00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
7 мин
Особый акцент
Двоюродный брат, внебрачный сын и ДНК: юрист о том, кто наследует по закону в КР
14:08
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда 2026-жылы 17 чакан ГЭСти пайдаланууга берүү пландалууда
15:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Энергетики, недосып, ковид - и другие причины, почему инфаркты стали случаться у молодых
16:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Бетме-бет» спектакли менен «Жаңы ысымдар» театр фестивалында жеңишке жетишкен драма театрынын студенттери менен маек
17:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Поправки к закону об образовании: кто и как сможет лишить вуз лицензии без суда
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Аскердик операция учурундагы Путиндин дүйнөнү таң калтырган экономикалык стратегиясы: РФ экономикасынын туруктуулугунун себеби эмнеде?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Двоюродный брат, внебрачный сын и ДНК: юрист о том, кто наследует по закону в КР
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда 2026-жылы 17 чакан ГЭСти пайдаланууга берүү пландалууда
21:08
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кемин районунда кубаттуулугу 100 МВт күн электр станциясын куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты. Ведомствонун маалыматына караганда, "Этернал Энергия" ЖЧКсынын директору Ма Вэньцзюн долбоордун учурдагы абалы жөнүндө кеңири маалымат берип, курулуш бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп жаткандыгын жана объект ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берилээрин белгиледи. Анын айтымында, учурда негизги жабдууларды алып келүү иштери аяктап, көмөкчордондун курулушу уланып, 220 кВ электр чубалгыларынын пайдубалын куюп, күн батареяларын орнотуу иштери жүрүп жатат. Энергетика министри курулушту өз убагында бүтүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, иштин сапатына жана жүрүшүнө көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.
Токмокто 29 блоктон турган ипотекалык турак жай комплекси салынып жатат. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгы билдирди. Долбоор боюнча, үйдүн тогуз блогу 9 кабаттуу, 20 блогу 15 кабаттуу болуп, бир кабатта беш батир жайгашат. Турак жайлар борбордук канализацияга туташтырылып, энергияны үнөмдөөчү технологиялар колдонулууда. Ар бирине жеке газ мештер орнотулат. Анда жалпы жонунан 1905 батир болот.Курулуш иштеринин жүрүшүн көрүү үчүн барган Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев курулуш иштери өз убагында жана сапаттуу бүткөрүлөрүн билдирген.Комплекстин аймагында жашоочулар үчүн балдар жана спорт аянтчалары, жашыл аймак, тротуарлар, автотоктотуучу жайлар жайгашып, мектеп менен бала бакча жакын жерде болот.
Кыргызстанга ЕАЭБ мамлекеттеринен келген инвестициянын көлөмү өскөнүн Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматта биринчи жарым жылдыкта биримдик өлкөлөрүнөн келген түз инвестициянын көлөмү 171,3 миллион долларды түзгөнү айтылат. Былтыр ушул эле маалда 137,7 миллион доллар болгон. Россия — 106,3 миллион доллар; Казакстан — 63,9 миллион; Беларусь — 1,1 миллион; Армения — 45,5 миң. Мында Беларусь менен Казакстандан келген каражат эселеп көбөйгөнүн белгилей кетүү керек.
Кыргызстан 22-сентябрды Көчмөндөр мурасынын эл аралык күнү деп жарыялоону ЮНЕСКОго сунуштады. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады. Аталган ведомствонун жетекчиси Мирбек Мамбеталиев ЮНЕСКОнун Социалдык жана гуманитардык илимдер боюнча комиссиясынын жыйынында сүйлөгөн. Иш-чара 6-ноябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында өттү. "Министр ЮНЕСКОго 22-сентябрды Көчмөндөр мурасынын эл аралык күнү деп жарыялоону сунуштады. Демилге Кыргызстандын ЮНЕСКОдогу катчылыгы тарабынан даярдалып, уюмга мүчө 22 өлкө тарабынан колдоого алынды", — деп айтылат маалыматта. Мамбеталиев ошондой эле катышуучуларды 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырган.
Жаңылыктар түрмөгү
0