https://sputnik.kg/20251123/aksh-maduronu-biylikten-kulatuuga-araket-kylat-1098044549.html
ЖМК: АКШ жакынкы күндөрү Мадурону бийликтен кулатууга аракет жасашы мүмкүн
ЖМК: АКШ жакынкы күндөрү Мадурону бийликтен кулатууга аракет жасашы мүмкүн
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. АКШ Венесуэлага каршы операциялардын жаңы этабын жакынкы күндөрдө баштоого даярданууда, анда өлкөнүн президенти Николас Мадуро... 23.11.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-11-23T13:56+0600
2025-11-23T13:56+0600
2025-11-23T13:56+0600
дүйнөдө
америка
венесуэла
операция
баңгизат
https://sputnik.kg/img/07e9/05/01/1093703406_0:321:3071:2048_1920x0_80_0_0_5a9752f16ba4969ea9f5b2199c9646a0.jpg
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. АКШ Венесуэлага каршы операциялардын жаңы этабын жакынкы күндөрдө баштоого даярданууда, анда өлкөнүн президенти Николас Мадуро тактан кулатылышы да мүмкүн. Бул тууралуу Рейтер америкалык аткаминерлердин айткандарына таянып жазганын РИА Новости агенттиги билдирди. Агенттиктин атын ачыктагысы келбеген маектештеринин айтымында, АКШнын жашыруун операциялары Мадурого каршы, анын ичинде Венесуэла лидерин бийликтен кулатуу аракети да болушу ыктымал. Ошол эле учурда макалада масштабдуу операциялардын боло турган күнү так айтылган эмес. Ошондой эле АКШ лидери Дональд Трамп буга карата аракеттерди көрүү боюнча чечим кабыл алдыбы же жокпу, маалымат жок. New York Times гезити маалымат булактарына таянып, Трамп ЦРУнун Венесуэлада жашыруун операцияларды өткөрүү боюнча планын бекиткенин, ал нерсе АКШнын аскердик аракеттерди жасоого даярдыгы болушу мүмкүн экенин жазган. АКШ менен Венесуэланын ортосундагы мамиленин курчушу АКШ акыркы эки айда Кариб деңизинде баңгизат ташыйт деп эсептеген катерлерди жок кылуу үчүн куралдуу күчтөрдү бир нече жолу колдонду. Бийликтин билдирүүсүнө ылайык, мындай операциялар трансулуттук кылмыштуулукка жана баңгизат соодасына каршы күрөшүү максатында өткөрүлүүдө. Мунун айынан Каракас менен Вашингтондун мамилеси кыйла курчуп кетти. Ак үй ЦРУга Николас Мадуронун өкмөтүнүн ишин чайпалтуу үчүн жашыруун операцияларды жүргүзүүгө уруксат берген. Ал эми АКШнын башкы прокурору Пэм Бонди аны камакка алууга жардам бере турган маалымат үчүн 50 миллион доллар сыйлык жарыялады. Венесуэланын президенти террордук уюмдарды Америка Кошмо Штаттарына баңгизат жеткирүү үчүн колдонот деген маалыматтар айтылып келет. Октябрдын аягында Newsweek басылмасы спутниктен алынган сүрөттөргө таянып, америкалык Iwo Jima тик учак ташуучу кемеси жана аны коштогон кемелер Ла-Орчила аралынан болжол менен 200 чакырым алыстыкта жайгашканын билдирген. Венесуэланын негизги авиабазаларынын бири жана радиолокациялык комплекстери ошол жерде. Miami Herald басылмасы АКШ жакынкы күндөрү республиканын аймагындагы буталарга сокку урушу мүмкүн экенин жазды. Трамп бул билдирүүлөр боюнча Венесуэлага кол салуу ниети жок экенин айткан. Мамлекеттик катчы Марко Рубио дагы ЖМКларда тараган маалыматты четке какты. Өткөн аптанын соңунда башында USS Gerald R. Ford кемеси турган АКШнын деңиздеги аскердик күчтөрүнүн сокку ура турган кемелер тобу Кариб деңизине кирген. Ондогон тактикалык учактарды салган кеме экипажында 4000 киши бар. Октябрь айында Пентагондун башчысы Пит Хегсет ал топту АКШнын Борбордук жана Түштүк Америкадагы Түштүк командачылыгынын карамагына жөнөтүү буйругун берген.
https://sputnik.kg/20251105/aksh-venesuela-askerdik-chabuul-1097637585.html
америка
венесуэла
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/05/01/1093703406_170:0:2901:2048_1920x0_80_0_0_2613df96f4e827fc41806823fe7df737.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, америка, венесуэла, операция, баңгизат
дүйнөдө, америка, венесуэла, операция, баңгизат
ЖМК: АКШ жакынкы күндөрү Мадурону бийликтен кулатууга аракет жасашы мүмкүн
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. АКШ Венесуэлага каршы операциялардын жаңы этабын жакынкы күндөрдө баштоого даярданууда, анда өлкөнүн президенти Николас Мадуро тактан кулатылышы да мүмкүн. Бул тууралуу Рейтер америкалык аткаминерлердин айткандарына таянып жазганын
РИА Новости агенттиги билдирди.
"Америка Кошмо Штаттары жакынкы күндөрдө Венесуэлага байланыштуу операциялардын жаңы кадамын баштоого даярданууда", — деп айтылат маалыматта.
Агенттиктин атын ачыктагысы келбеген маектештеринин айтымында, АКШнын жашыруун операциялары Мадурого каршы, анын ичинде Венесуэла лидерин бийликтен кулатуу аракети да болушу ыктымал.
Ошол эле учурда макалада масштабдуу операциялардын боло турган күнү так айтылган эмес. Ошондой эле АКШ лидери Дональд Трамп буга карата аракеттерди көрүү боюнча чечим кабыл алдыбы же жокпу, маалымат жок.
New York Times гезити маалымат булактарына таянып, Трамп ЦРУнун Венесуэлада жашыруун операцияларды өткөрүү боюнча планын бекиткенин, ал нерсе АКШнын аскердик аракеттерди жасоого даярдыгы болушу мүмкүн экенин жазган.
АКШ менен Венесуэланын ортосундагы мамиленин курчушу
АКШ акыркы эки айда Кариб деңизинде баңгизат ташыйт деп эсептеген катерлерди жок кылуу үчүн куралдуу күчтөрдү бир нече жолу колдонду. Бийликтин билдирүүсүнө ылайык, мындай операциялар трансулуттук кылмыштуулукка жана баңгизат соодасына каршы күрөшүү максатында өткөрүлүүдө. Мунун айынан Каракас менен Вашингтондун мамилеси кыйла курчуп кетти. Ак үй ЦРУга Николас Мадуронун өкмөтүнүн ишин чайпалтуу үчүн жашыруун операцияларды жүргүзүүгө уруксат берген. Ал эми АКШнын башкы прокурору Пэм Бонди аны камакка алууга жардам бере турган маалымат үчүн 50 миллион доллар сыйлык жарыялады. Венесуэланын президенти террордук уюмдарды Америка Кошмо Штаттарына баңгизат жеткирүү үчүн колдонот деген маалыматтар айтылып келет.
Октябрдын аягында Newsweek басылмасы спутниктен алынган сүрөттөргө таянып, америкалык Iwo Jima тик учак ташуучу кемеси жана аны коштогон кемелер Ла-Орчила аралынан болжол менен 200 чакырым алыстыкта жайгашканын билдирген. Венесуэланын негизги авиабазаларынын бири жана радиолокациялык комплекстери ошол жерде. Miami Herald басылмасы АКШ жакынкы күндөрү республиканын аймагындагы буталарга сокку урушу мүмкүн экенин жазды.
Трамп бул билдирүүлөр боюнча Венесуэлага кол салуу ниети жок экенин айткан. Мамлекеттик катчы Марко Рубио дагы ЖМКларда тараган маалыматты четке какты.
Өткөн аптанын соңунда башында USS Gerald R. Ford кемеси турган АКШнын деңиздеги аскердик күчтөрүнүн сокку ура турган кемелер тобу Кариб деңизине кирген. Ондогон тактикалык учактарды салган кеме экипажында 4000 киши бар. Октябрь айында Пентагондун башчысы Пит Хегсет ал топту АКШнын Борбордук жана Түштүк Америкадагы Түштүк командачылыгынын карамагына жөнөтүү буйругун берген.