00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Актуальное интервью
Посол Ирана - об агрессии, реакции мира и последствиях ударов по стране
08:04
17 мин
Будь в курсе
Как формируется цена на молоко и почему она зависит от сезона
08:26
32 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
ЕАЭБге экспорт көбөйөт — онлайн соодагерлер үчүн эсеп-фактуранын жаңы формасы ишке кирди
09:05
32 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Саламаттыкты сактоо министрлиги перинаталдык кызматты реформалоону даярдап жатат: 2030-жылга чейин эмне өзгөрөт
11:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Деңиз кодекси: деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөгө эмне үчүн керек?
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Быйыл Кыргызстанда 70 бейтапка бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев өлкөдөгү маалымат агенттиктеринин бирине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, орган алмаштыруу операциялары өлкөдө акыркы жылдары абдан өнүгүп жатат. “Мурда бизде ДНК шайкештигин аныктай турган жабдык жок болгондуктан, бейтаптар чет өлкөгө барып анализ тапшырып келишчү. Бул убакытты жана абдан көп каражатты талап кылчу. Ошондой эле операцияга керектүү башка жабдыктар да жетишсиз болчу. Ушундан улам бөйрөк алмаштыруу көп жүргүзүлчү эмес. Бүгүнкү күндө бул көйгөйлөр чечилген. Зарыл болгон заманбап жабдуулар сатып алынып, жеринде текшерүү жана операция жүргүзүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Азыркыга чейин болгон бардык операциялар ийгиликтүү өттү. Операция жасалган бейтаптардын абалы жакшы”, - деди Эркин Чечейбаев.Ал ошондой эле эгер гемодиализдеги бейтап өзүнө ылайыктуу донор тапса жана ДНКсы шайкеш келсе, операция дароо жасаларын кошумчалады.
Президенттик администрация уюшкан кылмыштуу топторго каршы катаал чараларды камтыган мыйзам долбоорун сунуштады. Документ коомдук талкууга илинди. Мыйзамга ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин уюшкан кылмыштуу топторго карата колдонулган беренелери катаалдашат, айрымдары өзгөрүп толукталат. Мындай чара уюшкан кылмыштуу топторду жоюу, алардын идеологиялык жана каржылык базасын түп-тамырынан кыркууга багытталган. Мыйзам долбоорундагы негизги өзгөрүүлөр боюнча: Кылмыш-жаза кодексиндеги "Каражатты адалдоо", "Уюшкан топ түзүү", "Кылмыштуу коом түзүү" беренелерине туура келген кылмыштуу аракеттер мөөнөтсүз каралат. Башкача айтканда, эскирүү мөөнөтү деген болбойт; Уюшкан кылмыштуу топтор боюнча түшүнүктөр мыйзам менен так аныкталып, укук коргоо органдары үчүн бирдиктүү стандарт түзүлөт. Мисалы, уюшкан кылмыштуу топ — алдын ала бириккен туруктуу топ. Ал эми кылмыштуу коом — бир нече топту бириктирген, кылмыш иштерин координациялаган түзүм катары так көрсөтүлөт. тергөөчүлөргө, прокурорлорго жана ыйгарым укуктуу органдарга тоскоолдук кылгандарга катаал жаза каралат. Кылмыштуу топтордун тергөөгө кийлигишүүсү, кысым көрсөтүүсү, жалган маалымат таратуу, мүлкүн өрттөө же курал колдонуу сыяктуу аракеттери үчүн жоопкерчилик жогорулатылат; адвокат, прокурор же тергөөчү УКТнын кызыкчылыгы үчүн далилдерди бурмалаган учурда өзүнчө кылмыш курамы киргизилет. Кызматтык абалын пайдаланып УКТнын кызыкчылыгын көздөп кылмыш жасагандaрга да өзгөчө катуу жоопкерчилик каралат.
Келерки жазда борбор калааны 220 миң түп гүл көрккө бөлөйт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Маалымдалгандай, “Бишкек жашыл чарба” ишканасынан билдири кызматкерлери азыркы тапта шаардын борбордук бөлүгүндө, парктарында жана жол жээгинде түрдүү гүлдөрдү отургузууда. Мындан улам мэрия бишкектиктерге кайрылып, отургузулган жерлерди тебелебей, жашылдандыруу иштерине тоскоолдук жаратпоону суранды.
Жаңылыктар түрмөгү
0