https://sputnik.kg/20251123/kyrgyzstanda-nomad-telekanaly-ishin-rasmiy-bashtady-1098051574.html
Кыргызстанда NOMAD телеканалы ишин расмий баштады. Видео
Кыргызстанда NOMAD телеканалы ишин расмий баштады. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда NOMAD телеканалы ишин расмий баштап, каналды ачуу салтанаты Бишкекте Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет... 23.11.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-11-23T21:44+0600
2025-11-23T21:44+0600
2025-11-24T17:35+0600
кыргызстан
россия
эдил байсалов
мария захарова
"номад-тв" телеканалы
видео
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/17/1098051203_0:0:2560:1440_1920x0_80_0_0_d6125425a83c0719a07475a2fe25bdc0.jpg
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда NOMAD телеканалы ишин расмий баштап, каналды ачуу салтанаты Бишкекте Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында болду. Бул кыргыз-орус биргелешкен долбоору жана Кыргызстандын мамлекеттик каналдары менен кызматташып, НТВнин программаларын алып көрсөтөт. Иш-чарага катышкан министрлер кабинетинин төрагасы Эдил Байсалов маалымат мейкиндигин жаңы өң-түс, жаңы дем менен толукташ үчүн кесипкөй телеканал жетишпей жаткан деген пикирин айтты. Россия президентинин администрациясынын стратегиялык өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча башкармалыгынын башчысы Вадим Титов NOMAD телеканалы өз ара урмат-сыйга жана ишенимге негизделген дагы бир достук көпүрөсүнө айланарына ишеним артты. "Эки элди достук жана коңшулук алака түбөлүк байланыштырып турат. Бул жаңы нерселерди жаратууга, өнүгүүгө, экономика, билим берүү, маданият жана маалымат тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет”, — деди ал. Ал эми РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова бул медиаресурс өлкөлөрдү дагы жакындатат деген оюн билдирди. "Бул чындыгында биздин мамлекеттерди медиатармакта жакындата турган маанилүү окуя. Технологиялык прогресстин таасиринде маалымат мейкиндиги тездик менен өзгөрүп жаткан шартта, аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги маанилүү маселелерди ыкчам, калыс чагылдырып туруучу эле эмес, аналитикалык программалары бар, эки тараптуу кызматташтыкка арналган даректүү тасмалар көрсөтүлө турган өзгөчө платформа пайда болууда", — деди дипломат. Маданият министри Мирбек Мамбеталиев NOMAD каналынын ишке кириши адамдарды бириктирүүгө жана өлкөнүн маданий мурасын жайылтууга кызмат кыла турган жаңы аянтча түзөрүн айтты. Ал канал кыргыз маданияты, тарыхы жана заманбап өнүгүүсү тууралуу көрөрмандарга сапаттуу жана мазмундуу контент сунуштаарына ишенимин билдирди.
https://sputnik.kg/20251104/nomad-pikseldik-studiya-aytyp-berdi-1097623551.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/17/1098051203_320:0:2240:1440_1920x0_80_0_0_1a1ea730149bfc1fc9311ad72b1685fb.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, эдил байсалов , мария захарова, "номад-тв" телеканалы, видео
кыргызстан, россия, эдил байсалов , мария захарова, "номад-тв" телеканалы, видео
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда NOMAD телеканалы ишин расмий баштап, каналды ачуу салтанаты Бишкекте Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында болду.
Бул кыргыз-орус биргелешкен долбоору жана Кыргызстандын мамлекеттик каналдары менен кызматташып, НТВнин программаларын алып көрсөтөт.
Иш-чарага катышкан министрлер кабинетинин төрагасы Эдил Байсалов маалымат мейкиндигин жаңы өң-түс, жаңы дем менен толукташ үчүн кесипкөй телеканал жетишпей жаткан деген пикирин айтты.
"Балким кимдир бирөө муну жактырат, кимдир бирөө жактырбайттыр, бирок буга чейин да интервьюда бүгүн Кыргызстан орус дүйнөсүнүн бир бөлүгү экенин айткан элем. Баарыбыз маалыматты орус тилинде кабыл алабыз, көпчүлүгүбүз орусча ойлойбуз, орус адабияты менен тарбияландык. Кимдир бирөө биздин тазаланып, тарбиялык иш жүргүзүшүбүздү каалашы мүмкүн… Ал эми мен, мисалы, ушул орус дүйнөсүнүн бир бөлүгү болгонума абдан кубанам", — деди Байсалов.
Россия президентинин администрациясынын стратегиялык өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча башкармалыгынын башчысы Вадим Титов NOMAD телеканалы өз ара урмат-сыйга жана ишенимге негизделген дагы бир достук көпүрөсүнө айланарына ишеним артты.
"Эки элди достук жана коңшулук алака түбөлүк байланыштырып турат. Бул жаңы нерселерди жаратууга, өнүгүүгө, экономика, билим берүү, маданият жана маалымат тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет”, — деди ал.
Ал эми РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова бул медиаресурс өлкөлөрдү дагы жакындатат деген оюн билдирди.
"Бул чындыгында биздин мамлекеттерди медиатармакта жакындата турган маанилүү окуя. Технологиялык прогресстин таасиринде маалымат мейкиндиги тездик менен өзгөрүп жаткан шартта, аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги маанилүү маселелерди ыкчам, калыс чагылдырып туруучу эле эмес, аналитикалык программалары бар, эки тараптуу кызматташтыкка арналган даректүү тасмалар көрсөтүлө турган өзгөчө платформа пайда болууда", — деди дипломат.
Маданият министри Мирбек Мамбеталиев NOMAD каналынын ишке кириши адамдарды бириктирүүгө жана өлкөнүн маданий мурасын жайылтууга кызмат кыла турган жаңы аянтча түзөрүн айтты. Ал канал кыргыз маданияты, тарыхы жана заманбап өнүгүүсү тууралуу көрөрмандарга сапаттуу жана мазмундуу контент сунуштаарына ишенимин билдирди.