00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Үйдү туура жылуулоо менен электр энергиясын канча пайызга үнөмдөсө болот?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
9 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Египеттин башчысы Абдель Фаттах Ас-Сиси менен жолукту. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди. Белгилей кетсек, Жапаров аталган өлкөгө расмий сапар менен барган. Бетме-бет жолуккан башчылар өз ара кызыкчылык туудурган эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты."Жапаровдун бул иш сапары кыргыз-мисир мамилелерине жаңы дем берип, кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарарына ишеним билдиришти. Соңунда тараптар белгиленген тармактарда биргелешкен долбоорлорду активдүү илгерилетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экендигин айтышты", — деди маалымат кызматы. Андан соң лидерлер кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөр залына өтүшкөн.
Тажикстан парламентинин Конституциялык комитетинин төрагасы Махмадали Ватанзода КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын байкоочулар тобунун координатору болуп дайындалды. Алар Кыргызстандагы шайлоого көз салат. Буйрукка КМШ ПАА Кеңешинин төрайымы, Россиянын Федерация кеңешинин спикери Валентина Матвиенко кол койгон. Миссиянын курамына КМШ ПААга мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин өкүлдөрү, ассамблеянын кызмат адамдары жана Демократияны өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү боюнча эл аралык институттун эксперттери кирет. КМШ ПААнын байкоочулары Жогорку Кеңештин чакыруусу боюнча шайлоого мониторинг жүргүзүшүүдө. Алар Борбордук шайлоо комиссиясынын, округдук шайлоо комиссияларынын жана Бишкек мэриясынын өкүлдөрү, талапкерлер менен жолугушууларды өткөрүп жатышат. 30-ноябрдагы парламенттик шайлоо жаңы система боюнча өткөрүлөт. Мамлекет 30 округга бөлүнүп, алардын ар биринен үчтөн депутат шайланат.
Орто-Токой гидроэлектр станциясынын курулушу 75 пайызга аяктап калды. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКтын башкы директору Шакир Саидов билдирди. Энергетика министрлиги тараткан маалыматта министр Таалайбек Ибраев Ысык-Көл облусун кыдырып, курулушту көргөнү айтылат. Саидов кеңири маалымат берип, жумуштар бекитилген графикке ылайык жүрүп жатканын билдирди. Мындан тышкары, учурда суу алуучу дарбаза бетондолуп бүтүп, узундугу 928 метрди түзгөн деривациялык тоннели казылып, 624 метри бетондолгону кошумчаланды.Ибраев жылдын аягына чейин генераторлор турган залдын чатыры жабылып орнотуларын белгилеген. Анын айтымында, келишим боюнча кийинки жылдын март айында курулуш бүтүп, ГЭС ишке берилет.
Улуттук банк жарандарды жеңилдетилген насыя берүүнү убадалаган алдамчылардан сак болууну эскертти. Финансылык жөнгө салуучу органдан белгилешкендей, алдамчылар Улуттук банктын атынан жарандарга жеңилдетилген шарттарда насыя берүү жөнүндө Telegram месенджери аркылуу маалыматтарды таратып жатышат. "Ушуга байланыштуу Улуттук банк бул кезектеги алдамчылык схема экендигин эскертет. Мындай билдирүүлөргө ишенбеңиз жана эч убакта бейтааныш адамдарга акча которбоңуз! Эгерде күмөн санасаңыз, маалыматты расмий булактардан текшериңиз", - деп айтылат маалыматта. Эскерте кетсек, Улуттук банк жеке адамдарды тейлебейт, эсеп ачпайт жана калкка кредит бербейт.
Жаңылыктар түрмөгү
0