https://sputnik.kg/20251121/1098015760.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан кумду Африка менен Австралияга чейин экспорттойтТашиев Эне-баланы коргоо борборуна убадалаган 10 автоунааны тапшырдыМайда кылмыштар үчүн балдар... 21.11.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-11-21T13:00+0600
2025-11-21T13:00+0600
2025-11-21T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/15/1098015594_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_3ec5d44fb5530132bd31fa15da8a6abb.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан кумду Африка менен Австралияга чейин экспорттойтТашиев Эне-баланы коргоо борборуна убадалаган 10 автоунааны тапшырдыМайда кылмыштар үчүн балдар соттолбойт. Президент жаңы мыйзамга кол койду. Алдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров Кылмыш-жаза кодексине жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизген мыйзамга кол койду. Бул тууралуу "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды. Ага ылайык, балдарды сот жоопкерчилигине тартуу нормалары жеңилдеген. Эгер өспүрүм биринчи жолу анча оор эмес кылмыш жасап, күнөөсүн мойнуна алса, иш сотко жетпейт. Анын ордуна бала атайын программага катышат. Белгиленген милдеттерди аткарып, келтирилген чыгымды төлөп берет, психологдор жана камкордук органдары менен иштейт. Бул чаралардын бардыгы баланы кылмыш-жаза сот өндүрүшүнөн чыгаруу боюнча атайын келишимдин негизинде ишке ашат. Эгер бала анын шарттарын бузса, прокурор макулдашуудагы шарттарды өзгөртүп, программанын мөөнөтүн узартып коё алат. Аткара турган милдеттерди катаалдаштырышы мүмкүн же таптакыр эле келишимди жокко чыгарып, ишти кадимки кылмыш процесси тартибине кайтарышы ыктымал. Кийин иш сотто каралып жаткан учурда баланын келишимдин шарттарын аткарбай койгондугу акыркы өкүмгө да таасир этери белгиленген.
Камчыбек Ташиев Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна буга чейин убадалаган 10 автомашинанын ачкычын тапшырганын УКМК билдирди. Атайын кызматтын төрагасы транспорттук каражат ыкчам бригадалардын борборго тез арада жетүүсүнө шарт түзүп, иштин майнаптуулугун арттыра турганын белгилеген. Маалыматта борборго өлкөдө жок медициналык жабдуулар: бир нече УЗИ аппараты, видеогастроскоп, видеобронхоскоп жана видеоколоноскобу бар эндоскопиялык ультраүндүү аппарат алып келингени айтылат.Ташиев оорукананын 1995-жылдан бери биринчи жолу толугу менен реконструкцияланган аймагын да кыдырып чыкты. Мында 4 400 чарчы метрлик территория тазаланып, түздөлүп, жаңы асфальт төшөлүп, көрктөндүрүлгөн. Эне жана баланы коргоо улуттук борбору өлкөнүн алдыңкы медициналык жайы болуп саналат. Жыл сайын 30 миңдей бала стационардык дарылануудан өтүп, ар татаалдыктагы 15 миңдей операция жасалат. 150 миң балага амбулатордук жардам көрсөтүлсө, перинаталдык борбордо 6 миңге чукул ымыркай жарык дүйнөгө келет.
Кыргызстан ушул жылдын тогуз айында экспортко 56,5 миң тонна кум жөнөткөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылды. Өлкөдөн кум сатып алгандардын сап башында ЕАЭБ өлкөлөрү турат: Казакстан — 45,1 миң тонна; Россия — 10 миң тонна; Кытай — 1,3 миң тонна; Иран — 33 тонна; Түркия — 22,3 тонна; Австралия — 10 тонна; Зимбабве — 1,6 тонна; Өзбекстан — 0,5 тонна; Сьерра-Леоне — 0,2 тонна. Ошондой эле бир аз көлөмдө Италия менен Кореяга да жөнөтүлгөн.
Киев бийлиги элин болуп көрбөгөндөй кысмакка алып Куралдуу күчтөрүнүн катарына кошууда. Бул тууралуу Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтканын РИА Новости жазды. "Армиянын катарын толуктоо үчүн зордоп мобилизациялоо күч алды. Бийлик чек араларды жаап, банк эсептерин бөгөттөп, айдоочулук күбөлүктөрдү жаратпай, элди көчөдөн кармап эле жөнөтүп жатат", — деди дипломат. Небензя Украина Куралдуу күчтөрү абдан чоң жоготууларга учурап, аскер кызматкерлери согуш талаасынан эле качып жатканын белгилеген. Ал эми жай тургундар калкан катары пайдаланылып жатканын чет элдик журналисттер да тастыктоодо.
Кыргызстан кумду Африка менен Австралияга чейин экспорттойтТашиев Эне-баланы коргоо борборуна убадалаган 10 автоунааны тапшырдыМайда кылмыштар үчүн балдар соттолбойт. Президент жаңы мыйзамга кол койду. Алдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров Кылмыш-жаза кодексине жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизген мыйзамга кол койду. Бул тууралуу "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды. Ага ылайык, балдарды сот жоопкерчилигине тартуу нормалары жеңилдеген. Эгер өспүрүм биринчи жолу анча оор эмес кылмыш жасап, күнөөсүн мойнуна алса, иш сотко жетпейт. Анын ордуна бала атайын программага катышат. Белгиленген милдеттерди аткарып, келтирилген чыгымды төлөп берет, психологдор жана камкордук органдары менен иштейт. Бул чаралардын бардыгы баланы кылмыш-жаза сот өндүрүшүнөн чыгаруу боюнча атайын келишимдин негизинде ишке ашат. Эгер бала анын шарттарын бузса, прокурор макулдашуудагы шарттарды өзгөртүп, программанын мөөнөтүн узартып коё алат. Аткара турган милдеттерди катаалдаштырышы мүмкүн же таптакыр эле келишимди жокко чыгарып, ишти кадимки кылмыш процесси тартибине кайтарышы ыктымал. Кийин иш сотто каралып жаткан учурда баланын келишимдин шарттарын аткарбай койгондугу акыркы өкүмгө да таасир этери белгиленген.Камчыбек Ташиев Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна буга чейин убадалаган 10 автомашинанын ачкычын тапшырганын УКМК билдирди. Атайын кызматтын төрагасы транспорттук каражат ыкчам бригадалардын борборго тез арада жетүүсүнө шарт түзүп, иштин майнаптуулугун арттыра турганын белгилеген. Маалыматта борборго өлкөдө жок медициналык жабдуулар: бир нече УЗИ аппараты, видеогастроскоп, видеобронхоскоп жана видеоколоноскобу бар эндоскопиялык ультраүндүү аппарат алып келингени айтылат.Ташиев оорукананын 1995-жылдан бери биринчи жолу толугу менен реконструкцияланган аймагын да кыдырып чыкты. Мында 4 400 чарчы метрлик территория тазаланып, түздөлүп, жаңы асфальт төшөлүп, көрктөндүрүлгөн. Эне жана баланы коргоо улуттук борбору өлкөнүн алдыңкы медициналык жайы болуп саналат. Жыл сайын 30 миңдей бала стационардык дарылануудан өтүп, ар татаалдыктагы 15 миңдей операция жасалат. 150 миң балага амбулатордук жардам көрсөтүлсө, перинаталдык борбордо 6 миңге чукул ымыркай жарык дүйнөгө келет.Кыргызстан ушул жылдын тогуз айында экспортко 56,5 миң тонна кум жөнөткөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылды. Өлкөдөн кум сатып алгандардын сап башында ЕАЭБ өлкөлөрү турат: Казакстан — 45,1 миң тонна; Россия — 10 миң тонна; Кытай — 1,3 миң тонна; Иран — 33 тонна; Түркия — 22,3 тонна; Австралия — 10 тонна; Зимбабве — 1,6 тонна; Өзбекстан — 0,5 тонна; Сьерра-Леоне — 0,2 тонна. Ошондой эле бир аз көлөмдө Италия менен Кореяга да жөнөтүлгөн.Киев бийлиги элин болуп көрбөгөндөй кысмакка алып Куралдуу күчтөрүнүн катарына кошууда. Бул тууралуу Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтканын РИА Новости жазды. "Армиянын катарын толуктоо үчүн зордоп мобилизациялоо күч алды. Бийлик чек араларды жаап, банк эсептерин бөгөттөп, айдоочулук күбөлүктөрдү жаратпай, элди көчөдөн кармап эле жөнөтүп жатат", — деди дипломат. Небензя Украина Куралдуу күчтөрү абдан чоң жоготууларга учурап, аскер кызматкерлери согуш талаасынан эле качып жатканын белгилеген. Ал эми жай тургундар калкан катары пайдаланылып жатканын чет элдик журналисттер да тастыктоодо.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/15/1098015594_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_fda85b87570af250b55ea5cf4071d251.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио