00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Переход на 12-летку в КР. Как педагоги адаптируются к обучению первоклассников?
08:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
09:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Тема дня
Миграция, энергетика, инфрастурктура — беседа о развитии ЕАЭС
10:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө 11 мал союучу жай ЕАЭБ талабына ылайык иштейт — быйыл эпизоотиялык абал кандай болду?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Путеводитель соотечественника как навигатор по жизни в Кыргызстане
12:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Экспорттун көлөмү эмнеге азайды? — Экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча иштер күчөтүлөт
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Эпосы как тайная история тюркских народов — беседа с ученым из Алтая
14:04
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кепилдик фонддун ишмердүүлүгү жана 2025-жылдын жыйынтыгы: ишкерлерге колдоо жана санариптештирүү
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Жаңы жылдык майрамдан кийин организмди кантип калыбына келтиребиз?
17:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна болгон иш сапарынын алкагында “Борбор Азия – Кытай” 12-кызматташтык форумуна катышты. Минкаб төрагасынын орун басары өз сөзүндө Борбор Азия өлкөлөрүн Кытай менен байланыштырган транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө басым жасалып жатканын, анда “Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан” темир жолунун, “Барскоон - Бедел - Учтурфан - Аксуу” автожолунун курулушу, кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Эркечтам”, “Торугарт” жана “Бедел” көзөмөл-өткөрүү пункттарынын иштеши, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 30-октябрында Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы аймактык маанидеги маанилүү аба жолу болгон экинчи аба коридорунун расмий ачылышы сыяктуу учурда Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан ири инфраструктуралык долбоорлорду белгиледи. Кыргызстандын Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрү менен транспорттук байланышында жетишилген ийгиликтери айтылып, бирдиктүү аймактык мультимодалдык транспорттук хабды түзүүдөгү өлкөнүн өзгөчө ролу белгиленди. Эл аралык транспорт каттамдарында натыйжалуу базаларды түзүү үчүн соода, логистикалык жана өнөр жай борборлорун куруу боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кытайлык компаниялар Кыргызстанга чакырылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары кечээ, 8-ноябрда, бутун кокустатып алган россиялык туристти куткарышты. Бул тууралуу ведомство кабарлады.Маалыматта 29 жаштагы турист "Хижина Рацека" лагеринде бутун оорутуп алып, ӨКМден жардам сураганы айтылат. Ала-Арча паркында нөөмөттө турган төрт куткаруучу чет өлкөлүк жаранды саат 23:50дө тоодон алып түшүп, ооруканага жөнөтүшкөн.
Бишкекте милиционерлер селсаяктарды аныктоо боюнча рейд өткөрүп, үй-жайы жок 200дөн ашык кишини аныктаганын шаардык милиция кабарлады.Иш-чарага 500дөн ашык кызматкер тартылган. Алар автобекеттерди, жертөлөлөрдү, кароосуз калган имараттарды, чатырларды жана башка селсаяктар жайгашышы мүмкүн болгон жерлерди текшерген. Натыйжада 200дөн ашык адам аныкталып, айрымдары убактылуу баш калкалоочу жайларга жеткирилген. Кээ бири коомдук тартипти бузуп же кылмыш кылганы үчүн милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Арасында уурулукка, мүлктү уурдоого шектелгендер бар. "Рейддин негизги максаты — мыйзам бузууларды алдын алуу, үй-жайы жок жана ишсиз адамдарды аныктоо, ошондой эле суук түшүп жаткан учурда кыйын кырдаалда калган жарандарга жардам көрсөтүү", — деп жазылган маалыматта.
Россиядан Венгрияга "Түрк агымы" жана "Достук" түтүктөрү боюнча энергоресурс ташыгандар АКШнын санкцияларынан толук бошотулду. Бул тууралуу Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Америка лидери Дональд Трамп менен жолуккандан кийин билдиргенин РИА Новости жазды.Ал ошондой эле мамлекеттер "Пакш-2" АЭС долбоорунан санкцияларды толугу менен алып салышканын айткан. Венгрия "Пакш" АЭСи үчүн Россиянын, Франциянын жана Американын күйүүчү майларын сатып алат.Орбан Будапешттеги Россия менен АКШнын саммити тууралуу айтып жатып, жолугушуу күн тартибинде турганын, так датасы жок экенин, бирок ал шарттар аткарылгандан кийин болорун белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0