https://sputnik.kg/20251117/1097912212.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жылына 10 миңден ашык ымыркай ара төрөлөтЕгипет туристтер үчүн виза акысын көбөйтүүнү пландоодоЭнергетика министри көмүр кендерин текшерди. Алдыда... 17.11.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-11-17T17:00+0600
2025-11-17T17:00+0600
2025-11-17T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/11/1097912046_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_3d0b6d5de094cba0f3d9212284a324ad.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жылына 10 миңден ашык ымыркай ара төрөлөтЕгипет туристтер үчүн виза акысын көбөйтүүнү пландоодоЭнергетика министри көмүр кендерин текшерди. Алдыда кененирээкБүгүн энергетика министри Таалайбек Ибраев "Кыргызкөмүр" ААКка караштуу Кара-Кече жана Ак-Улак көмүр кендериндеги иштерди текшерди. Ведомстводон маалымдашкандай, министрдин иш сапарынын негизги максаты социалдык тармактардагы "көмүр жетишсиз болуп жатат" деген маалыматтарды тактоо болгон. Кара-Кече кениндеги калкка көмүр жеткирүү, казуу иштери тууралуу "Кыргызкөмүр" ААКтын жетекчилиги маалымат берди. Маалыматка ылайык, учурда Кара-Кече кесиминен 2025-жылдын башынан бери 978 584 тонна көмүр даярдалып, калкка жана Бишкек ЖЭБине жеткирилди. Жалпы 255 техника иш алып барууда. Жалпысынан республиканын аймагында 132 отун кампа ачылып, баасы региондун алыстыгы жана логистикалык чыгымдарына жараша 3290 сомдон 6800 сомго чейин сатылууда. Эки көмүр иргөөчү станок иштөөдө.
Кыргызстанда жыл сайын 10 миңден ашуун бала айына жетпей (ара) төрөлөт. Мындай статистиканы Эне жана баланы коргоо улуттук борбору келтирди. Оорукананын маалыматы боюнча, айынан эрте төрөлгөн ымыркайларды багуу абдан кымбатка турган жана татаал процесс. Алардын жашоосу алгачкы күндөрдө жогорку технологиялык медициналык жардамга, адистердин квалификациясына жана коомдун колдоосуна муктаж. Борбор белгилегендей, 2004-жылдан бери Кыргызстан толугу менен Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму сунуштаган жаңы төрөлгөн ымыркайларды каттоо критерийлерине өткөн. Бул критерийлерге ылайык, кош бойлуулуктун 22-жумасынан кийин төрөлгөн жана салмагы 500 граммдан ашкан балдар катталат.
Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев Чыңгыз Айтматов проспектиндеги өрт чыккан үйгө барып тургундар менен жолукканын муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка караганда, калаа бийлиги жабыркагандардын турак жай маселесин чечип берүүнүн варианттарын караштырууда."Алардын бири — Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу турак жай менен камсыздоо. Бул боюнча мамлекет башчысына сунуш даярдалды. Ал эми кырсыктан жабыркаган үйдүн жашоочулары убактылуу Каниметов атындагы №1 гимназия-интернатына жайгаштырылды", — деп айтылган маалыматта. Калаа башчысы ооруканада жаткандарды да барып көргөн. Аларга мэриянын резервдик фондунан каражат бөлүү үчүн зарыл болгон документтер даярдалып жатканын айтты. Эске салсак, аталган кырсык 15-ноябрь күнү катталган. Көп кабат үйдөн өрт чыгып, дүрбөлөңгө түшкөн үч киши өз алдынча качып чыгабыз деп терезеден секирип, жаракат алган.
Египет туристтер үчүн виза акысын көбөйтүүнү пландоодо. Бул тууралуу Masrawy порталы билдиргенин, Интерфакс кабарлайт. Маалыматка ылайык, Египет парламенти консулдук акыны көбөйткөн жана кирүү визасынын баасын дээрлик эки эсеге жогорулаткан мыйзам долбооруна түзөтүүлөрдү жактырды. Мыйзам долбоору Тышкы иштер министрлиги тарабынан Египеттин сыртында да, өлкөнүн ичинде да көрсөтүлгөн кызматтар үчүн акыны көбөйтүүгө багытталган. Парламент тарабынан бекитилген беренеде Египет бийлиги тарабынан кирүү пункттарында берилген ар бир кирүү же транзиттик виза үчүн 20 доллардан же чет өлкөдөгү чет элдик валютадагы эквиваленттен ашпаган акы каралган. Буга ошондой эле Египеттин чет өлкөлөрдөгү элчиликтери жана консулдуктары тарабынан жарандарга көрсөтүлгөн ар кандай кызматтар кирет.
