00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Кибермошенничество, ИИ и личные данные: что меняет цифровой кодекс КР
08:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Түшүмдүүлүк 20 пайызга жогорулайт - Өкмөт күзгү дан айдоону колго алууда
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
«Судьба солдата»: как в КР возвращают имена бойцам, исчезнувшим в годы войны
10:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мектептерде зомбулукту азайтуу боюнча кандай чаралар көрүлүүдө?
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Эки жумада 2709 кайрылуу түшкөн – Эми айдоочулук күбөлүктү онлайн алмаштырса болот
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
Промышленная кооперация в ЕАЭС: в какие проекты может попасть Кыргызстан?
12:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
“Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу идеологиялык документ боло алабы?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Окуучулардын өнөр жолу ачылат. Өлкөдө алгачкы жолу “Жаш талант” фестивалы өтөт
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Рост ОРВИ и грипп в Кыргызстане: как защитить детей этой зимой?
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Биз курган үйлөр ЕАЭБ мамлекеттериндеги туризмди өнүктүрүүгө көмөктөш боло алат
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
О вкладе российских ученых в изучение эпоса «Манас»
18:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Айтматовдун феномени эмнеде? Жазуучу тууралуу маек
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Окуучулардын өнөр жолу ачылат. Өлкөдө алгачкы жолу “Жаш талант” фестивалы өтөт
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Кыргызстандын бардык бурчунда түнкү саат 22:00дөн кийин кафе-ресторандар, түнкү клубдар, оюн-зоок жайлары ишин токтотушу керек. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев "Регион" телеканалы аркылуу билдирди. Анын айтымында, өкмөт тынчтыкты сактоо токтомун кабыл алганы менен көп жерлерде бул тартип сакталбай жатат. Ал жакында эле кесиптеши менен туугандарынын тоюна барганын, эки иш-чара тең түнкү 12ге чейин уланып, аларга эч ким чара көрбөгөнүн белгиледи. "Шаардын мэрлери, райондун акимдери, облустун губернаторлору, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү карап, мыйзамды аткартышы керек эле. Саат 22:00дөн кийин бардык тойлор, оюн-зооктор токтоп, түнкү клуб, кафе-ресторандар жабылышы керек. Кимдир бирөө тартипке баш ийбесе, жарыгын өчүрүп койгула", — деди Ташиев. Ал ошондой эле түнкү саат 10дон кийин иштеп жаткан көңүл ачуучу жайларды көрбөй калган мэр болсо, билбей калган аким болсо же байкабай калган губарнатор болсо жоопко тартыларын эскертти.
Кыргызстан өзүн уй жана кой эти менен толук камсыздап жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Ал эми тоок эти квота боюнча импорттолот. 2025-жылы 58 миң тонна кирсе, 2026-жылы 48 миң тонна тоок этин тыштан сатып алуу пландалууда. Буга чейин өлкөдө эттин баасына мамлекеттик көзөмөлдүн мөөнөтү жыл соңуна чейин узартылган. Мындай чечим эт рыногундагы баанын кескин өсүшүнө жана алып сатарлыкка жол бербөө максатында кабыл алынган.
Борбор калаада "Евразия" социалдык дүкөндөрүнүн төртүнчүсү ачылды. Ал Манас көчөсүндө жайгашкан. "Евразия" уюмунан социалдык дүкөндөр тармагын кеңейтүүнүн максаты пенсионерлерди, ардагерлерди жана майыптыгы барларды колдоп, турмуш-тиричиликке керек болгон товарлар менен кымбат эмес баада камсыздоо экенин айтышты. Буга чейин үч дүкөн ачылып, иштеп жаткан. Дүкөндөн азык-түлүктү аты-жөнү көрсөтүлгөн социалдык карта аркылуу сатып алууга болот. Аны дүкөндөн анкета толтурганда бекер беришет. Долбоор "Евразия" автономдуу коммерциялык эмес уюму менен Кыргызстан ортосунда түзүлгөн кызматташтык меморандумунун алкагында ишке ашууда.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Россиянын тоңдурулуп турган каражатын конфискациялоонун кесепети болорун моюндады. Бул тууралуу ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтканын РИА Новости жазды. Ак үйдүн өкүлү россиялык каражат боюнча маселе менен финансы министри Скотт Бессент алек экенин белгилеп, конфискациялоого бир беткей пикир айтуудан карманган. Эскерте кетсек, Евробиримдик лидерлери 23-октябрда Брюсселде өткөн саммитте Россиянын Борбордук банкынын тоңдурулган активин Украинага насыя катары берүү сунушу боюнча макулдашууга келе алышкан эмес. Маселе 18-19-декабрга белгиленген Европа кеңешинин жыйынында карала турган болду. Ушу тапта Россиянын башкы банкынын 200 миллиард евродон ашуун акчасы Евробиримдикте тоңдурулуп турат. Октябрдын башында Еврокомиссия 2025-жылдын январынан сентябрына чейин аталган каражаттан түшкөн кирешенин эсебинен Украинага 14 миллиард евро которгонун билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0