https://sputnik.kg/20251120/zhaparov-tasmagambetovdu-dostuk-ordeni-menen-siylady-1098000600.html
Жапаров ЖККУнун башкы катчысы Тасмагамбетовду Достук ордени менен сыйлады
Жапаров ЖККУнун башкы катчысы Тасмагамбетовду Достук ордени менен сыйлады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов менен аймактык... 20.11.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-11-20T19:28+0600
2025-11-20T19:28+0600
2025-11-21T10:03+0600
жкку
садыр жапаров
имангали тасмагамбетов
кызматташуу
"достук" ордени
сыйлоо
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/14/1097997552_0:70:1280:790_1920x0_80_0_0_262ce4a429fd6e0411dd204572e67ea6.jpg
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов менен аймактык коопсуздуктун абалын, заманбап коркунучтарга каршы туруу жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулады. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Мамлекеттин башчысы Кыргызстандын ЖККУга мүчөлүгү өлкөнүн тышкы саясатынын негизги артыкчылыктарынан болуп кала берерин аталган уюмдун башкы катчысы менен жолукканда айткан. Негизги кеп уюмдун жакында Бишкек шаарында өтө турган жыйыны тууралуу да болду. Тасмагамбетов иш-чаралардын планы ийгиликтүү жана толук көлөмдө ишке ашырылганын белгиледи. Өлкөнүн уюмдагы төрагалыгын жогору баалады. Кыргызстандын демилгеси менен өткөн киберкоопсуздук боюнча эл аралык конференциянын маанисин баса белгиледи. Президент Тасмагамбетовдун мамлекеттер аралык коопсуздукту жана достукту чыңдоого кошкон эмгегин, олуттуу салымын таануу иретинде аны Достук ордени менен сыйлады.
https://sputnik.kg/20251024/zhkkunun-askerdik-mashyguulary-zhiyyntyktaluuda-1097387446.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/14/1097997552_68:0:1213:859_1920x0_80_0_0_2bf725c10a9a446c8b477cc93ba5b121.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жкку, садыр жапаров, имангали тасмагамбетов, кызматташуу, "достук" ордени, сыйлоо
жкку, садыр жапаров, имангали тасмагамбетов, кызматташуу, "достук" ордени, сыйлоо
Жапаров ЖККУнун башкы катчысы Тасмагамбетовду Достук ордени менен сыйлады
19:28 20.11.2025 (Жаңыртылды: 10:03 21.11.2025) БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов менен аймактык коопсуздуктун абалын, заманбап коркунучтарга каршы туруу жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулады. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Мамлекеттин башчысы Кыргызстандын ЖККУга мүчөлүгү өлкөнүн тышкы саясатынын негизги артыкчылыктарынан болуп кала берерин аталган уюмдун башкы катчысы менен жолукканда айткан. Негизги кеп уюмдун жакында Бишкек шаарында өтө турган жыйыны тууралуу да болду.
Тасмагамбетов иш-чаралардын планы ийгиликтүү жана толук көлөмдө ишке ашырылганын белгиледи. Өлкөнүн уюмдагы төрагалыгын жогору баалады. Кыргызстандын демилгеси менен өткөн киберкоопсуздук боюнча эл аралык конференциянын маанисин баса белгиледи.
Президент Тасмагамбетовдун мамлекеттер аралык коопсуздукту жана достукту чыңдоого кошкон эмгегин, олуттуу салымын таануу иретинде аны Достук ордени менен сыйлады.