https://sputnik.kg/20251118/1097937248.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын географиялык жайгашуусу — Кытайды, ЕАЭБ өлкөлөрүн, Түштүк Азияны жана Европаны бириктирген маанилүү жана негизги ресурстарынын бири. Бул... 18.11.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-11-18T15:00+0600
2025-11-18T15:00+0600
2025-11-18T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/12/1097937082_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_879987a36e908b4b12b388d4d42a2201.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын географиялык жайгашуусу — Кытайды, ЕАЭБ өлкөлөрүн, Түштүк Азияны жана Европаны бириктирген маанилүү жана негизги ресурстарынын бири. Бул туурасында экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Аймактык кызматташуу боюнча борбор азиялык экономикалык форумда айтты. Ал Кыргызстандын 2030-жылга чейинки улуттук стратегиясы турмушка ыңгайлашканын жана келечектүү багыттарды камтыганын жана бул форумдун узак мөөнөттү программасынын максаттарына туура келерин белгилеген. Министрдин айтымында, логистикалык байланыштын стратегиялык артыкчылыктарынын алкагында Кыргызстандын алдында так, таамай тапшырмалар коюлган. Ал милдеттемелер: аймактык логистикалык хабды түзүү, санариптик соода түйүнүн өнүктүрүү жана өлкөнүн "жашыл" энергия борбору катары вазийпасын арттыруу.
Бишкекте ушул ишемби менен жекшемби күндөрү 9, 10 жана 11-класстын окуучулары үчүн ыктыярдуу тестирлөө өтөрүн Агартуу министрлиги билдирди. Маалыматта окуучуларга үч предметти тандап алууга мүмкүнчүлүк берилип, жалпы жонунан 3,5 сааттык убакыт белгиленгени айтылат. Максаты — окуучулардын жетишкендиктерин баалоо, аттестацияга жана экзамендерге даярдоо, мектептеги баалоо ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана тесттик материалдар менен иштөө көндүмдөрүн калыптандыруу. "Окуучуларга каттоо номерлери таркатылды, аны менен белгиленген жерге белгилүү убакытта келип тестирлөөдөн өтүшөт", — дешти министрликтен. Ведомство региондогу окуучулар буга чейин ыктыярдуу тестирлөөдөн өтүшкөнүн кошумчалады.
Түшүмдүүлүгү начар көчөттөрдү алып кирүүгө тыюу салуу пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Токтом долбоорунда мындай көчөттөр топуракка терс таасир тийгизип, кошумча чыгымга учуратууда. Долбоор кабыл алынса, 1-январдан баштап жарым жылга чектөө киргизилет. Өлкөнүн климатына ылайыкташкан алма, алмурут, өрүк жана алчанын 20дан ашык сортуна чектөө жайылтылбайт. Бул интенсивдүү багбанчылыкты өнүктүрүүгө, азык-түлүк коопсуздугун жогорулатууга жана экспортту жакшыртууга шарт түзөт. Айыл чарба министрлиги былтыр ушундай чаралар сапатсыз көчөттөрдүн импортун эки эсе кыскартканын белгиледи.
Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев "Мурас Юнайтед" командасынын башкы машыктыруучусу Сергей Пучковду иштен алган себебин ачыктады. Бул тууралуу ал кечээ жогорку дивизиондогу клубдардын жетекчилери менен болгон жолугушууда айткан. Пучковдун жетекчилиги астында Манас шаарынын командасы Кыргызстандын чемпионатында 2-орунду ээлеп, өлкө кубогунун финалында утулуп калган. Ошондой эле Азия футбол конфедерациясынын Чакырык лигасынын плей-офф баскычына чыккан. "Пучковду эмне үчүн иштен алганымды билесиңерби? Сергей Валентинович футболчуларды жаман сөздөр менен сөккөнү үчүн кетти. Тим эле ашата сөгөт экен. Ал сөздү айткым да келбейт. Эмоциясын кармай албагандар менен оюнчулардын намысына тийгендер Кыргызстанда иштебейт. Стадиондо чоңдор да, жаштар да, балдар да отурат. Алардын көзүнчө сөгүнүү болбойт", — деген ал. Ошондой эле ал башка машыктыруучуларды да тартипке чакырууну тапшырган.
Кыргызстандын географиялык жайгашуусу — Кытайды, ЕАЭБ өлкөлөрүн, Түштүк Азияны жана Европаны бириктирген маанилүү жана негизги ресурстарынын бири. Бул туурасында экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Аймактык кызматташуу боюнча борбор азиялык экономикалык форумда айтты. Ал Кыргызстандын 2030-жылга чейинки улуттук стратегиясы турмушка ыңгайлашканын жана келечектүү багыттарды камтыганын жана бул форумдун узак мөөнөттү программасынын максаттарына туура келерин белгилеген. Министрдин айтымында, логистикалык байланыштын стратегиялык артыкчылыктарынын алкагында Кыргызстандын алдында так, таамай тапшырмалар коюлган. Ал милдеттемелер: аймактык логистикалык хабды түзүү, санариптик соода түйүнүн өнүктүрүү жана өлкөнүн "жашыл" энергия борбору катары вазийпасын арттыруу.Бишкекте ушул ишемби менен жекшемби күндөрү 9, 10 жана 11-класстын окуучулары үчүн ыктыярдуу тестирлөө өтөрүн Агартуу министрлиги билдирди. Маалыматта окуучуларга үч предметти тандап алууга мүмкүнчүлүк берилип, жалпы жонунан 3,5 сааттык убакыт белгиленгени айтылат. Максаты — окуучулардын жетишкендиктерин баалоо, аттестацияга жана экзамендерге даярдоо, мектептеги баалоо ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана тесттик материалдар менен иштөө көндүмдөрүн калыптандыруу. "Окуучуларга каттоо номерлери таркатылды, аны менен белгиленген жерге белгилүү убакытта келип тестирлөөдөн өтүшөт", — дешти министрликтен. Ведомство региондогу окуучулар буга чейин ыктыярдуу тестирлөөдөн өтүшкөнүн кошумчалады.Түшүмдүүлүгү начар көчөттөрдү алып кирүүгө тыюу салуу пландалууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Токтом долбоорунда мындай көчөттөр топуракка терс таасир тийгизип, кошумча чыгымга учуратууда. Долбоор кабыл алынса, 1-январдан баштап жарым жылга чектөө киргизилет. Өлкөнүн климатына ылайыкташкан алма, алмурут, өрүк жана алчанын 20дан ашык сортуна чектөө жайылтылбайт. Бул интенсивдүү багбанчылыкты өнүктүрүүгө, азык-түлүк коопсуздугун жогорулатууга жана экспортту жакшыртууга шарт түзөт. Айыл чарба министрлиги былтыр ушундай чаралар сапатсыз көчөттөрдүн импортун эки эсе кыскартканын белгиледи.Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев "Мурас Юнайтед" командасынын башкы машыктыруучусу Сергей Пучковду иштен алган себебин ачыктады. Бул тууралуу ал кечээ жогорку дивизиондогу клубдардын жетекчилери менен болгон жолугушууда айткан. Пучковдун жетекчилиги астында Манас шаарынын командасы Кыргызстандын чемпионатында 2-орунду ээлеп, өлкө кубогунун финалында утулуп калган. Ошондой эле Азия футбол конфедерациясынын Чакырык лигасынын плей-офф баскычына чыккан. "Пучковду эмне үчүн иштен алганымды билесиңерби? Сергей Валентинович футболчуларды жаман сөздөр менен сөккөнү үчүн кетти. Тим эле ашата сөгөт экен. Ал сөздү айткым да келбейт. Эмоциясын кармай албагандар менен оюнчулардын намысына тийгендер Кыргызстанда иштебейт. Стадиондо чоңдор да, жаштар да, балдар да отурат. Алардын көзүнчө сөгүнүү болбойт", — деген ал. Ошондой эле ал башка машыктыруучуларды да тартипке чакырууну тапшырган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/12/1097937082_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_91dbf725b2754b152046162e521a8fd3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио