https://sputnik.kg/20251105/1097655883.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Египеттин борбору Каирде Кыргызстандын элчилигин ачуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун аталган өлкөгө жасаган сапарынын алкагында... 05.11.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-11-05T19:00+0600
2025-11-05T19:00+0600
2025-11-05T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/05/1097655717_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_242516cd5edfa2d9c64a517e7b4a4a75.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Египеттин борбору Каирде Кыргызстандын элчилигин ачуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун аталган өлкөгө жасаган сапарынын алкагында белгилүү болду. Эки өлкөнүн президенттери алгач өздөрүнчө сүйлөшүп, андан соң кеңейтилген курамда бир катар маселелерди талкуулашкан. Сүйлөшүүнүн алкагында соода-экономикалык, инвестициялык жана илимий-техникалык тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө багытталган макулдашууларга кол коюлат. Ошондой эле өкмөттөр аралык комиссия түзүү чечими кабыл алынды. Жапаров анын биринчи отурумун Бишкекте өткөрүүнү сунуштап, Египеттин президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси бул демилгени дароо колдогону айтылды. Өлкө башчы ошондой эле Ас-Сисини Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө, 2026-жылдын күзүндө Бишкекте өтө турган ШКУнун саммитине, ошондой эле VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чараларга катышууга чакырган.
"Кызмат" мекемесине караштуу Биринчи май райондук калкты тейлөө борборунда коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлганын УКМК кабарлады. Маалыматка ылайык, иликтөө иштеринин алкагында кызматкер эки ортомчусу менен мамлекеттик кызмат алуу үчүн борборго кайрылган адамдардан акча чогултуп келгени такталган. Алардын арасында чет элдиктер да болгону айтылды. "Схемага ылайык, ортомчулар кардар таап, документ иштерин тездетүүгө, кызматтарды кезексиз алууга кепилдик беришкен. Көрсөтүлгөн кызматтардын деңгээлине жараша 100 доллардан 10 миң долларга чейин алып турушкан. Бул иштин баарын алар борбордун кызматкери менен бирге ишке ашырышкан", — деп айтылат билдирүүдө. Натыйжада Калкты тейлөө борборунун кызматкери эки ортомчусу менен кармалып, камакка алынды. Ушу тапта схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланып жатат.
Киев жаап-жашыра турган нерсеси болгондуктан Украина Куралдуу күчтөрү курчоодо калган аймактарга журналисттерди жиберүү сунушун кабыл алган жок. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди. "Киев эмнени жашырып жатат? Курчоого алынган аймактардагы чоң кыйынчылыкка кептелген аскерлеринин абалын көрсөткүсү келген жок. Ал жакка барууга көбүнесе батыш ЖМКлары ынтызарлыгын билдирген", — деди ал. Россия Коргоо министрлиги курчоодо калган Купянск менен Красноармейскидеги украиналык бөлүктөрдүн абалын баалап, кырдаал өтө курч экенин билдирди. Азыркы учурда аскер кызматкерлеринин колго түшүп берүүдөн башка аргасы жок. Анткен менен Владимир Зеленский чыныгы абал тууралуу үн катпай, райондор "тазаланып жатканын" айтууда. Министрлик Киев режиминин жетекчиси реалдуулуктан өтө алыс экенин кошумчалаган.
Египеттин борбору Каирде Кыргызстандын элчилигин ачуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун аталган өлкөгө жасаган сапарынын алкагында белгилүү болду. Эки өлкөнүн президенттери алгач өздөрүнчө сүйлөшүп, андан соң кеңейтилген курамда бир катар маселелерди талкуулашкан. Сүйлөшүүнүн алкагында соода-экономикалык, инвестициялык жана илимий-техникалык тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө багытталган макулдашууларга кол коюлат. Ошондой эле өкмөттөр аралык комиссия түзүү чечими кабыл алынды. Жапаров анын биринчи отурумун Бишкекте өткөрүүнү сунуштап, Египеттин президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси бул демилгени дароо колдогону айтылды. Өлкө башчы ошондой эле Ас-Сисини Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө, 2026-жылдын күзүндө Бишкекте өтө турган ШКУнун саммитине, ошондой эле VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чараларга катышууга чакырган."Кызмат" мекемесине караштуу Биринчи май райондук калкты тейлөө борборунда коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлганын УКМК кабарлады. Маалыматка ылайык, иликтөө иштеринин алкагында кызматкер эки ортомчусу менен мамлекеттик кызмат алуу үчүн борборго кайрылган адамдардан акча чогултуп келгени такталган. Алардын арасында чет элдиктер да болгону айтылды. "Схемага ылайык, ортомчулар кардар таап, документ иштерин тездетүүгө, кызматтарды кезексиз алууга кепилдик беришкен. Көрсөтүлгөн кызматтардын деңгээлине жараша 100 доллардан 10 миң долларга чейин алып турушкан. Бул иштин баарын алар борбордун кызматкери менен бирге ишке ашырышкан", — деп айтылат билдирүүдө. Натыйжада Калкты тейлөө борборунун кызматкери эки ортомчусу менен кармалып, камакка алынды. Ушу тапта схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланып жатат. Киев жаап-жашыра турган нерсеси болгондуктан Украина Куралдуу күчтөрү курчоодо калган аймактарга журналисттерди жиберүү сунушун кабыл алган жок. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди. "Киев эмнени жашырып жатат? Курчоого алынган аймактардагы чоң кыйынчылыкка кептелген аскерлеринин абалын көрсөткүсү келген жок. Ал жакка барууга көбүнесе батыш ЖМКлары ынтызарлыгын билдирген", — деди ал. Россия Коргоо министрлиги курчоодо калган Купянск менен Красноармейскидеги украиналык бөлүктөрдүн абалын баалап, кырдаал өтө курч экенин билдирди. Азыркы учурда аскер кызматкерлеринин колго түшүп берүүдөн башка аргасы жок. Анткен менен Владимир Зеленский чыныгы абал тууралуу үн катпай, райондор "тазаланып жатканын" айтууда. Министрлик Киев режиминин жетекчиси реалдуулуктан өтө алыс экенин кошумчалаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/05/1097655717_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_944f30a29758f3025983d84ed73581cf.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио