/1098089808_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_2ed98b06720041a1b6f238cc34998c05.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио