00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
10 мин
Спортбокс
Улуттук спорт даңазаланат — эми жыл сайын “Улуттук спорт мыктылары” аныкталат
19:11
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
8 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
20:09
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Гепатитти кайрадан жуктуруп алгандар аныкталууда — эмдөө жана дарылоо жолдору
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Минкаб ЕАЭБ өлкөлөрү менен соодадагы ак ниет импортерлордун реестрин түзөт Өлкөдө товарларды каттоо пунктуларынын ишин жакшыртуу үчүн чек ара бекеттеринде кошумча коридорлор курулууда. Андан ак ниет импортерлордун тез өтүүсүнө артыкчылык берилет. Реестрге салык мыйзамдарын так сактаган юридикалык жактар жана жеке ишкерлер киргизилет.
2026-жылы өлкө боюнча 18 балдар музыкалык мектеби жана 3 музыкалык билим берүү мекемеси капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков Бишкекте өтүп жаткан “Art Dialog” маданият жана искусство тармагындагы кесиптик билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул иштер маданий билим берүү тармагын өнүктүрүү жана материалдык базаны чыңдоо максатын көздөйт. Ошондой эле Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство университети үчүн жаңы окуу имараты курулат. Бул долбоорго 990 млн сом каралган. Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайы үчүн жаңы окуу корпусу жана жатакана салынат, ага 750 млн сом бөлүнгөн. Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернаты үчүн жаңы концерттик зал курулат. “Көп учурда “курабыз дедиңер эле, эч нерсе курулган жок” деген сындар айтылат. Биз министрлик катары пландарды түзүп, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине сунуштайбыз. Ал эми курулуш иштери алар тарабынан жүргүзүлөт”,- деп белгиледи ал Надырбеков.
Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов "Манас" улуттук академиясы тарабынан басылып чыккан "Кырк чоро" китебинин бет ачарына катышты. Иш-чара президент Садыр Жапаровдун "Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы - "Манас" эпосун ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" жана "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу жөнүндө" жарлыктарын ишке ашыруунун алкагында өттү. Мамлекеттик катчы куттуктоо сөзүндө "Манас" эпосундагы кырк чоро кыргыз мамлекеттүүлүгүн, улуттун биримдигин, эркиндигин жана руханий бийиктигин даңазалаган улуу мурастын символу экенин ырастады. Ал Манастын чоролору жөн гана мифологиялык каармандар эмес, эрдиктин, ынтымактын, улуу идеалга берилгендиктин, элди жана жерди коргоодо көрсөтүлгөн чыныгы мекенчилдиктин үлгүсү экенин белгиледи. Марат Иманкулов бул китеп жаш муунду тарбиялоодо, улуттук аң-сезимди чыңдоодо жана тарыхый эстутумду жаңыртууда маанилүү идеологиялык булак болот деген ишенимин билдирди.
Токиодогу Сурдлимпиадада дзюдоист Байсалбек Орозали уулу коло медаль утту Ал мелдеште Венесуэла жана Япония спортчуларын утуп, жарым финалда Бразилия өкүлүнө жеңилген. Коло үчүн таймашта Иран спортчусун жеңип, байгелүү орунду камсыздады. Спортчуну "Манас" аэропортунда салтанаттуу тосуп алышты. Байсалбек Орозали уулу угуу боюнча майыптыгы бар спортчулар арасында дүйнөлүк жана республикалык мелдештерди жеңген.
Жаңылыктар түрмөгү
0