https://sputnik.kg/20251122/1098030104.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев прокуратура органдарынын кызматкерлерин жана ардагерлерин Пpoкурaтyрa кызматкерлеринин күнү менен куттуктап... 22.11.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-11-22T11:00+0600
2025-11-22T11:00+0600
2025-11-22T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/16/1098029938_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_1a84de0c2d0c01f074527daf46df0db9.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев прокуратура органдарынын кызматкерлерин жана ардагерлерин Пpoкурaтyрa кызматкерлеринин күнү менен куттуктап, алардын өлкөдөгү мыйзамдуулукту камсыз кылуудагы ролун белгиледи.Касымалиевдин айтымында, прокуратура — жарандардын укуктарын коргоп, мамлекеттин кызыкчылыгын камсыз кылган маанилүү институт. Ал прокурорлорду чынчылдыкка, принципиалдуулукка жана коррупцияга таптакыр жол бербөөгө чакырды. Касымалиев прокуратура кызматкерлеринин мыйзамдуулукту камсыз кылуу, укуктарды коргоо жана кылмыштуулукка, анын ичинде коррупцияга каршы күрөшүүдө чоң жоопкерчилик алганын баса белгилеп, аларга ийгилик, ден соолук жана үй-бүлөлүк бакубаттык каалады.
Таксилердин лицензиясы бар-жогун текшерүү 2026-жылдын 1-февралына чейин узартылгандыгын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты. Буга чейин аталган кызматка таксичилерден лицензия алуу үчүн узун кезек жаралып, мурда айтылган мөөнөткө үлгүрбөй жаткандыгы тууралуу кайрылуулар келип түшкөн. ЖКККББ маселени чечүүгө аракет жасап, иштөө графигин өзгөрткөн: Эми алар ЖКККББдин бардык бөлүмдөрү ишембиде да иштейт, түшкү тамакка чыгуу сааты кыскармакчы; 2026-жылдын 1-февралына чейин лицензиянын бар-жогун текшерген рейддер болбойт, айыптар салынбайт. Ошону менен бирге жетекчи такси кызматында иштөөгө арналган программалык тиркеме аркылуу иштеп жаткан айдоочулардын иши 2026-жылдын 1-февралына чейин үзгүлтүккө учурабасын белгиледи. Дагы бир эске сала турган учур, оң рулдуу автоунаа менен таксичилик кылууга болбойт жана мындай типтеги автокөлүктөргө лицензия берилбейт
АКШ президенти Дональд Трамптын Украинадагы абалды жөнгө салуу боюнча планы тирешүүгө чекит коюуга негиз болуп бериши мүмкүн. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдиргенин РИА Новости жазды. Өлкө башчысы пландын деталдары Россия менен макулдашылбаганын белгилеп, анын себебине да токтолду. "Биз менен талкууланган эмес. Анткени АКШ ушу кезге чейин Украинаны макул кыла албай жатат. Киев буга каршы", — деди РФ лидери. Путиндин айткандарынын маанилүү жерлери: Аляскадагы жолугушуудан кийинки тыныгуу тынчтык орнотуу сунушуна Украинанын каршылыгы менен байланыштуу; Украина менен анын союздаштары кыялга батып жашоодо, алар Россияга стратегиялык сокку урууну көздөп келишет; Россия буга чейин айтылгандай эле абалды сүйлөшүү жолу менен жөнгө салууга кызыкдар. Бирок бул сунушталган планды майда-чүйдөсүнө чейин талкуулоону талап кылат. Биз буга даярбыз; Киевдин согуш талаасындагы чыныгы абал тууралуу толук маалыматы жок, сүйлөшүүдөн ушул себеп менен баш тартууда. Трамптын сунушун талкуулоодон баш тартып, четке кага берсе, Купянскидеги окуялар кайталана берет; Россия Аляскадагы жолугушууда абалды жөнгө салуу маселесинде ийкемдүү болууга макулдугун берген.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев прокуратура органдарынын кызматкерлерин жана ардагерлерин Пpoкурaтyрa кызматкерлеринин күнү менен куттуктап, алардын өлкөдөгү мыйзамдуулукту камсыз кылуудагы ролун белгиледи.Касымалиевдин айтымында, прокуратура — жарандардын укуктарын коргоп, мамлекеттин кызыкчылыгын камсыз кылган маанилүү институт. Ал прокурорлорду чынчылдыкка, принципиалдуулукка жана коррупцияга таптакыр жол бербөөгө чакырды. Касымалиев прокуратура кызматкерлеринин мыйзамдуулукту камсыз кылуу, укуктарды коргоо жана кылмыштуулукка, анын ичинде коррупцияга каршы күрөшүүдө чоң жоопкерчилик алганын баса белгилеп, аларга ийгилик, ден соолук жана үй-бүлөлүк бакубаттык каалады.Таксилердин лицензиясы бар-жогун текшерүү 2026-жылдын 1-февралына чейин узартылгандыгын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты. Буга чейин аталган кызматка таксичилерден лицензия алуу үчүн узун кезек жаралып, мурда айтылган мөөнөткө үлгүрбөй жаткандыгы тууралуу кайрылуулар келип түшкөн. ЖКККББ маселени чечүүгө аракет жасап, иштөө графигин өзгөрткөн: Эми алар ЖКККББдин бардык бөлүмдөрү ишембиде да иштейт, түшкү тамакка чыгуу сааты кыскармакчы; 2026-жылдын 1-февралына чейин лицензиянын бар-жогун текшерген рейддер болбойт, айыптар салынбайт. Ошону менен бирге жетекчи такси кызматында иштөөгө арналган программалык тиркеме аркылуу иштеп жаткан айдоочулардын иши 2026-жылдын 1-февралына чейин үзгүлтүккө учурабасын белгиледи. Дагы бир эске сала турган учур, оң рулдуу автоунаа менен таксичилик кылууга болбойт жана мындай типтеги автокөлүктөргө лицензия берилбейтАКШ президенти Дональд Трамптын Украинадагы абалды жөнгө салуу боюнча планы тирешүүгө чекит коюуга негиз болуп бериши мүмкүн. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдиргенин РИА Новости жазды. Өлкө башчысы пландын деталдары Россия менен макулдашылбаганын белгилеп, анын себебине да токтолду. "Биз менен талкууланган эмес. Анткени АКШ ушу кезге чейин Украинаны макул кыла албай жатат. Киев буга каршы", — деди РФ лидери. Путиндин айткандарынын маанилүү жерлери: Аляскадагы жолугушуудан кийинки тыныгуу тынчтык орнотуу сунушуна Украинанын каршылыгы менен байланыштуу; Украина менен анын союздаштары кыялга батып жашоодо, алар Россияга стратегиялык сокку урууну көздөп келишет; Россия буга чейин айтылгандай эле абалды сүйлөшүү жолу менен жөнгө салууга кызыкдар. Бирок бул сунушталган планды майда-чүйдөсүнө чейин талкуулоону талап кылат. Биз буга даярбыз; Киевдин согуш талаасындагы чыныгы абал тууралуу толук маалыматы жок, сүйлөшүүдөн ушул себеп менен баш тартууда. Трамптын сунушун талкуулоодон баш тартып, четке кага берсе, Купянскидеги окуялар кайталана берет; Россия Аляскадагы жолугушууда абалды жөнгө салуу маселесинде ийкемдүү болууга макулдугун берген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/16/1098029938_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_d125850e4ff63cc020e29d622133a5a0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио