https://sputnik.kg/20251118/1097940642.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кытайдын тышкы иштер министри эртең Кыргызстанга келетАндрей Стенин атындагы XI эл аралык сынактын жеңүүчүлөрү аныкталдыБолгон шылтоосу — электр энергиясы... 18.11.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-11-18T17:00+0600
2025-11-18T17:00+0600
2025-11-18T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/12/1097940476_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_3faaf422caf24d3546d0ba40f39746c2.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кытайдын тышкы иштер министри эртең Кыргызстанга келетАндрей Стенин атындагы XI эл аралык сынактын жеңүүчүлөрү аныкталдыБолгон шылтоосу — электр энергиясы менен кытайлар. Жапаровдун кезектеги маеги жарыяланды. Алдыда кеннеирээкКыргызстанда кытайлык жумушчуларга байланышкан талкуулар — шайлоо алдындагы чагымчылык. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди. Ал өлкөдөгү чагымчыл топторго азырынча сыртынан көз салып турганын белгиледи. Ошондой эле республикадагы чет өлкөлүктөрдү көзөмөлдөө үчүн мамлекеттин күчү жетиштүү экенин айткан. "Электр энергиясы боюнча кенен маалымат берсем тынчып калышты эле, эми кытайларды көтөрүп чыгып жатышат. Мыйзам бузган же визасынын мөөнөтү өтүп кеткен чет өлкөлүктөрдү керек болсо бир күндө тазалап салсак болот. Бирок азыр мамлекеттин алдында андай муктаждык жок", — деди мамлекет башчы. Президент өткөн жума соңундагы окуядан кийин кытайлык жумушчуларга катуу эскертүү берилгенин, алар жумушу бүтүп, визасы аяктаган соң Кыргызстандан чыгып кетерин айткан.
Эртең, 19-ноябрда, Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ван И Кыргызстанга расмий визит менен келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, Кытайдын башкы дипломаты кыргыз кесиптеши Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен келе жатат. Сапары эки күнгө созулат. "Визиттин жүрүшүндө өлкө жетекчилиги менен жолугушуу, тышкы иштер министри менен сүйлөшүүлөр пландалган. Ошондой эле тышкы саясат боюнча мекеме жетекчилеринин деңгээлиндеги стратегиялык диалогдун биринчи жыйынын өткөрүү күтүлүүдө", — деп айтылат маалыматта. Сапардын жыйынтыгында бир нече эки тараптуу документке кол коюлары белгиленген.
Үстүбүздөгү жылдын 8-декабрында Россиянын борбор калаасы Москва шаарында ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын жыйыны өтөт. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. “8-декабрда Москвада ассамблеянын төрагасы, Россиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володиндин жетекчилиги астында ЖККУнун парламенттик ассамблеясынын кеңешинин биргелешкен жыйыны жана 18-пленардык жыйыны өтөт”,- деп айтылат маалыматта. Жыйында заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы биргелешкен чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу жана жамааттык коопсуздуктун укуктук негиздерин бекемдөө максатында жаңы моделдик мыйзамдардын кабыл алынышы күтүлүүдө.
Андрей Стенин атындагы XI эл аралык сынактын жеңүүчүлөрү аныкталып, ага арналган салтанат бүгүн Москва шаарында Кызыл аянттагы Мамлекеттик тарых музейинде өттү. Фотожурналистика боюнча өнөр таймашынын баш байгесин москвалык художник Екатерина Якель жеңип алды. Калыстар тобу ага "Орус элине таандык мүнөз: тоскоолдуктарды жеңе билүү" деп аталган сүрөттөрдүн түрмөгү үчүн бир добуштан негизги сыйлыкты берүүнү чечкен. Эмгектер согушта башкаларга үлгү болуп каармандык көрсөткөн, жаракат алып, андан кийин жаңы жашоодо өмүр кечирип жаткан ардагерлер тууралуу баяндайт.Сүрөттөр түрмөгү "Портрет. Заманыбыздын каармандары" номинациясында сунушталды. Гран-при менен кошо 2025-жылдагы кыска тизмеге киргендердин байгелүү орундары жарыяланды.
Кытайдын тышкы иштер министри эртең Кыргызстанга келетАндрей Стенин атындагы XI эл аралык сынактын жеңүүчүлөрү аныкталдыБолгон шылтоосу — электр энергиясы менен кытайлар. Жапаровдун кезектеги маеги жарыяланды. Алдыда кеннеирээкКыргызстанда кытайлык жумушчуларга байланышкан талкуулар — шайлоо алдындагы чагымчылык. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди. Ал өлкөдөгү чагымчыл топторго азырынча сыртынан көз салып турганын белгиледи. Ошондой эле республикадагы чет өлкөлүктөрдү көзөмөлдөө үчүн мамлекеттин күчү жетиштүү экенин айткан. "Электр энергиясы боюнча кенен маалымат берсем тынчып калышты эле, эми кытайларды көтөрүп чыгып жатышат. Мыйзам бузган же визасынын мөөнөтү өтүп кеткен чет өлкөлүктөрдү керек болсо бир күндө тазалап салсак болот. Бирок азыр мамлекеттин алдында андай муктаждык жок", — деди мамлекет башчы. Президент өткөн жума соңундагы окуядан кийин кытайлык жумушчуларга катуу эскертүү берилгенин, алар жумушу бүтүп, визасы аяктаган соң Кыргызстандан чыгып кетерин айткан. Эртең, 19-ноябрда, Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ван И Кыргызстанга расмий визит менен келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, Кытайдын башкы дипломаты кыргыз кесиптеши Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен келе жатат. Сапары эки күнгө созулат. "Визиттин жүрүшүндө өлкө жетекчилиги менен жолугушуу, тышкы иштер министри менен сүйлөшүүлөр пландалган. Ошондой эле тышкы саясат боюнча мекеме жетекчилеринин деңгээлиндеги стратегиялык диалогдун биринчи жыйынын өткөрүү күтүлүүдө", — деп айтылат маалыматта. Сапардын жыйынтыгында бир нече эки тараптуу документке кол коюлары белгиленген.Үстүбүздөгү жылдын 8-декабрында Россиянын борбор калаасы Москва шаарында ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын жыйыны өтөт. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. “8-декабрда Москвада ассамблеянын төрагасы, Россиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володиндин жетекчилиги астында ЖККУнун парламенттик ассамблеясынын кеңешинин биргелешкен жыйыны жана 18-пленардык жыйыны өтөт”,- деп айтылат маалыматта. Жыйында заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы биргелешкен чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу жана жамааттык коопсуздуктун укуктук негиздерин бекемдөө максатында жаңы моделдик мыйзамдардын кабыл алынышы күтүлүүдө.Андрей Стенин атындагы XI эл аралык сынактын жеңүүчүлөрү аныкталып, ага арналган салтанат бүгүн Москва шаарында Кызыл аянттагы Мамлекеттик тарых музейинде өттү. Фотожурналистика боюнча өнөр таймашынын баш байгесин москвалык художник Екатерина Якель жеңип алды. Калыстар тобу ага "Орус элине таандык мүнөз: тоскоолдуктарды жеңе билүү" деп аталган сүрөттөрдүн түрмөгү үчүн бир добуштан негизги сыйлыкты берүүнү чечкен. Эмгектер согушта башкаларга үлгү болуп каармандык көрсөткөн, жаракат алып, андан кийин жаңы жашоодо өмүр кечирип жаткан ардагерлер тууралуу баяндайт.Сүрөттөр түрмөгү "Портрет. Заманыбыздын каармандары" номинациясында сунушталды. Гран-при менен кошо 2025-жылдагы кыска тизмеге киргендердин байгелүү орундары жарыяланды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/12/1097940476_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_e6af87e8e627c63b9278e13c2835be95.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио