00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Үйдү туура жылуулоо менен электр энергиясын канча пайызга үнөмдөсө болот?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Жол кырсыктарынан көз жумган кыргызстандыктардын саны улам арбып жаткандыгына байланыштуу президент Садыр Жапаров автомектептер жаатында реформа жүргүзүү тапшырмасын койгон. Бул тууралуу өлкө башчынын иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында, айдоочулукка окуткан жеке мектептер мурункудай эле иштей берет, бирок мамлекетке караштуу болуп калат. Мында кызматкерлердин саны кыскарбай турганы кошумчаланган. Иш башкармалык токтолгон негизги учурлар: мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөр жаңысына сынаксыз жана акысыз алмаштырылат. 10 жылга берилчү жаңы документти 2026-жылдын январынан тарта "Унаа" кызматына келип алмаштырууга болот; ушу тапта жеке автомектептерде окуп жаткандар сынакты тапшырса айдоочулук күбөлүк берилет, өтпөй калса жаңы кабыл алынган мыйзамдын чегинде алышы керек болот; Кыргызстанда онлайн окуткан автомектептер ачылат. Анда теориялык билим алууга болот, ал эми практикалык жагын жөнгө салуу боюнча иштер жүрүп жатат; окуунун баасы азыркыдан кымбат болбойт, жакында тарифтер бекийт; мамлекеттик автомектептер курсанттарга айдоочунун этикасын да үйрөтөт; 14 айлык мөөнөт Финляндиянын тажрыйбасынан алынды. Былтыр жол кырсыгынан бир да тургуну мерт болбогон бул өлкө дал ушул окутуунун сапатына чоң көңүл бурат.
Жылытуу системасы электр энергиясы менен гана иштеген, башка альтернативасы жок көп кабаттуу үйлөрдөгү кубаттуулук 7 киловаттка чейин жогорулатылды. Бул тууралуу "Улуттук электр станциялар" ишканасына караштуу Электр энергиясын сатуу башкармалыгынын жетекчиси Исабек Орозбаев Sputnik радиосунун эфиринде билдирди. Ал эми анын орун басары Асел Эркимбаева бөлүштүрүлгөн кубаттуулукту туура, сарамжалдуу колдонсо болорун белгиледи. "Бир сутка ичинде алты сааттык чектөө болот — эртең менен үч, кечкисин үч саат. Электр энергиясы көп колдонулган, максимум сааттары өткөндөн кийин кубаттуулук, албетте, калыбына келет", — деди Эркимбаева. Ал ошондой эле калкты электр энергиясын сарамжалдуу колдонууга чакырып, эгер үнөмдөө болбосо кайра-кайра авариялар катталып, энергетикалык коллапска кабылуу коркунучу жараларын кошумчалады. Эске салсак, буга чейин энергетиктер электр энергиясына болгон жүктөм күчөгөн маалда эсептегичтердин кубаттуулугу 5 киловаттан 3 киловаттка чейин төмөндөй турганын билдиришкен.
Нью-Йорк шаарындагы шайлоодо жеңишке жеткенин билдирген Зогран Мамдани 2026-жылдын 1-январынан тарта өз милдетин аткарууга киришет. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Мен Нью-Йорк шаарынын мэри катары 1-январда ант берем", — деген ал тарапташтарынын алдында сүйлөп жатып. Шаардын учурдагы мэри Эрик Адамс 2022-жылдын январында ант берген, анын ыйгарым укуктары ушул жылдын 31-декабрында аяктайт. Адатта шайлоодон кийинки алгачкы күндөрү талапкер утурумдук команда түзөрүн жарыялайт, Мамданиден да ушуну күтүүгө болот. Эки айга жетпеген убакытта мусулман мэрдин башкаруусуна бюджети 120 миллиард долларга, калкы 8,5 миллионго жакын шаар өтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0