00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Үйдү туура жылуулоо менен электр энергиясын канча пайызга үнөмдөсө болот?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
БА өлкө башчыларынын Ташкенттеги жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлдуMANAS CUP турниринде кыргыз футболчулары ирандыктарды жеңдиЖапаров “Борбор Азия +” форматындагы аянтчаларда бирдиктүү фронт менен чыгууну сунуштадыАлдыда кененирээкСадыр Жапаров “Борбор Азия +” форматындагы аянтчаларда бирдиктүү фронт менен чыгууну сунуштады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Президент Ташкент шаарында Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусунда сүйлөгөн. Өлкө башчы аймак үчүн мүмкүнчүлүктөр ачылып жаткан доордо өз ара ишеним жана биримдик духун сактоо мурдагыдан да маанилүү экенин белгиледи. Садыр Жапаров буга байланыштуу аймактын мамлекеттеринин позицияларды координациялап, “Борбор Азия +” форматындагы аянтчаларда бирдиктүү фронт менен, атап айтканда, башка мамлекеттер менен болгон саммиттердин алдында тышкы саясий ведомстволордун консультацияларын уюштуруу аркылуу чыгуусун сунуштады. Ал ошондой эле Азербайжандын Консультативдик жолугушуулар форматына толук кандуу мүчө катары кошулушун колдоого алды.
Белгилей кетсек, Ташкент шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусунун алкагында мамлекет башчылары бир катар документтерге кол коюшту. - Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү; - Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө-мамлекеттерге Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлиги боюнча кайрылуусу; - Азербайжандын Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусуна толук кандуу катышуусу жөнүндө чечим; - Борбор Азиядагы аймактык коопсуздуктун, туруктуулуктун жана туруктуу өнүгүүнүн концепциясы; - 2026-2028-жылдарга карата Борбор Азиянын коопсуздугуна байланыштуу тобокелдиктердин каталогу жана аларды алдын алуу чаралары.
Футбол боюнча Кыргызстандын олимпиадалык курамасы MANAS CUP турниринде ирандыктарды жеңди."Курманбек" стадионунда болгон оюндун биринчи бөлүгү 0:0 менен жыйынтыкталган. Экинчи бөлүктө ирандыктар эсеп санын ачып, бирок оюндун акыркы мүнөттөрүндө Марлен Мурзахматов гол киргизип, эсеп санын теңеди. Кошумча мүнөттө Саид Дациев өз дараметин көрсөтүп, "ак шумкарлар" жеңишти камсыздашты. Натыйжада эсеп 2:1 менен аяктады. Белгилей кетсек, U-23 курамасы буга чейин бул команда менен 2 жолу беттешип, бирөөндө тең чыкса, экинчисинде жеңилип калган. Эске салсак, Manas cup 2025 мелдешинин алгачкы беттешинде да олимпиадалык курама Бахрейнди 2:1 эсебинде уткан. Учурда турнирдик жадыбалда Россия менен Кыргызстан сап башында келе жатат. Кийинки беттеш үч күндөн кийин болот. 18-ноябрда кыргызстандыктар россиялык спортчулар менен таймашат.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 70 тыйынга рубль 1 сом 8 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин литри 75 сом 90 тыйындан баштап сатылууда Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 81 сом 40 тыйындан жогору дизель майы литрине 80 сом сом 90 тыйындан тарта бааланса, унаа газынын литри 38 сом 40 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ 17-ноябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секунадсына 3-8 метрге жетет. 17-ноябрь, дүйшөмбүдө республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +15...+20, Талас аймагында +13...+18, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +17...+22, Ысык-Көл өрөөнүндө +8...+13, Нарын жергесинде +7...+12 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +18...+20, Ош шаарында +19...+21 градуска чейин көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0