https://sputnik.kg/20251104/bishkek-ok-atuu-shektuu-karmaldy-1097615362.html
Бишкекте кошунасын "атып салам" деп коркуткан киши кармалды. Видео
Бишкекте кошунасын "атып салам" деп коркуткан киши кармалды. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Бишкекте кошунасын "атып салам" деп коркуткан киши кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинен кабарлашты. 04.11.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-11-04T11:33+0600
2025-11-04T11:33+0600
2025-11-04T11:33+0600
кыргызстан
бишкек
ленин району
курал
ок атуу
кылмыш
видео
https://sputnik.kg/img/103140/52/1031405253_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_a7933698b9ea16ef120309109cd0ea0e.jpg
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Бишкекте кошунасын "атып салам" деп коркуткан киши кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинен кабарлашты.Окуя Жумушчулар шаарчасында 30-октябрда болгон. Э.Б. аттуу тургун анын кошунасы себепсиз эле эки жолу ок чыгарып, сөгүп-сакканын айткан. Видеодон милиция кызматкери кишини багынууга үндөп, акырындан көндүргөнүн көрүүгө болот. Натыйжада Д.Н. аттуу 51 жаштагы куралчан киши кармалып, аңчылыкка колдонулган куралы, пневматикалык курал жана эки гильза алынган. Укук коргоо органдарындагы ишенимдүү маалымат булактын айтымында, шектүү куралдан ок чыгарып, "өлтүрөм" деп кыйкырган. Кырсык болуп кетпеши үчүн жерине Ленин РИИБинин жетекчиси Азамат Байгазиев спецназ менен барган. Куралчан киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
https://sputnik.kg/20251102/-chuy-adam-olturuu-atuu-kishi-shektuu-kylmysh-ayal-1097589812.html
бишкек
ленин району
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103140/52/1031405253_222:0:2953:2048_1920x0_80_0_0_0b49001e37a5520194eb11cc963346aa.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, ленин району, курал, ок атуу, кылмыш, видео
кыргызстан, бишкек, ленин району, курал, ок атуу, кылмыш, видео
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Бишкекте кошунасын "атып салам" деп коркуткан киши кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинен кабарлашты.
Окуя Жумушчулар шаарчасында 30-октябрда болгон. Э.Б. аттуу тургун анын кошунасы себепсиз эле эки жолу ок чыгарып, сөгүп-сакканын айткан. Видеодон милиция кызматкери кишини багынууга үндөп, акырындан көндүргөнүн көрүүгө болот.
Натыйжада Д.Н. аттуу 51 жаштагы куралчан киши кармалып, аңчылыкка колдонулган куралы, пневматикалык курал жана эки гильза алынган.
Укук коргоо органдарындагы ишенимдүү маалымат булактын айтымында, шектүү куралдан ок чыгарып, "өлтүрөм" деп кыйкырган. Кырсык болуп кетпеши үчүн жерине Ленин РИИБинин жетекчиси Азамат Байгазиев спецназ менен барган.
Куралчан киши убактылуу кармоочу жайга киргизилди.