Украина НАТОго кирбейт, Донбасс РФке өтөт, санкциялар алынат. Жаңы план
13:26 21.11.2025 (Жаңыртылды: 14:31 21.11.2025)

© Фото / Пресс-служба президента Украины
Жазылуу
БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Украин ЖМКлары Киевге сунушталган делген, 28 пунктудан турган тынчтык келишимин жарыялады. Бул туурасында RT жазды.
Анын кол коюлушу менен согуш оту дароо токтоп, макулдашылган чектерден аскерлер чыгып кетет.
Крым менен Донбасс де-факто Россияга өтөт, ал эми Украина НАТОго кирүүдөн баш тартат.
Документтеги маанилүү учурлар:
Россия, Украина жана Европа кол салбоо туурасында үч тараптуу кенен макулдашууну бекитет. Акыркы 30 жылдагы оош-кыйыштар жөнгө салынды деп эсептелет;
Украина блоктон тышкарыбыз деген макамын бекитип жана өзөктүү куралсыз өлкө катары калышы шарт. НАТО өзүнүн уставына Украина келечекте альянстын курамына кирбейт деген жобону киргизиши керек;
Украина армиясы 600 миң аскер менен чектелет;
Херсон жана Запорожье облустарындагы фронттук линия ошол бойдон калат, андан ары согуш жүрбөйт. Айрым аймактарга курал-жарак, техника жайгаштырылбайт, себеби коопсуздук үчүн ортодо кандайдыр бир бош мейкиндик каралышы шарт;
Россия көзөмөл кылып келген беш аймактан сырткаркы жерлерден мурда макулдашылган болсо да баш тартат;
туткундар менен депортация болгондор "башма-баш" алмашылат;
жаңжалга катышкандардын буга чейин кылган нерселерине мунапыс берилет жана мындан ары ал иштер үчүн бири-бирине доомат артпайт;
НАТО Украинага аскерлерин жайгаштырбайт. Ал эми Россия Украина менен Европага кол салбайбыз деген саясатын бекемдейт;
АКШ менен Россия өзөктүк куралды жайылтпоо келишимин улантуу боюнча ишти улантат. Украина өзөктүү куралсыз өлкө болууга макулдугун берет;
АКШ — НАТО — Россиянын диалогу жанданып жана коопсуздук боюнча америкалык-россиялык жумушчу топтун иши башталат;
Россиядан болгон-бүткөн санкциялар алынат, өлкө G8 шаркетине кайтат;
макулдашууга кол коюлгандан 100 күндөн соң Украина шайлоо өткөрөт, мунапыс согушкандардын бардыгына жарыяланат;
МАГАТЭ көзөмөлү менен ЗАЭС ишке кирет, электр кубаты Россия менен Украинага теңме-тең бөлүнүп турат;
РФтин тоңдурулган каражаттарынын эсебинен (башка каражаттар да болот) Украинаны калыбына келтирүү боюнча АКШ менен ЕБдин атайын планы иштей баштайт. Активдерден түшкөн кирешенин бир бөлүгү Кошмо Штаттарга, бир бөлүгү Россия менен биргелешкен долбоорлорго кетет;
макулдашуу кантип ишке ашып жатканын Трамп жетектеген уюм көзөмөлдөп турат. Муну бузгандар санкцияга тушугат.

