https://sputnik.kg/20251101/1097578181.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда милиция күнүнө карата ички иштер органдары үчүн 35 имарат пайдаланууга берилгенин өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.Мындантышкары, ИИМге 101... 01.11.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-11-01T17:00+0600
2025-11-01T17:00+0600
2025-11-01T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/01/1097578015_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_1db3fb6def98ab92b1daef638e99b2ee.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда милиция күнүнө карата ички иштер органдары үчүн 35 имарат пайдаланууга берилгенин өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.Мындантышкары, ИИМге 101 автоунаа тапшырылды. Алардын баары аймактарга жөнөтүлөт.Садыр Жапаров салтанаттуу иш-чарада "Коопсуз өлкө" долбоорунун алкагында видеокамералардын санын 20 миңге чейин көбөйтүүнү тапшырганын жана ИИМдин штаты кеңейтилерин билдирди. “Коомчулук милициядан ар дайым жогорку жоопкерчиликти, адилеттик менен калыстыкты күтүшөт, талап кылышат. Ошондуктан ар бириңиздер “Милиция элдин кызматында” деген ыйык сөздү жүрөгүңүздөргө сактап, аны иш жүзүндө далилдеп туруңуздар”, — деп белгилеген президент. Ошондой эле Раззаков шаарында милиция кызматкерлери үчүн 32 батирлүү үй пайдаланууга берилди. Президент мамлекет бир дагы милиция кызматкерин турак жайсыз калтырбай турганын убада кылды. Ал акыркы 5 жылда ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасынын 85%ы жаңыланганын, кызматкерлердин айлыгы эки эсеге көтөрүлгөнүн белгиледи.
Украиналык оппозиция энергетикалык саясаттын натыйжасыздыгынан улам Владимир Зеленскийге Украинанын коопсуздугуна шек келтирген деген айып тагууга даярданып жатканын Politico журналы маалымат булагына таянып жазды. Оппозиция Зеленский электр энергиясынын узакка өчүрүлүшүнө же жылуулуктун жоктугуна жол бербөө үчүн алдын ала сактык чараларын көрүшү керек болчу деп билдирүүнү көздөп жатканы белгиленди. Киевде жана Украинанын бир нече аймактарында электр жарыгын көп саатка өчүрүүлөр 10-октябрда башталган. Бийлик энергетикалык тармактар жана коммуналдык системалар жабыркаганын билдирди. Киев режиминин башчысы натыйжасыз чечимдери үчүн бир нече жолу сынга кабылган. Ал эми "Страна.ua" басылмасы оппозиционерлер Зеленскийдин позициясын алсыратуу үчүн иштеп жатканын жазган. Андагы маалыматка караганда, ал үчүн фронттогу татаал кырдаал эң кооптуу.
Украина Тышкы иштер министрлигинин ЖМКлардын россиялык коопсуздук коридорлору менен от күйгөн жерлерге барышына тыюу салуусу — эл аралык коомчулук менен украиналыктардан фронттогу чыныгы абалды жашыруу айласы. Бул тууралуу РФ Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, Украина ТИМинин чет элдик жана украиналык журналисттердин согуш кызуу жүрүп жаткан жердеги жоокерлерге Россия бошоткон аймактар аркылуу баруусуна тыюу салган билдирүүсү Украина Куралдуу күчтөрүнүн Красноармейскиде, Димитровдо жана Купянскиде өтө начар абалда экенин тастыктады. Белгилей кетсек, буга чейин РФ президенти Владимир Путин Коргоо министрлигине чет элдик журналисттердин украин жоокерлери курчоодо калган аймактарга өтүүсүн камсыздоону тапшырган. Командачылык ЖМК өкүлдөрү өткөн аймакта 5-6 саатка согуштук аракеттерди токтотууга даяр турганын билдирген болчу.
Кыргызстанда милиция күнүнө карата ички иштер органдары үчүн 35 имарат пайдаланууга берилгенин өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.Мындантышкары, ИИМге 101 автоунаа тапшырылды. Алардын баары аймактарга жөнөтүлөт.Садыр Жапаров салтанаттуу иш-чарада "Коопсуз өлкө" долбоорунун алкагында видеокамералардын санын 20 миңге чейин көбөйтүүнү тапшырганын жана ИИМдин штаты кеңейтилерин билдирди. “Коомчулук милициядан ар дайым жогорку жоопкерчиликти, адилеттик менен калыстыкты күтүшөт, талап кылышат. Ошондуктан ар бириңиздер “Милиция элдин кызматында” деген ыйык сөздү жүрөгүңүздөргө сактап, аны иш жүзүндө далилдеп туруңуздар”, — деп белгилеген президент. Ошондой эле Раззаков шаарында милиция кызматкерлери үчүн 32 батирлүү үй пайдаланууга берилди. Президент мамлекет бир дагы милиция кызматкерин турак жайсыз калтырбай турганын убада кылды. Ал акыркы 5 жылда ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасынын 85%ы жаңыланганын, кызматкерлердин айлыгы эки эсеге көтөрүлгөнүн белгиледи.Украиналык оппозиция энергетикалык саясаттын натыйжасыздыгынан улам Владимир Зеленскийге Украинанын коопсуздугуна шек келтирген деген айып тагууга даярданып жатканын Politico журналы маалымат булагына таянып жазды. Оппозиция Зеленский электр энергиясынын узакка өчүрүлүшүнө же жылуулуктун жоктугуна жол бербөө үчүн алдын ала сактык чараларын көрүшү керек болчу деп билдирүүнү көздөп жатканы белгиленди. Киевде жана Украинанын бир нече аймактарында электр жарыгын көп саатка өчүрүүлөр 10-октябрда башталган. Бийлик энергетикалык тармактар жана коммуналдык системалар жабыркаганын билдирди. Киев режиминин башчысы натыйжасыз чечимдери үчүн бир нече жолу сынга кабылган. Ал эми "Страна.ua" басылмасы оппозиционерлер Зеленскийдин позициясын алсыратуу үчүн иштеп жатканын жазган. Андагы маалыматка караганда, ал үчүн фронттогу татаал кырдаал эң кооптуу. Украина Тышкы иштер министрлигинин ЖМКлардын россиялык коопсуздук коридорлору менен от күйгөн жерлерге барышына тыюу салуусу — эл аралык коомчулук менен украиналыктардан фронттогу чыныгы абалды жашыруу айласы. Бул тууралуу РФ Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, Украина ТИМинин чет элдик жана украиналык журналисттердин согуш кызуу жүрүп жаткан жердеги жоокерлерге Россия бошоткон аймактар аркылуу баруусуна тыюу салган билдирүүсү Украина Куралдуу күчтөрүнүн Красноармейскиде, Димитровдо жана Купянскиде өтө начар абалда экенин тастыктады. Белгилей кетсек, буга чейин РФ президенти Владимир Путин Коргоо министрлигине чет элдик журналисттердин украин жоокерлери курчоодо калган аймактарга өтүүсүн камсыздоону тапшырган. Командачылык ЖМК өкүлдөрү өткөн аймакта 5-6 саатка согуштук аракеттерди токтотууга даяр турганын билдирген болчу.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/01/1097578015_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_eb7ebd8755b207dfc27d278a23bc5218.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:00 01.11.2025 (Жаңыртылды: 17:16 01.11.2025) Кыргызстанда милиция күнүнө карата ички иштер органдары үчүн 35 имарат пайдаланууга берилгенин өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.Мындантышкары, ИИМге 101 автоунаа тапшырылды. Алардын баары аймактарга жөнөтүлөт.Садыр Жапаров салтанаттуу иш-чарада "Коопсуз өлкө" долбоорунун алкагында видеокамералардын санын 20 миңге чейин көбөйтүүнү тапшырганын жана ИИМдин штаты кеңейтилерин билдирди. “Коомчулук милициядан ар дайым жогорку жоопкерчиликти, адилеттик менен калыстыкты күтүшөт, талап кылышат. Ошондуктан ар бириңиздер “Милиция элдин кызматында” деген ыйык сөздү жүрөгүңүздөргө сактап, аны иш жүзүндө далилдеп туруңуздар”, — деп белгилеген президент. Ошондой эле Раззаков шаарында милиция кызматкерлери үчүн 32 батирлүү үй пайдаланууга берилди. Президент мамлекет бир дагы милиция кызматкерин турак жайсыз калтырбай турганын убада кылды. Ал акыркы 5 жылда ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасынын 85%ы жаңыланганын, кызматкерлердин айлыгы эки эсеге көтөрүлгөнүн белгиледи.