https://sputnik.kg/20251110/1097757292.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров стадиондун жаңы ачылган кичи аренасын "Жаштык арена" деп атадыГүлчө шаар макамын алып, анда мэр дайындалды Касымалиев менен Оверчук Россия өкмөтү... 10.11.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-11-10T19:00+0600
2025-11-10T19:00+0600
2025-11-10T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/0a/1097757126_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_6fdcaa825339a0bceeb39d92d9041956.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров стадиондун жаңы ачылган кичи аренасын "Жаштык арена" деп атадыГүлчө шаар макамын алып, анда мэр дайындалды Касымалиев менен Оверчук Россия өкмөтү куруп жаткан мектепке барыштыМинистрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук РФ тарабынан Бишкекте курулуп жаткан мектепке барышты.Окуу жай 1 224 окуучуга ылайыкташкан. Оверчуктун айтымында, бул заманбап мектеп болот. "Эки бассейн, спортзал, футбол талаасын куруу пландалган. Курулуш иштери боюнча кыргызстандык кесиптештерибиз менен жакшы иштешип жатабыз. Баары өз убактысы менен жакшы баратат. 1,5 жылдан кийин балдар окуусун баштап калат деген ойдобуз", — деди ал. Аталган мектеп 2027-жылдын 1-сентябрында ишке кирери айтылган. Ушундай эле дагы сегиз билим берүү жайы Кыргызстандын калган аймактарына салынат. Жаңы мектептерден 11 миңден ашуун бала билим алары кабарланган.
Президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан "Кыялымдагы Кыргызстан" улуттук жаштар форумуна катышканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Аталган форум Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун бүгүн ачылган кичи аренасында өтүүдө. Президенттин иш-чарада сүйлөгөн сөзүнүн урунттуу учурлары: былтыр Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата өлкө боюнча жүздөн ашык ишкана ишке берилди. Быйыл да жүздөн ашуун ишкана ачып, миңдеген жумуш орундарын түздүк; акыркы эки жылдын ичинде ипотекалык жол менен 5 миңге жакын батирди ээлерине тапшырдык. Мамлекеттик ипотекалык компания өлкө боюнча 70 миңден ашык батирлүү кабат үйлөрдү куруп жатат; алдыдагы эки-үч жылдын аралыгында электр энергиясына болгон муктаждыкты толук жоюп, экспорттой турган өлкөгө айланабыз; "Эл үмүтү" стипендиясына 265 миллион сомго жакын каражат бөлүнүп, 55 студент окуп жатат; Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун 5 миң орундуу кичи аренасы эл аралык стандарт менен курулган көп функциялуу жай болуп саналат.
Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылы шаар макамына ээ болду жана ага мэр дайындалды. Бул тууралуу облус администрациясынан билдиришти. Облустук өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, Гүлчөнүн мэри болуп Нурсултан Тажибаев дайындалды. Тиешелүү буйрукка Алай районунун акими Чыңгыз Бапаев кол койгон. Буга чейин Нурсултан Тажибаев Алай районундагы айыл өкмөттүн башчысы болуп иштеген. Эске салсак, президент Садыр Жапаров мурдараак «Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айыл аймагын райондук маанидеги шаар категориясына өткөрүү жөнүндө» мыйзамга кол койгон.
"Түндүк" порталынан эми "Унаа" жана "Кадастр" кызматтарына онлайн кезекке турууга болот Борборлордо жана тиркемеде реалдуу убакыт режиминде келгендердин саны көрсөтүлүп, киши азыраак топтолгон борборду тандап алууга болот. Мындан тышкары, брондолгон талондордун саны да көрсөтүлөт. Бул маалыматтын ачыктыгын жана жарандардын ыңгайлуулугун камсыздайт. Буга чейин тиркеме аркылуу калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) онлайн кезекке жазылуу мүмкүнчүлүгү гана бар болчу.Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 100 сом 87 тыйынга рубль 1 сом 8 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин литри 75 сом 90 тыйындан баштап сатылууда Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 81 сом 40 тыйындан жогору дизель майы литрине 80 сом сом 90 тыйындан тарта бааланса, унаа газынын литри 38 сом 40 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ 11-ноябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 11-ноябрь, шейшембиде күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көлдө +5...+10, Талас облусунда +6...+11, Ош, Жалла-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +11...+16, Нарын жергесинде +2...+7 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада +10...+12, Ош шаарында +13...+15 градуска чейин көтөрүлөт.
