00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как работает память и что делать, чтобы её не потерять- беседа с неврологом
14:05
60 мин
Ачык кеп
ВПЧга каршы эмдөө — жатын моюнчасынын рагынан коргонуунун ишенимдүү жолу
15:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От Сталинградской битвы - к воспитанию молодёжи: Ширин Костюк о роли журналистики
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Санариптешүү доорунда жакындарга кантип сапаттуу көңүл бура алабыз?
17:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Количество или качество: чего не хватает туризму Кыргызстана
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Согуш талаасында баатырларча курман болгон Советтер Союзунун Баатыры Манзус Ванахун
19:06
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Регулировать рынок или конкуренцию: разбираемся в инициативе Минэкономики
20:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ВПЧга каршы эмдөө — жатын моюнчасынын рагынан коргонуунун ишенимдүү жолу
21:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Европа Трамптын Украинага жардамын токтоторуна даярданып жатат

© Sputnik / Алексей ВитвицкийЕвропа Биримдигинин символдору түшүрүлгөн желектер. Архив
Европа Биримдигинин символдору түшүрүлгөн желектер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Европа АКШ президенти Дональд Трамптын Киевди колдоону токтоторуна даярданып жатканын Financial Times европалык аткаминерге таянуу менен жазды.
"Бул биз даярданып жаткан сценарий сыяктуу болуп калды", — деген басылманын маектеши.
Washington Post буга чейин өзүнүн маалымат булактарына таянуу менен эгер Украина Вашингтон сунуштап жаткан тынчтык планына макул болбосо, аскердик колдоо токтой турганын кыйытууда жеп жазган. Британиянын Guardian басылмасы АКШ Киевди келишимди кабыл алууга мажбурлап жатканын, болбосо кийинки макулдашуунун шарты кыйла катаал болорун эскерткенин билдирген болчу.
Ал арада АКШ президенти кечээ Украинанын бийлигин жакшылыкты билбегендер деп сыпаттап, "жетекчилик" деген сөздү тырмакчага алып койгон.

Украинадагы абалды жөнгө салуу планы

АКШ президентинин администрациясы тынчтык келишимин иштеп чыгып жатканын кабарлап, текстин чет элдик ЖМКлар жарыялаган.
Axios АКШ 28 пунктудан турган тынчтык планы боюнча Россия менен купуя сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатканын кабарлаган болчу. Сунушта тынчтык орнотуу, Украинага кепилдик, Европадагы коопсуздук жана АКШнын тирешкен эки тарап менен мамилеси сыяктуу төрт бөлүк камтылган.
Кечээ Женевада Европа, АКШ жана Украинанын өкүлдөрү жолугуп, планга Европа жана украин тараптын кошумчалай турган сунуштары талкууланган. Reuters агенттигинин маалыматы боюнча, Улуу Британия, Франция жана Германиянын планга киргизе турган толуктоосунда НАТО Украинага аскерин киргизбейт деген пунктуга "тынчтык мезгилде" дегени камтылган. Мындан тышкары, анда Крым менен Донбассты Россиянын аймагы деп таануу тууралуу эч нерсе айтылган эмес.
Европалыктар сунуштаган толуктоодо төмөнкүлөр бар:
тынч учурда Украина Куралдуу күчтөрүнүн санын 800 миң кишиден ашырбоо (америкалык планда 600 миң);
Киевге АКШнын коопсуздук кепилдигин НАТО уставынын 5-беренесине ылайык берүү;
Украинага ЕБге кирүү жана НАТО мүчөлөрүнүн баарынын макулдугу менен альянска кошулуу укуктарын берүү (АКШ планында Украинанын НАТОго кирбей турганы Конституция менен бекитилмек);
украин инфраструктурасын жалпылап калыбына келтирүү, мында россиялык тоңдурулган активдерди тартуу менен "финансылык компенсация" да каралган;
Россия экономикасын акырындап дүйнөлүк экономикага аралаштыруу, санкцияларды этабы менен алуу, келечекте "Чоң сегиздикке" кошуу;
Россиянын Украина менен Европа мамлекеттерине кол салбай турганын мыйзам чегинде бекитүү;
Украинанын Өзөктүк куралду жайылтпоо боюнча келишимдин алкагында өзөксүз макамы;
Запорожье АЭСин МАГАТЭнин көзөмөлү менен ишке киргизүү, анын генерациясын Россия менен Украинага тең бөлүү;
кагылышуу жүрүп жаткан жерден аймак алмашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
Украина үчүн коммерциялык максатта Днепрден тоскоолдуксуз өтүү;
туткундарды жана өлгөндөрдүн сөөгүн алмашуу;
макулдашууга кол коюлгандан кийин "тез арада" президенттик шайлоо өткөрүү (АКШ планында шайлоо 100 күн ичинде өтөрү так көрсөтүлгөн).
Украинанын Москвадагы элчилиги, желеги алынган учур - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2025
Батышта Киевди колдоо иш жүзүндө башкача экенин айтышты
Жаңылыктар түрмөгү
0