00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Кибермошенничество, ИИ и личные данные: что меняет цифровой кодекс КР
08:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Түшүмдүүлүк 20 пайызга жогорулайт - Өкмөт күзгү дан айдоону колго алууда
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
«Судьба солдата»: как в КР возвращают имена бойцам, исчезнувшим в годы войны
10:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мектептерде зомбулукту азайтуу боюнча кандай чаралар көрүлүүдө?
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Эки жумада 2709 кайрылуу түшкөн – Эми айдоочулук күбөлүктү онлайн алмаштырса болот
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
Промышленная кооперация в ЕАЭС: в какие проекты может попасть Кыргызстан?
12:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
“Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу идеологиялык документ боло алабы?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Окуучулардын өнөр жолу ачылат. Өлкөдө алгачкы жолу “Жаш талант” фестивалы өтөт
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Рост ОРВИ и грипп в Кыргызстане: как защитить детей этой зимой?
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Биз курган үйлөр ЕАЭБ мамлекеттериндеги туризмди өнүктүрүүгө көмөктөш боло алат
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
О вкладе российских ученых в изучение эпоса «Манас»
18:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Айтматовдун феномени эмнеде? Жазуучу тууралуу маек
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Окуучулардын өнөр жолу ачылат. Өлкөдө алгачкы жолу “Жаш талант” фестивалы өтөт
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Министрлер кабинети 2022–2026-жылдарга карата инвестиция тартуу программасына өзгөртүүлөрдү киргизди. Документте программанын бюджети такталып, ал өзүнчө тиркемеде көрсөтүлгөн. Айрым иш-чараларды аткаруу мөөнөтү узартылды — мурда 2024-жылдын 31-декабры болсо, эми 2026-жылдын 31-декабрына чейин узартылды. Программадан маанисин жоготкон бир нече пункттар алып салынды. Ошондой эле өнөр жай ишканалары үчүн инвестициялык лотторду түзүү механизми кайра каралды. Эми инфраструктурасы жана жерге тиешелүү документтери даяр болгон жок дегенде төрт инвестициялык пакет иштелип чыгат. Токтом расмий жарыялангандан кийин 15 күндөн соң күчүнө кирет.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоону жыйынтыктады. Жалпысынан 467 адам катталды, алардын ичинен 276 эркек, 191 аял. Эң көп талапкер катталган округ — №19 (Сокулук), анда 25 талапкер бар. Экинчи орунда — №27 (Чолпон-Ата) округу, анда 24 талапкер. Андан кийинкилер — №8 (Гүлчө) жана №9 (Өзгөн) округдары, ар биринде 21 талапкерден. Ал эми эң аз талапкер катталган округ — №11, анда болгону 5 талапкер. Эскерте кетсек, 2025-жылдын 30-ноябрында парламентке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Жаңы мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин 90 депутаты 30 көп мандаттуу округдан шайланат.
Кыргызстанда Советтер Союзунун Баатыры Пётр Сидоровдун мүрзөсүнө жаңы эстелик коюлду. Эстеликти орнотууга керектүү каражатты Россиянын Рязань облусундагы Сасов округунун депутаттары чогултушкан. Пётр Петрович Сидоров 1926-жылы Рязань облусунун Сасов районундагы Малое Хреново айылында туулган. Ал 1943-жылдан тарта фронтто кызмат өтөп, Берлинди штурм кылууда аткыч катары эрдик жана кайраттуулук көрсөткөн. Өмүрүнүн акыркы жылдарын Кыргыз ССРинде өткөрүп, 1972-жылы көз жумган. Сасов округунун Думасынын төрагасы Геннадий Манухиндин айтымында, жыйында округ башчысы Евгения Рубцова Кыргызстандагы баатырдын мүрзөсүнүн абалы начар экенин билдирген. Ошондон кийин депутаттар тез арада керектүү сумманы чогултушкан. Эске салсак, Кыргыз ССРинен жалпысынан 74 жоокер Советтер Союзунун Баатыры наамын алган.
Казакстан 2025-жылдын январь–август айларында Кыргызстандан 299,4 миллион кВт·с электр энергиясын импорттоп, ага $4,3 миллион төлөгөн. Бул тууралуу казак басылмасы «Курсив» жазды. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу көлөм боюнча 3,1 эсе, ал эми нарк боюнча 10 эсеге жогору болгон. Кыргызстандын электр энергиясы Казакстан үчүн эң арзан болуп чыкты — 1 киловатт-саат баасы 1,4 цент. Салыштыруу үчүн: Россия — 8,4 цент, Өзбекстан — 4,9 цент. «Бул айырма Кыргызстандагы гидроэлектростанциялардын (ГЭС) арзан өндүрүшүнө байланыштуу. Алардын көбү совет доорунда курулуп, чыгымдарын баягы эле жапкан, ошондуктан өздүк наркы төмөн бойдон калууда», — деп жазат «Курсив»
Жаңылыктар түрмөгү
0