00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Индия Кыргызстанга 253 млн. сом грант беретБайсалов антикытайлык чагымдарды кырдаалды чайпалткысы келгендер жасап жатканын айттыМинкаб төрагасы жумуш сапары менен Россияга барды. Алдыда кененирээкМинистрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жумушчу сапары менен Россия федерациясынын Москва шаарына барды. Жумуш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин тар жана кеңейтилген курамдагы 24-жыйынына катышат. Жыйында соода-экономикалык кызматташуу, каржылык өз ара аракеттенүү жана Кыргызстандын төрагалыгы алдында ШКУну мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланат. Жыйындын соңунда бир катар документтерге кол коюлат.
Антикытайлык чагымдардын артында Кыргызстанды чайпалткысы келгендер турат. Мындай пикирин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов социалдык тармакка жазды. Ал коомдо кырдаалды курчуткусу келгендердин кадамдарына түйшөлүп жатканын билдирип, тартип сактоо органдарын ортодо от жакчу иштерди дароо токтотууга чакырган. Байсалов Пакистанга болгон сапарындагы бир учурду мисал келтирген. Анын айтымына таянсак, Карачи шаарында кытайлык ишканалар, соода жайлары жана инвестициялар жок. Ал жергиликтүүлөр бул көрүнүш сырттан колдоо алган антимамлекетчилердин Кытайга каршы кампаниясынын натыйжасы болгонун, мындай иштер айрым учурларда террордук чабуулдарга чейин жеткенин айтып бергенин баяндады. Байсаловдун айтымында, Кытай менен стратегиялык жакындыгына карабастан Пакистан эң маанилүү өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүнүн бирин өзү эле жаап алган. Ал эми мындай кадам алардын экономикалык өсүшүнө олуттуу тоскоол болгон.
Индия Кыргызстанга эки долбоорду каржылоого 253 миллион сомду грант катары берет. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, тиешелүү меморандумга бүгүн кол коюлган. "Келген каражат Кыргыз экономикалык университети үчүн IT-лаборатория ачууга жана Лейлек районунун дарыгерлик практика борборун оңдоп-түзөөгө жумшалат", — деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, ар бир долбоор үчүн Индия тарап 126 миллион 600 миң сомдон берген.
Бүгүнкү күнгө карата кант кызылчасы 85,9 пайыз жыйналып, 431,7 миң тонна продукция алынган. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, республика боюнча кант кызылчасы 13 миң 400 гектар жерге айдалган. Мында 500 гектар Талас облусунда, 50 гектар Ысык-Көл облусунда, калганы Чүй облусунда айдалган. “Дыйкандар "Кайыңды кант" жана "Кошой" заводдору менен түзүлгөн келишимдин негизинде төккөн түшүмүнүн 30 пайызын акчалай, 70 пайызын кумшекер түрүндө алышат”,- деди Идрисов. Белгилүү болгондой, эки завод күнүнө 16-17 миң тоннадан кант кызылчасын кабыл алышууда. Эки заводду кошкондо бир суткада кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү 6-6,5 миң тонна экендиги кошумчаланды.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 70 тыйынга рубль 1 сом 8 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин литри 76 сом 40 тыйындан баштап сатылууда Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 81 сом 40 тыйындан жогору дизель майы литрине 80 сом сом 90 тыйындан тарта бааланса, унаа газынын литри 38 сом 50 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ18-ноябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 18-ноябрь, шейшембиде республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +16...+21, Талас аймагында +14...+19, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +15...+20, Ысык-Көл жергесинде +6...+11, Нарын аймагында +5...+10 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +16...+18, Ош шаарында +17...+19 градуска чейин көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0