00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Экономикалык панорама
17:05
42 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ачык кеп
Аялдардагы онкологиялык оорулар — сүт бези жана жатын моюнчасы рагы тууралуу маек
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Каракол мамлекеттик жаратылыш паркынын кире беришине экопост коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматкы кабарлады. Билдирмеге караганда президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында паркка барып, анын ишин көрдү. Экопосттун максаты экологиялык коопсуздукту камсыздоо, таштанды таштоону жана жаратылыш ресурстарын мыйзамсыз пайдаланууну алдын алуу. Паркка кирүүнүн акысы жеңил унаалар үчүн 200 сом, оор жүк ташуучу жана эл ташуучу унаалар үчүн 800 сомдон. Парк өткөн жылы президенттин иш башкармалыгына өткөрүлгөн. Жалпы аянты 38,2 миң гектар.
Бишкекте угуусу бузулган балдарга акысыз операциялар жасалууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 30-октябрдан тарта угуу бузулуусу бар балдарга акысыз операциялар жасалууда. Аны Катардан келген Алты жогорку квалификациялуу хирургдын тобу жүргүзүүдө. Министрликтин кабарлашынча 64 бала медициналык текшерүүдөн өткөрүлүп, аларга кохлеардык имплант коюу үчүн тандалып алынды. Катар тарап импланттарды сатып алууну жана хирургиялык операцияларды жүргүзүүнү толук каржылайт, ошондой эле кыргыз хирургдарын жана орто медициналык кызматкерлерди окутууну камсыздайт. Мындан тышкары, балдардын операциядан кийинки реабилитациясына байланышкан чыгымдарды да Катар өз мойнуна алган.
Уркуя Салиеванын музейинде улуттук аспаптар көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, бүгүн 3-ноябрда “Сулайман-Тоо” Улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексинин Уркуя Салиева атындагы музей-филиалында Маданият күнүнө карата “Улуттук аспаптар — мурастын үнү” аттуу көргөзмө өтөт. Иш-чаранын максаты — кыргыз элинин улуттук музыкалык аспаптары аркылуу тарыхый жана руханий мурастарын таанытуу, маданий нарк-насилди сактап калуу жана жаш муундардын кызыгуусун арттыруу. Көргөзмөдө комуз, кыл кыяк, чоор, добулбас сыяктуу элдик аспаптардын түрлөрү коюлат. Ар бир экспонат кыргыз элинин жашоо-тиричилигин, турмушун, күүсүн жана жан дүйнөсүн чагылдырат. Иш-чара Маданият күнүнө арналган жана бардык маданият ышкыбоздору үчүн ачык.
"Искандер" комплексинин жаңыланышы Россиянын Куралдуу күчтөрүнө Patriot системаларын баш кылып, Украинанын абадан коргонуу күчтөрүнөн кыйгап өтүүгө мүмкүнчүлүк берди. Бул тууралуу АКШ басылмалары жазды. "Азыркы тапта россиялык изилдөөлөр менен инновациялар украиналыктардын ишине караганда мыкты натыйжага жетишти. Алсак, Россия "Искандер" ракеталарынын траекториясынын өзгөрүшүн Украинага сокку уруу үчүн пайдалана алды", — деп жазылат макалада. Автор ракета баллистикалык эмес, квазибаллистикалык траектория менен учарын белгилеген. "Искандер-Мдин" акыркы фазада жерге кескин чукулдап учушу Patriot ракеталарынын радиолокациялык системасындагы мүчүлүштүктөрдү көрсөтүп, жакындаган кооптуулукка анын өз убагында жооп кайтаруу жөндөмүн азайтуу
Жаңылыктар түрмөгү
0