Садыр Жапаров стадиондун жаңы ачылган кичи аренасын "Жаштык арена" деп атадыГүлчө шаар макамын алып, анда мэр дайындалды Касымалиев менен Оверчук Россия өкмөтү куруп жаткан мектепке барыштыМинистрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук РФ тарабынан Бишкекте курулуп жаткан мектепке барышты.Окуу жай 1 224 окуучуга ылайыкташкан. Оверчуктун айтымында, бул заманбап мектеп болот. "Эки бассейн, спортзал, футбол талаасын куруу пландалган. Курулуш иштери боюнча кыргызстандык кесиптештерибиз менен жакшы иштешип жатабыз. Баары өз убактысы менен жакшы баратат. 1,5 жылдан кийин балдар окуусун баштап калат деген ойдобуз", — деди ал. Аталган мектеп 2027-жылдын 1-сентябрында ишке кирери айтылган. Ушундай эле дагы сегиз билим берүү жайы Кыргызстандын калган аймактарына салынат. Жаңы мектептерден 11 миңден ашуун бала билим алары кабарланган.Президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан "Кыялымдагы Кыргызстан" улуттук жаштар форумуна катышканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Аталган форум Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун бүгүн ачылган кичи аренасында өтүүдө. Президенттин иш-чарада сүйлөгөн сөзүнүн урунттуу учурлары: былтыр Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата өлкө боюнча жүздөн ашык ишкана ишке берилди. Быйыл да жүздөн ашуун ишкана ачып, миңдеген жумуш орундарын түздүк; акыркы эки жылдын ичинде ипотекалык жол менен 5 миңге жакын батирди ээлерине тапшырдык. Мамлекеттик ипотекалык компания өлкө боюнча 70 миңден ашык батирлүү кабат үйлөрдү куруп жатат; алдыдагы эки-үч жылдын аралыгында электр энергиясына болгон муктаждыкты толук жоюп, экспорттой турган өлкөгө айланабыз; "Эл үмүтү" стипендиясына 265 миллион сомго жакын каражат бөлүнүп, 55 студент окуп жатат; Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун 5 миң орундуу кичи аренасы эл аралык стандарт менен курулган көп функциялуу жай болуп саналат.Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылы шаар макамына ээ болду жана ага мэр дайындалды. Бул тууралуу облус администрациясынан билдиришти. Облустук өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, Гүлчөнүн мэри болуп Нурсултан Тажибаев дайындалды. Тиешелүү буйрукка Алай районунун акими Чыңгыз Бапаев кол койгон. Буга чейин Нурсултан Тажибаев Алай районундагы айыл өкмөттүн башчысы болуп иштеген. Эске салсак, президент Садыр Жапаров мурдараак «Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айыл аймагын райондук маанидеги шаар категориясына өткөрүү жөнүндө» мыйзамга кол койгон."Түндүк" порталынан эми "Унаа" жана "Кадастр" кызматтарына онлайн кезекке турууга болот Борборлордо жана тиркемеде реалдуу убакыт режиминде келгендердин саны көрсөтүлүп, киши азыраак топтолгон борборду тандап алууга болот. Мындан тышкары, брондолгон талондордун саны да көрсөтүлөт. Бул маалыматтын ачыктыгын жана жарандардын ыңгайлуулугун камсыздайт. Буга чейин тиркеме аркылуу калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) онлайн кезекке жазылуу мүмкүнчүлүгү гана бар болчу.Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 100 сом 87 тыйынга рубль 1 сом 8 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин литри 75 сом 90 тыйындан баштап сатылууда Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 81 сом 40 тыйындан жогору дизель майы литрине 80 сом сом 90 тыйындан тарта бааланса, унаа газынын литри 38 сом 40 тыйындан сатылууда АБА ЫРАЙЫ 11-ноябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 11-ноябрь, шейшембиде күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көлдө +5...+10, Талас облусунда +6...+11, Ош, Жалла-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +11...+16, Нарын жергесинде +2...+7 градус жылуу болот. Күндүн табы борбор калаада +10...+12, Ош шаарында +13...+15 градуска чейин көтөрүлөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/0a/1097757126_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_7746d3af3bda05d76f69a084fe3554a7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио