00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Креативдүү экономика өлкөнү өнүктүрүүнүн күчтүү драйвери болот — Create4 Design фестивалы жаратмандардын башын бириктирет
09:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Госпрограммы и поддержка инициатив: зачем власти делают ставку на развитие Токмока, Нарына и Кара-Балты
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПИНдеги каталарды оңдоону жөнөкөйлөтүү: жарандар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Почему о домашнем насилии стали говорить чаще, а случаев меньше не становится
12:05
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ишкерлерден 44 арыз түштү. Ак ниет ишкерлерди реестрге каттоо процесси кандай жүрүүдө?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Алтамаш Вазир Хан менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Эдил Байсалов Алтамаш Вазир Ханды элчилик кызматка дайындалышы менен куттуктап, кыргыз-пакистан кызматташтыгын мындан ары да чыңдоого багытталган ишине ийгиликтерди каалады. Жолугушуунун жүрүшүндө жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги алдыдагы иш-чаралар талкууланды.
Окуучулардын тамактануусу жакшыртылат. Агартуу министрлиги менен "Тармактык тамактануу институту" уюму келишимге кол койду. Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигигинин II Эл аралык форумунда кабыл алынган документке ылайык, тараптар балдардын тамактануусун жакшыртууга багытталган иштерди жүргүзөт. Нормативдик-укуктук базаны жаңылоо, стандарттарды жогорулатуу, заманбап технологияларды киргизүү, кадрлардын квалификациясын көтөрүү жана окуу жайлардын материалдык-техникалык базасын бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулмакчы.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкеримин деп элди үч миллион сомун алдап алып кетүүгө шектелген киши кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты. Анын жабырлануучуларга кылмыш ишин козготпой, маселени чечип берем деп убада берип келгени айтылды. Мындан тышкары, акчасын кайтарууну талап кылгандарга "пара бердиң" деп кылмыш ишин козгой турганын айтып коркуткан. УКМК бул адамдан жабыр тарткандар болсо 0312-66-04-75 жана 0312-62-65-04 номерлерине кабарлап коюуну өтүндү.
Япониядагы Сурдлимпиада оюндарында кыргызстандыктар 2 медаль жеңишти Грек-рим күрөшү боюнча Смадияр Жумакадыров 60 килограммга чейинки салмакта казакстандык жана ирандык спортчуларды ири эсеп менен жеңип, финалда түркиялыкты тушеге басып алтын медаль алды. Ал эми Динмухамед Бигелдиев 67 кг салмак категориясында коло медалга татыды. Сурдлимпиада угуу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арасында өткөрүлөт.**Владимир Зеленский кайрылуу жасап, Украина оор учурду баштан кечирип жатканын билдирди. "Азыр Украинага катуу басым жасалып жатат. Өлкө ар намыстан айрылуу же негизги өнөктөшүн жоготуу коркунучу сыяктуу өтө татаал тандоонун алдында калышы мүмкүн. Же татаал 28 пункт, же катаал кыш", — деди ал Telegram-каналына жарыяланган видео кайрылуусунда. Зеленский АКШ сунуштаган тынчтык планын альтернативалык вариант менен толуктоого аракет кыларын айтты. Ал Вашингтондун ролун "негизги өнөктөш" деп атап, Украина АКШ менен "тынч иштөөнү" көздөй турганын, жүйөлөрүн келтирип, америкалык демилгени европалыктар менен талкуулай турганын билдирди. Зеленскийдин айтымында, кыска убакыт ичинде Киевден жооп талап кылынат, алдыдагы жума "өтө татаал жана окуяга бай" болмокчу. Мындан тышкары, Зеленский айланасындагы коррупциялык жаңжалдан улам Жогорку Радада жаралган бөлүнүүнү токтотууга аракет кылды. Ал парламенттеги абалды "саясий оюн" деп сыпаттаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0