https://sputnik.kg/20251124/rossiya-okuu-zhay-kvota-beret-1098061394.html
Россия кыргызстандыктарга ЖОЖдордон 700 акысыз орун берет
Россия кыргызстандыктарга ЖОЖдордон 700 акысыз орун берет
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Россия кыргызстандыктарга стипендия жана жатакана менен камсыздаган жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн бюджеттик 700 орун берет... 24.11.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-11-24T13:51+0600
2025-11-24T13:51+0600
2025-11-24T15:07+0600
кыргызстан
россия
окуу
русский дом
билим берүү
пресс-борбор
альберт зульхарнеев
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/18/1098064405_306:494:3067:2047_1920x0_80_0_0_73ed967d110c0ae2d353caf6a5513233.jpg
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Россия кыргызстандыктарга стипендия жана жатакана менен камсыздаган жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн бюджеттик 700 орун берет. Бул тууралуу Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев билдирди. Ал Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде сүйлөдү. Окууга арыздар 15-декабрга чейин сайт аркылуу кабыл алынат. Зульхарнеевдин айтымында, квота инженерия, медицина, педагогика, IT, чыгармачылык искусство, айыл чарба, укук, экономика жана башка багыттар боюнча бар. Программа боюнча орто мектепти бүтүргөндөр (бакалавр жана адистик даражасы үчүн), буга чейин жогорку билимге ээ болгон жана магистратурада, аспирантурада, ординатурада же ассистентурада окууну пландап жаткандар да кайрыла алышат. Зульхарнеев квота боюнча тапшыруунун бардык процесси, тагыраагы, консультациялардан баштап, кабыл алууга чейинки этаптар акысыз экенин белгиледи. Арыздар онлайн берилет. Абитуриент өзүнүн паспортунун жана башка документтеринин сканерлерин жүктөйт жана окуу тармагын тандайт. Бир катар артыкчылыктуу багыттар боюнча өзүнчө дагы орундар берилген. Мисалы, быйыл 30 орун чыгармачылык университеттерде (театр жана кино институттары, искусство академиялары) каралды. "Росатомдун" флагмандык университеттеринде өзөктүк физика жана технология, машина куруу, прикладдык геология, медициналык физика жана башка тармактар боюнча магистратурада 18 орун бар. Ал эми айыл чарба университеттеринде 16, финансылык чалгындоо (экономикалык жана маалыматтык коопсуздук, экономика жана юриспруденция боюнча программалар) линиясы боюнча 45 орун берилген. Квотага акысыз окуу, жатаканадан орун жана россиялык студенттер менен бирдей деңгээлдеги мамлекеттик стипендия кирет. Көптөгөн университеттерде спорттук жана билим берүү инфраструктурасы өнүккөн заманбап кампустар бар. Жашоо үчүн ыңгайлуу шарттарды каалагандар үчүн бир катар университеттер кошумча акы үчүн эки жана бир кишилик бөлмөлөрдү сунуштайт, баасы батир ижарасына салыштырмалуу кыйла арзан болот. Кыргызстандын жарандары Россияга киргенден кийин 30 күн ичинде каттоого турууга тийиш жана алгачкы үч айдын ичинде медициналык кароодон өтүп, манжа изин тапшырышы керек. Бул талаптар коопсуздукту камсыздоого багытталган жана алар аткарылса студенттердин өлкөдө калуусу үчүн көйгөй жаралбайт. Кабыл алуу боюнча консультациялар Бишкек жана Ош шаарларындагы "Русский домдо" өткөрүлөт. Борбор калаада талапкерлер үчүн жеке жана онлайн-жолугушуулар шейшемби жана бейшемби күндөрү саат 16:00дө, ишемби күндөрү саат 12:00дө өткөрүлөт.
https://sputnik.kg/20251123/chpu-kyrgyzstan-rossiya-mariya-zaharova-orus-tili-borbor-baldar-dostuk-1098048177.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/18/1098064405_643:455:2765:2047_1920x0_80_0_0_a1bce2354ff33f69a7479a0594ea4eef.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, окуу, русский дом, билим берүү, альберт зульхарнеев
кыргызстан, россия, окуу, русский дом, билим берүү, альберт зульхарнеев
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Россия кыргызстандыктарга стипендия жана жатакана менен камсыздаган жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн бюджеттик 700 орун берет. Бул тууралуу Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев билдирди.
Ал
Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде сүйлөдү.
Окууга арыздар 15-декабрга чейин
сайт аркылуу кабыл алынат.
Зульхарнеевдин айтымында, квота инженерия, медицина, педагогика, IT, чыгармачылык искусство, айыл чарба, укук, экономика жана башка багыттар боюнча бар. Программа боюнча орто мектепти бүтүргөндөр (бакалавр жана адистик даражасы үчүн), буга чейин жогорку билимге ээ болгон жана магистратурада, аспирантурада, ординатурада же ассистентурада окууну пландап жаткандар да кайрыла алышат.
Зульхарнеев квота боюнча тапшыруунун бардык процесси, тагыраагы, консультациялардан баштап, кабыл алууга чейинки этаптар акысыз экенин белгиледи. Арыздар онлайн берилет. Абитуриент өзүнүн паспортунун жана башка документтеринин сканерлерин жүктөйт жана окуу тармагын тандайт.
Бир катар артыкчылыктуу багыттар боюнча өзүнчө дагы орундар берилген. Мисалы, быйыл 30 орун чыгармачылык университеттерде (театр жана кино институттары, искусство академиялары) каралды. "Росатомдун" флагмандык университеттеринде өзөктүк физика жана технология, машина куруу, прикладдык геология, медициналык физика жана башка тармактар боюнча магистратурада 18 орун бар. Ал эми айыл чарба университеттеринде 16, финансылык чалгындоо (экономикалык жана маалыматтык коопсуздук, экономика жана юриспруденция боюнча программалар) линиясы боюнча 45 орун берилген.
Квотага акысыз окуу, жатаканадан орун жана россиялык студенттер менен бирдей деңгээлдеги мамлекеттик стипендия кирет. Көптөгөн университеттерде спорттук жана билим берүү инфраструктурасы өнүккөн заманбап кампустар бар. Жашоо үчүн ыңгайлуу шарттарды каалагандар үчүн бир катар университеттер кошумча акы үчүн эки жана бир кишилик бөлмөлөрдү сунуштайт, баасы батир ижарасына салыштырмалуу кыйла арзан болот.
Кыргызстандын жарандары Россияга киргенден кийин 30 күн ичинде каттоого турууга тийиш жана алгачкы үч айдын ичинде медициналык кароодон өтүп, манжа изин тапшырышы керек. Бул талаптар коопсуздукту камсыздоого багытталган жана алар аткарылса студенттердин өлкөдө калуусу үчүн көйгөй жаралбайт.
Кабыл алуу боюнча консультациялар Бишкек жана Ош шаарларындагы "Русский домдо" өткөрүлөт. Борбор калаада талапкерлер үчүн жеке жана онлайн-жолугушуулар шейшемби жана бейшемби күндөрү саат 16:00дө, ишемби күндөрү саат 12:00дө өткөрүлөт.