00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Туризмди өнүктүрүү фонду кандай ири долбоорлорду ишке ашырууда — тоо-лыжа кластери, иневстициянын агымы, майс-туризм
09:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Андрей Стенин атындагы XI эл аралык сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

© АНО «Дирекция международных программ» / Медиабанкка өтүүАндрей Стенин атындагы эл аралык фотожурналистика сынагынын көргөзмөсү. Архив
Андрей Стенин атындагы эл аралык фотожурналистика сынагынын көргөзмөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.11.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Андрей Стенин атындагы XI эл аралык сынактын жеңүүчүлөрү аныкталып, ага арналган салтанат бүгүн Москва шаарында Кызыл аянттагы Мамлекеттик тарых музейинде өттү.
Фотожурналистика боюнча өнөр таймашынын баш байгесин москвалык художник Екатерина Якель жеңип алды.
Калыстар тобу ага "Орус элине таандык мүнөз: тоскоолдуктарды жеңе билүү" деп аталган сүрөттөрдүн түрмөгү үчүн бир добуштан негизги сыйлыкты берүүнү чечкен. Эмгектер согушта башкаларга үлгү болуп каармандык көрсөткөн, жаракат алып, андан кийин жаңы жашоодо өмүр кечирип жаткан ардагерлер тууралуу баяндайт.
"Баатырдык согушта, аскердик операцияларда гана эмес, кадимки, күнүмдүк жашоодо да көрүнөт. Тилекке каршы, көптөгөн жоокерлер үчүн фронт өзүнүн изин калтырат. Жаракат алгандан кийин ардагерлерге, түз мааниде алганда кайрадан таканчыктап, басканды үйрөнүүгө туура келет. Спорт реабилитацияга гана эмес, үйгө кайткандан кийин өзүнө келип, жашоону жаңы өңүттө баштоого жардам берет. Сүрөттөр калыбына келтирип, адаптация кылууга көмөкчү болгон "Орто-Спорт" борбору түптөгөн "Вызов Чемпиона" мектебинде тартылган. Алар жөн кишилер эмес, алар Мекенин коргоп, согуштун алдыңкы чектеринде жүргөн, жаракаттан кийин кайрадан жашоо үчүн кайраттанып өзүнө келген каарман адамдар", — деген Екатерина Якель.
Сүрөттөр түрмөгү "Портрет. Заманыбыздын каармандары" номинациясында сунушталды. Гран-при менен кошо 2025-жылдагы кыска тизмеге киргендердин байгелүү орундары жарыяланды.
"Негизги жаңылыктар " номинациясында жеке сүрөттөрдүн арасында эң мыкты деп индонезиялык фоточебер Реза Сайфулланын (Reza Saifullah) "Оодарылып калган рохинжа кайыгы" деп аталган иши табылды. Сүрөттөн Индонезиянын Батыш Ачех жээгинде куткаруучулардын жардамын күтүп, оодарылып калган кайыктын үстүндө турган рохинжа качкындарын көрүүгө болот.
Ушул эле номинациянын биринчи оруну палестиналык Абдельрахман Алкалутка (Abdelrahman Alkahlout) "Газа: геноциддин жаңырыгы" аттуу сериясы үчүн ыйгарылды. Анда Палестинадагы кайгылуу жана үрөй учурган трагедия чагылдырылган.
Спорт номинациясында "Жалгыз сүрөт" категориясы боюнча биринчи орун Бангладештен келген С.М. Аль Музтаба Росулдун (S.M. Al Muztaba Rosul) "Акыркы жарыш: чемпиондун жыгылышы" аттуу эмгегине тийди. Сүрөттөн элдин ортосуна жетип жан берген атты көрүүгө болот.
Сынактын катышуучулары арасында эң таанымал болгон "Менин планетам" номинациясында кытайлык Мэндань Чжунун (Mengdan Zhu) "Чатырдын алдындагы мөмө бактар" аттуу эмгеги эң мыкты сүрөт деп бааланды.
Анда фермерлердин жашоосу — бир ачылып, бирде бүркөлгөн аба ырайынан коргош үчүн алча бактарды чатыр менен калкалап жатканы чагылдырылган.
"Менин планетам" номинациясындагы сериялар боюнча эң мыкты эмгек деп деп бахрейндик Мустафа Абдулхадинин (Mustafa AbdulHadi) ишин белгилешти.
"Заманыбыздын баатыры" номинациясында Мьянма менен Россиянын фотожурналисттеринин иши мыктылардын катарын толуктады. Мьянмалык Ньин Ньин Хтве (Nyein Nyein Htwe) "Балыкчынын үй-бүлөсү" деп аталган эмгегинде кармап келген олжосун үйдүн ээси аялына берип жаткан ирмеми тартылган.
"Жымжырттыктын шыбыры" деп аталган эмгегинде россиялык кабарчы Пелагея Тихонова Ыйык Николайга арналган Сольбадагы аялдар монастрындагы кыздардын жашоосу тууралуу тарткан. Автор көрүүчүгө адамдын өзү менен өзү болуп калыптанышына тийгизген таасирин жана мындай чөйрөдө чоңойгон кандай болорун баяндап, ой жүгүртүүгө түртөт.
"Асмандан карагандагы көрүнүш. Жалгыз сүрөт" номинациясында кызыктуу сүрөттөр көрсөтүлдү. Калыстар тобу бразилиялык Ансельмо Кунья душ Сантуштун (Anselmo Cunha dos Santos) "Суу каптаган аба майдандын учуп-конуу тилкесиндеги учак" аттуу укмуштуу эмгегине байге ыйгарды. Ал Риу-Гранди-ду-Сул аймагында тартылган.
Москвадагы салтанат сынактын жеңүүчүлөрүнүн сүрөттөрү көрсөтүлө турган салттуу көргөзмө турнени баштап берет. Эл аралык роуд-шоу Эфиопия, Сербия жана Аргентинадагы галереялардагы көргөзмөлөрүн буга чейин пландап койгон, бирок турненин географиясы мындан ары дагы кеңеймекчи.

Сынак тууралуу

"Россия сегодня" эл аралык медиатобу уюштуруп, РФтин ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиясы колдоого алган сүрөттөрдү чогулткан Андрей Стенин атындагы сынактын максаты — жаш фотографтарды колдоо, учурдагы фотожурналистикага коомчулуктун көңүлүн буруу. Бул — жаш сүрөтчүлөрдүн, таланттуулардын, жаңычылдыкты илип кеткен сезимтал жана ачык балдардын аянтчасы. Бул жерде алар биздин көңүлүбүздү айланабызда эле жашап жаткан адамдарга, болуп жаткан окуяларга бурат.
Башкы маалыматтык өнөктөштөр: Бүткүл россиялык мамлекеттик телекөрсөтүү жана радиоуктуруу компаниясы, СМОТРИМ (Россия) онлайн-платформасы жана "Москва 24" (Россия) телеканалы.
Быйыл эл аралык бир нече ЖМК өнөктөш болду: Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу, RT телеканалы жана порталы, Independent Media медиахолдинги (Түштүк Африка Республикасы), ANA жаңылыктар сайты (Түштүк Африка Республикасы), Shanghai United Media Group (SUMG) (Кытай), China Daily гезитинин интернет-порталы, The Paper интернет-порталы (Кытай), Al Mayadeen медиатармагы (Ливан).
Андрей Стенин атындагы юбилейлик сынактын жеңүүчүлөрү белгилүү болду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2024
Андрей Стенин атындагы юбилейлик сынактын жеңүүчүлөрү белгилүү болду. Сүрөттөр
Жаңылыктар түрмөгү
0