00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Үйдү туура жылуулоо менен электр энергиясын канча пайызга үнөмдөсө болот?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Кезексиз парламенттик шайлоого катышууну каалаган 507 жаран 300 миң сомдон шайлоо төгүмүн которду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди. Бирок БШК 467 жаранды гана талапкер катары каттаган. Жылкыбаев шайлоо төгүмүн төккөн ортодогу 40 адамдын акчасы кайтарылбай турганын белгиледи. "Аларды БШК каттабай койгону менен акчасы берилбейт. Мыйзамда андай механизм да каралбаптыр. Кылмыш иши бар же чет элде жүрүп алганы өздөрүнүн күнөөсү да. Бул тууралуу талапкерлерге алдын ала айтылган", — деди БШК мүчөсү.Ал шайлоо төгүмү катары чогулган 147 миллион сом республикалык бюджетке которулганын кошумчалады. Мында I, II топтогу майыптар 50 миң сомдон, III топтогулар 70 миң сомдон которушкан.
ЕАЭБ менен Индия жеңилдиктер каралган соода келишимин иштеп чыгууда. Бул тууралуу ЕЭКтин соода министри Андрей Слепнев Индия элчиси менен жолукканда айткан.Учурда сүйлөшүүлөрдүн биринчи этабын баштоого даярдык жүрүп жатат. "ЕАЭБ менен Индиянын соода-экономикалык байланышы туруктуу бойдон калууда. Өз ара соодада алымдарды жоюу уюм менен аталган өлкө ортосунда экономикалык алаканын кеңири мүмкүнчүлүгүн ачууга кошумча өбөлгө болот", — деген Слепнев.
Бишкектин четинде Кыргыз-Россия Славян университетинин (КРСУ) кампусу пайда болот. КРСУнун ректору Сергей Волков журналисттерге билдиргендей, учурда долбоордук документтер даярдалып, жер тилкесин бөлүп берүү маселеси чечилүүдө. Анын айтымында, бул маселе Кыргыз-Россия өкмөттөр аралык комиссиясынын 26-жыйынынын жыйынтыгында чечилет. Волков кампустун курулушун Россия каржылап жатканын кошумчалады.
Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков кийинки жылы пландалган бардык инфраструктуралык долбоорлор соңуна чыгарын айтты. Кыргыз премьер-лигасына кийинки сезондо Талас жана Токтогул шаарынан эки команда кошулуп, жалпы 16 футболдук клуб ат салышат.Анын айтымында, машыгуу базаларын куруу үчүн мамлекет тарабынан өлкөнүн футбол клубдарына үч гектардан жети гектарга чейин жер бөлүндү. Ошондой эле ал жаңы түзүлгөн командаларды каттоо, аларды колдоо, АФКнын талаптарына жооп берген инфратүзүмдү даярдоодо Кыргыз футбол биримдиги бардык жардамды көрсөтөрүн кошумчалады.
Европа лидерлери өз элинен кооптонуп Украина аймагына аскер күчүн жөнөтпөй жатат. Бул тууралуу Владимир Зеленский The Guardian басылмасына маек куруп жатып айтканын РИА Новости кабарлады. Ал европалык союздаштарынын финансылык жана аскердик колдоосунан ажырап калам деп корккондуктан бул маселеге басым жасабаганын билдирген. Белгилей кетсек, октябрдын аяк ченинде Euractiv басылмасы Евробиримдиктин аскер комитетинин жетекчиси Шон Клэнсиге таянуу менен Украинага аскер инструкторлорун жөнөтүү ыктымалдыгы боюнча талкуулар АКШнын тынчтык орнотуу аракетинен улам жанданганын жазып чыккан. Мында Брюссель зарылдык жаралмайынча аскер жөнөтпөй турганы белгиленген. Анын бири атышуунун токтотулушу эле. Россия ТИМи Украинага НАТО өлкөлөрүнүн аскер күчүнүн жайгашуусу кабыл алынгыс нерсе экенин белгилеп, кырдаалды кескин курчутуп жиберерин эскерткен. Москва контингенттин жөнөтүлүшү тууралуу билдирүүлөрдү согуштук аракеттердин уланышына шыкактаган кадам деп атаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0