00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Переход на 12-летку в КР. Как педагоги адаптируются к обучению первоклассников?
08:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
09:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Тема дня
Миграция, энергетика, инфрастурктура — беседа о развитии ЕАЭС
10:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө 11 мал союучу жай ЕАЭБ талабына ылайык иштейт — быйыл эпизоотиялык абал кандай болду?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Путеводитель соотечественника как навигатор по жизни в Кыргызстане
12:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Экспорттун көлөмү эмнеге азайды? — Экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча иштер күчөтүлөт
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Эпосы как тайная история тюркских народов — беседа с ученым из Алтая
14:04
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кепилдик фонддун ишмердүүлүгү жана 2025-жылдын жыйынтыгы: ишкерлерге колдоо жана санариптештирүү
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Жаңы жылдык майрамдан кийин организмди кантип калыбына келтиребиз?
17:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Бишкектеги балдар арасында курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоонун көбөйүшүнө байланыштуу бир катар медициналык уюмдардын иши менен таанышты. Министр балдар тез жардам клиникалык ооруканасын жана Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасын көрүп чыгып, дарыгерлерден учурда сезондук кайрылуулар жана госпитализациялар көбөйгөнүн укканын белгиледи. Айтылгандай, жуктуруулар негизинен балдар көп жүргөн жерлерде — соода борборлорунун оюн аянтчаларында катталууда. Ошондой эле педиатрлардын, инфекционисттердин жана орто медперсоналдын жетишсиздиги көйгөй бойдон калууда.Министр бир нече тапшырмаларды берди:— адистерди убактылуу тартуу менен кадрдык потенциалды чыңдоо;— кичинекей бейтаптар үчүн ыңгайлуу шарттарды жакшыртуу;— күтүү залдарын ичүүчү суу менен камсыз кылуу;— адамдардын топтолушун азайтуу үчүн кошумча кабыл алуу бөлмөлөрүн ачуу.Министрлик сезондук өсүш учурунда кошумча чараларды көрүп жатканын билдирди жана дене табы көтөрүлүп, жөтөл, мурун бүтүү, тамак оору же алсыздык пайда болгондо жашаган жериндеги ҮМБларга кайрылууну сунуштайт. Стационарларга негизсиз баруу кезекти көбөйтүп, кошумча жуктуруу коркунучун жаратышы мүмкүн.
"Ынтымак Ордо" имаратынын түндүк тарабына LED-экран конструкциялары орнотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Ал белгилегендей, экран ири мамлекеттик иш-чаралардын, расмий аземдердин учурунда колдонула турган жаңы протоколдук элемент. "Экран жогорку меймандарды тосуп алуу видеолорун жана протоколдук иш-чараларды чагылдыруу үчүн колдонулат", - деди Аскат Алагөзов.
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери Бишкектеги рейд маалында мыйзамдуу талапка баш ийбеген айдоочу кармалганын билдирди. Тартип сакчыларынын айтымында, айдоочу качып кетүүгө аракет кылган. Текшере келгенде анын айдоочулук күбөлүгү жана автонун тиешелүү документтери жок экени аныкталган. Мындан тышкары, жол эрежелери бузулгандыгы үчүн төлөнбөй жүргөн 68 700 сомдук айып чыккан. Жыйынтыгында айдоочу 7 500 сом төлөмөр болуп, машина айып короого токтотулду.
Дональд Трамп эгер Владимир Зеленский АКШнын планын жактырбаса согушту уланта бере аларын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. АКШ лидеринин пикиринде Киев лидери кандай болгон күндө да бул сунушту жактырууга тийиш. Ал Зеленскийдин колунда көзүрү жок экенин белгилеп, келишим бир-эки жыл мурда эле түзүлсө азыр абал кыйла жакшы болмоктугун кошумчалады. Times басылмасы жазгандай, Трамп Зеленский абалы начар экенин билип туруп, өзүнө пайдалуу макулдашуу түзүү үчүн жан алакетке түшүп жатат деп эсептейт. Буга чейин АКШ Украинадагы согушту токтотуу боюнча 28 пунктудан турган план сунуштаган. Анда Крым менен Донбасс де-факто Россияга өтүп, ал эми Украина НАТОго кирүүдөн баш тартары жазылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0