Кыргызстанда жылына 10 миңден ашык ымыркай ара төрөлөтЕгипет туристтер үчүн виза акысын көбөйтүүнү пландоодоЭнергетика министри көмүр кендерин текшерди. Алдыда кененирээкБүгүн энергетика министри Таалайбек Ибраев "Кыргызкөмүр" ААКка караштуу Кара-Кече жана Ак-Улак көмүр кендериндеги иштерди текшерди. Ведомстводон маалымдашкандай, министрдин иш сапарынын негизги максаты социалдык тармактардагы "көмүр жетишсиз болуп жатат" деген маалыматтарды тактоо болгон. Кара-Кече кениндеги калкка көмүр жеткирүү, казуу иштери тууралуу "Кыргызкөмүр" ААКтын жетекчилиги маалымат берди. Маалыматка ылайык, учурда Кара-Кече кесиминен 2025-жылдын башынан бери 978 584 тонна көмүр даярдалып, калкка жана Бишкек ЖЭБине жеткирилди. Жалпы 255 техника иш алып барууда. Жалпысынан республиканын аймагында 132 отун кампа ачылып, баасы региондун алыстыгы жана логистикалык чыгымдарына жараша 3290 сомдон 6800 сомго чейин сатылууда. Эки көмүр иргөөчү станок иштөөдө.Кыргызстанда жыл сайын 10 миңден ашуун бала айына жетпей (ара) төрөлөт. Мындай статистиканы Эне жана баланы коргоо улуттук борбору келтирди. Оорукананын маалыматы боюнча, айынан эрте төрөлгөн ымыркайларды багуу абдан кымбатка турган жана татаал процесс. Алардын жашоосу алгачкы күндөрдө жогорку технологиялык медициналык жардамга, адистердин квалификациясына жана коомдун колдоосуна муктаж. Борбор белгилегендей, 2004-жылдан бери Кыргызстан толугу менен Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму сунуштаган жаңы төрөлгөн ымыркайларды каттоо критерийлерине өткөн. Бул критерийлерге ылайык, кош бойлуулуктун 22-жумасынан кийин төрөлгөн жана салмагы 500 граммдан ашкан балдар катталат. Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев Чыңгыз Айтматов проспектиндеги өрт чыккан үйгө барып тургундар менен жолукканын муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка караганда, калаа бийлиги жабыркагандардын турак жай маселесин чечип берүүнүн варианттарын караштырууда."Алардын бири — Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу турак жай менен камсыздоо. Бул боюнча мамлекет башчысына сунуш даярдалды. Ал эми кырсыктан жабыркаган үйдүн жашоочулары убактылуу Каниметов атындагы №1 гимназия-интернатына жайгаштырылды", — деп айтылган маалыматта. Калаа башчысы ооруканада жаткандарды да барып көргөн. Аларга мэриянын резервдик фондунан каражат бөлүү үчүн зарыл болгон документтер даярдалып жатканын айтты. Эске салсак, аталган кырсык 15-ноябрь күнү катталган. Көп кабат үйдөн өрт чыгып, дүрбөлөңгө түшкөн үч киши өз алдынча качып чыгабыз деп терезеден секирип, жаракат алган.Египет туристтер үчүн виза акысын көбөйтүүнү пландоодо. Бул тууралуу Masrawy порталы билдиргенин, Интерфакс кабарлайт. Маалыматка ылайык, Египет парламенти консулдук акыны көбөйткөн жана кирүү визасынын баасын дээрлик эки эсеге жогорулаткан мыйзам долбооруна түзөтүүлөрдү жактырды. Мыйзам долбоору Тышкы иштер министрлиги тарабынан Египеттин сыртында да, өлкөнүн ичинде да көрсөтүлгөн кызматтар үчүн акыны көбөйтүүгө багытталган. Парламент тарабынан бекитилген беренеде Египет бийлиги тарабынан кирүү пункттарында берилген ар бир кирүү же транзиттик виза үчүн 20 доллардан же чет өлкөдөгү чет элдик валютадагы эквиваленттен ашпаган акы каралган. Буга ошондой эле Египеттин чет өлкөлөрдөгү элчиликтери жана консулдуктары тарабынан жарандарга көрсөтүлгөн ар кандай кызматтар кирет.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/11/1097912046_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_8477c31d0640ef99b252dc69df1f3403.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио