https://sputnik.kg/20251124/1098071675.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
ЖККУ саммити: "Ош" жана "Сары-Өзөн" базарлары үч күн иштебейтОшто 55 гектар жерди жеке жактарга берген деп "Кадастрдын" өкүлү кармалдыБайсалов Титов менен... 24.11.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-11-24T17:00+0600
2025-11-24T17:00+0600
2025-11-24T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/18/1098071509_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_e73b65be3474b0dde3736060a73da678.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
ЖККУ саммити: "Ош" жана "Сары-Өзөн" базарлары үч күн иштебейтОшто 55 гектар жерди жеке жактарга берген деп "Кадастрдын" өкүлү кармалдыБайсалов Титов менен кыргыз-орус кызматташуусун талкууладыАлдыда кененирээкМинистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов РФ президентинин администрациясынын стратегиялык өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча башкармалыгынын жетекчиси Вадим Титовду кабыл алды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.Байсалов Титовду кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын иши эки тараптуу кызматташуунун мындан ары да чыңдалышына өбөлгө болоруна ишенерин билдирди. Тараптар кыргыз-орус кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү маанилүү маселелерди жана анын келечегин, стратегиялык өз ара кызматташууну бекемдөөнү талкуулады. Андан сырткары, ведомстволор аралык байланыштарды кеңейтүү, социалдык-экономикалык жана гуманитардык чөйрөлөрдө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну да сүйлөшкөн.
Россиянын жогорку окуу жайларында Кыргызстандын 11 миң жараны билим алат. Бул тууралуу Россотрудничествонун республикалагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди. Анын айтымында, кыргызстандыктардын болжол менен жарымы бюджеттик, калганы келишимдик негизде окуйт. Зульхарнеев россиялык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандын экономикасынын түрдүү тармактарында маанилүү кызматтарды ээлей турганын белгиледи. "Өлкөнүн аллдыңы комапнияларында эмгектенген бүтүрүүчүлөрдү билебиз. Мисалы, "Кумтөр", "Жер-Үй" компанияларында иштеген техникалык адистерди айтсак болот. Өлкөнүн азыркы жетекчилигинде да россиялык университеттердин бүтүрүүчүлөрү бар", — деди ал. Россотрудничествонун өкүлү сапаттуу программалардан, ишке орношуу мүмкүнчүлүгүнөн жана эки элдин маданий жакындыгынан улам кыргызстандыктар арасында Россиядан билим алуунун актуалдуулугу күч экенине токтолду.
Бишкекте ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын боло турган жыйынына байланыштуу 25-27-ноябрь күндөрү "Ош" жана "Сары-Өзөн" базарлары иштебейт. Мэриянын маалымат кызматы бул ири иш-чарадан улам бир катар объектилер менен транспорттордун ишине чектөө киргизилерин айтты. Ошондой эле мектептер да эртеңден, тагыраагы, 25-ноябрдан баштап 2-декабрга чейин окутуунун онлайн форматына өтө турган болду. Андан мурдараак милициянын төрт миңден ашык кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштээри айтылган.
Нарын шаарына 11 автобус жана 12 атайын техника тапшырылды. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди. Маалыматка караганда, техника сатып алуу үчүн президенттин Турукташтыруу фондунан 230 миллион сом бөлүнгөн. "30 орундуу заманбап үлгүдөгү автобустар жакынкы күндөрү каттамга чыгат. Учурда бажылык тариздөө иштери аткарылууда", — деди мэрия. Техниканы тапшыруу салтанатына министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.
Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин Ош облусундагы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары кармалганын УКМК билдирди. Маалыматка караганда, ал жер тилкесин мыйзамсыз өткөрүп берүүгө жана трансформациялоого айыпталып жатат. "Тергөө учурунда шектүү бир нече кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алып, 55,36 гектар жер тилкесинин пайдалануу багытын өзгөртүп, жеке менчикке мамлекеттик акт түзүп бергени аныкталган", — деди атайын кызмат. Кармалган адам УКМКнын тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери уланууда.
ЖККУ саммити: "Ош" жана "Сары-Өзөн" базарлары үч күн иштебейтОшто 55 гектар жерди жеке жактарга берген деп "Кадастрдын" өкүлү кармалдыБайсалов Титов менен кыргыз-орус кызматташуусун талкууладыАлдыда кененирээкМинистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов РФ президентинин администрациясынын стратегиялык өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча башкармалыгынын жетекчиси Вадим Титовду кабыл алды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.Байсалов Титовду кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын иши эки тараптуу кызматташуунун мындан ары да чыңдалышына өбөлгө болоруна ишенерин билдирди. Тараптар кыргыз-орус кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү маанилүү маселелерди жана анын келечегин, стратегиялык өз ара кызматташууну бекемдөөнү талкуулады. Андан сырткары, ведомстволор аралык байланыштарды кеңейтүү, социалдык-экономикалык жана гуманитардык чөйрөлөрдө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну да сүйлөшкөн.Россиянын жогорку окуу жайларында Кыргызстандын 11 миң жараны билим алат. Бул тууралуу Россотрудничествонун республикалагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди. Анын айтымында, кыргызстандыктардын болжол менен жарымы бюджеттик, калганы келишимдик негизде окуйт. Зульхарнеев россиялык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандын экономикасынын түрдүү тармактарында маанилүү кызматтарды ээлей турганын белгиледи. "Өлкөнүн аллдыңы комапнияларында эмгектенген бүтүрүүчүлөрдү билебиз. Мисалы, "Кумтөр", "Жер-Үй" компанияларында иштеген техникалык адистерди айтсак болот. Өлкөнүн азыркы жетекчилигинде да россиялык университеттердин бүтүрүүчүлөрү бар", — деди ал. Россотрудничествонун өкүлү сапаттуу программалардан, ишке орношуу мүмкүнчүлүгүнөн жана эки элдин маданий жакындыгынан улам кыргызстандыктар арасында Россиядан билим алуунун актуалдуулугу күч экенине токтолду.Бишкекте ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын боло турган жыйынына байланыштуу 25-27-ноябрь күндөрү "Ош" жана "Сары-Өзөн" базарлары иштебейт. Мэриянын маалымат кызматы бул ири иш-чарадан улам бир катар объектилер менен транспорттордун ишине чектөө киргизилерин айтты. Ошондой эле мектептер да эртеңден, тагыраагы, 25-ноябрдан баштап 2-декабрга чейин окутуунун онлайн форматына өтө турган болду. Андан мурдараак милициянын төрт миңден ашык кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштээри айтылган.Нарын шаарына 11 автобус жана 12 атайын техника тапшырылды. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди. Маалыматка караганда, техника сатып алуу үчүн президенттин Турукташтыруу фондунан 230 миллион сом бөлүнгөн. "30 орундуу заманбап үлгүдөгү автобустар жакынкы күндөрү каттамга чыгат. Учурда бажылык тариздөө иштери аткарылууда", — деди мэрия. Техниканы тапшыруу салтанатына министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин Ош облусундагы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары кармалганын УКМК билдирди. Маалыматка караганда, ал жер тилкесин мыйзамсыз өткөрүп берүүгө жана трансформациялоого айыпталып жатат. "Тергөө учурунда шектүү бир нече кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алып, 55,36 гектар жер тилкесинин пайдалануу багытын өзгөртүп, жеке менчикке мамлекеттик акт түзүп бергени аныкталган", — деди атайын кызмат. Кармалган адам УКМКнын тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери уланууда.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/18/1098071509_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_28f6c7d88784fa92481003a5e6b398ee.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио