https://sputnik.kg/20251113/1097839014.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Таластагы "Манас Ордону" реконструкциялоо долбооруна капсула салып, курулуш бир күн да токтобошу керектигин эскертти. Бул тууралуу анын... 13.11.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-11-13T19:00+0600
2025-11-13T19:00+0600
2025-11-13T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/0d/1097838848_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_e124ef1d47ed3020cf45d3f8f6ed5fbd.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Таластагы "Манас Ордону" реконструкциялоо долбооруна капсула салып, курулуш бир күн да токтобошу керектигин эскертти. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди. Жаңыланган комплекс күнүнө 10 миң конокту кабыл алууга ыңгайлашып, Борбор Азиядагы ири маданий жана туристтик борборлордун бири болот. Анын аймагына заманбап конгресс-холл, галерея, конок үйлөр, административдик имараттар жана түлөөкана курулат.Долбоор менен таанышкан өлкө башчы Айкөлдүн комплекстин ортосундагы ажыдаардын башына кылыч сайган айкелин ошол бойдон калтырууну тапшырды. Ал ошондой эле эл менен жолугушуу учурунда Таласты өнүктүрүүгө 8 миллиард сом бөлүнөрүн айтып, облус эгемендүүлүк жылын татыктуу тосушу керектигин кошумчалады.
Кыргызстан быйыл эмне себептен улам Казакстанга электр энергиясын экспорттогонун энергетика министри Таалайбек Ибраев түшүндүрүп берди. Буга чейин Казакстандын жалпыга маалымдоо каражаттары январь-август аралыгында Кыргызстандан 300 миллион киловатт-саат энергия келгенин жазышкан. Ибраев 2021-жылы товар алмашуунун негизинде өлкө коңшу мамлекеттен 900 миллион киловатт-саат электр кубатын алып, аны 2023-жылга чейин кайтарып бермектигин билдирди. Казак тарап карызга да сураган. Алгач Кыргызстан баш тарткан, бирок сүйлөшүүлөрдөн кийин кышында кайтарылат деген шарт менен берүүнү чечкен.
Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолунун Жети-Өгүз районундагы Балтабай айылындагы жеринде автоунаалар кагышып, бир киши каза болду. Бул туурасында аталган райондун милициясынан кабарлашты. BMW X5 үлгүсүндөгү автокөлүк алдыдагы машинадан озуп өтөм деп каршы тилкеге чыгып, маңдайында келе жаткан Mercedes-Benz менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен Mercedes-Benz унаасын айдап келе жаткан 27 жаштагы киши көз жумган.Милициядан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатканын айтышты.
Москва компаниялары быйылкы жылдын тогуз айында КМШ өлкөлөрүнө салган товарларынын көлөмүн төрттөн бирге көбөйттү, ал эми Кыргызстанга жасаган экспорту 47 пайызга өстү. Бул туурасында Москва өкмөтүнүн министри, Инвестиция жана өнөр жай саясаты департаментинин жетекчиси Анатолий Гарбузов билдирди. Суроо-талап азык-түлүккө, дары-дармек жана косметикалык каражаттарга көп болгон. 2025-жылдын январь – сентябрында москвалык ишканалар жөнөткөн продукциялардын ичинен азык-түлүктүн көлөмү 22, фармацевтиканыкы 18, ал эми косметиканыкы 34 пайызга арбыган. Москвалык компанияларга "Моспром" көмөктөшүүдө. Ал чет элдик рынокко чыгаар алдындагы ар бир этапта ишканаларга системалык жардамын сунуштап келет./// Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 24 тыйынга рубль 1 сом 8 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин литри 75 сом 90 тыйындан баштап сатылууда Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 81 сом 40 тыйындан жогору дизель майы литрине 80 сом сом 90 тыйындан тарта бааланса, унаа газынын литри 38 сом 40 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ 14-ноябрга караган караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. БИШКЕК, 02-Ноя. — Sputnik. 14-ноябрь, жума күнү республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +13...+18, Талас аймагында +12...+17, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +14...+19, Ысык-Көлдө +9...+14, Нарын өрөөнүндө +7...+12 градус жылуу болот. Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында +16…+18, градуска көтөрүлөт.
Президент Садыр Жапаров Таластагы "Манас Ордону" реконструкциялоо долбооруна капсула салып, курулуш бир күн да токтобошу керектигин эскертти. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди. Жаңыланган комплекс күнүнө 10 миң конокту кабыл алууга ыңгайлашып, Борбор Азиядагы ири маданий жана туристтик борборлордун бири болот. Анын аймагына заманбап конгресс-холл, галерея, конок үйлөр, административдик имараттар жана түлөөкана курулат.Долбоор менен таанышкан өлкө башчы Айкөлдүн комплекстин ортосундагы ажыдаардын башына кылыч сайган айкелин ошол бойдон калтырууну тапшырды. Ал ошондой эле эл менен жолугушуу учурунда Таласты өнүктүрүүгө 8 миллиард сом бөлүнөрүн айтып, облус эгемендүүлүк жылын татыктуу тосушу керектигин кошумчалады. Кыргызстан быйыл эмне себептен улам Казакстанга электр энергиясын экспорттогонун энергетика министри Таалайбек Ибраев түшүндүрүп берди. Буга чейин Казакстандын жалпыга маалымдоо каражаттары январь-август аралыгында Кыргызстандан 300 миллион киловатт-саат энергия келгенин жазышкан. Ибраев 2021-жылы товар алмашуунун негизинде өлкө коңшу мамлекеттен 900 миллион киловатт-саат электр кубатын алып, аны 2023-жылга чейин кайтарып бермектигин билдирди. Казак тарап карызга да сураган. Алгач Кыргызстан баш тарткан, бирок сүйлөшүүлөрдөн кийин кышында кайтарылат деген шарт менен берүүнү чечкен. Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолунун Жети-Өгүз районундагы Балтабай айылындагы жеринде автоунаалар кагышып, бир киши каза болду. Бул туурасында аталган райондун милициясынан кабарлашты. BMW X5 үлгүсүндөгү автокөлүк алдыдагы машинадан озуп өтөм деп каршы тилкеге чыгып, маңдайында келе жаткан Mercedes-Benz менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен Mercedes-Benz унаасын айдап келе жаткан 27 жаштагы киши көз жумган.Милициядан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатканын айтышты.Москва компаниялары быйылкы жылдын тогуз айында КМШ өлкөлөрүнө салган товарларынын көлөмүн төрттөн бирге көбөйттү, ал эми Кыргызстанга жасаган экспорту 47 пайызга өстү. Бул туурасында Москва өкмөтүнүн министри, Инвестиция жана өнөр жай саясаты департаментинин жетекчиси Анатолий Гарбузов билдирди. Суроо-талап азык-түлүккө, дары-дармек жана косметикалык каражаттарга көп болгон. 2025-жылдын январь – сентябрында москвалык ишканалар жөнөткөн продукциялардын ичинен азык-түлүктүн көлөмү 22, фармацевтиканыкы 18, ал эми косметиканыкы 34 пайызга арбыган. Москвалык компанияларга "Моспром" көмөктөшүүдө. Ал чет элдик рынокко чыгаар алдындагы ар бир этапта ишканаларга системалык жардамын сунуштап келет./// Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 24 тыйынга рубль 1 сом 8 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин литри 75 сом 90 тыйындан баштап сатылууда Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 81 сом 40 тыйындан жогору дизель майы литрине 80 сом сом 90 тыйындан тарта бааланса, унаа газынын литри 38 сом 40 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ 14-ноябрга караган караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. БИШКЕК, 02-Ноя. — Sputnik. 14-ноябрь, жума күнү республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +13...+18, Талас аймагында +12...+17, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +14...+19, Ысык-Көлдө +9...+14, Нарын өрөөнүндө +7...+12 градус жылуу болот. Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында +16…+18, градуска көтөрүлөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/0d/1097838848_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_126c248fffc2ddbaba1f8cb6b15c7c2c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио