https://sputnik.kg/20251031/1097544432.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Манастагы аэропорттун ордуна ири шаар курулары айтылды Бишкекте Михалковдун “12” спектакли коюлуп, өзү да ойнодуЖКга депутаттыка талапкерлерди каттоо аяктады... 31.10.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-10-31T11:00+0600
2025-10-31T11:00+0600
2025-10-31T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/1f/1097544266_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_bf10ee5afd4eadf686e9108d78a9cfed.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Манастагы аэропорттун ордуна ири шаар курулары айтылды Бишкекте Михалковдун “12” спектакли коюлуп, өзү да ойнодуЖКга депутаттыка талапкерлерди каттоо аяктады. Алдыда кененирээкКыргызстанда кечээ кечинде Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жараяны расмий түрдө жыйынтыкталды. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, 589 жаран өз талапкерлигин көрсөткөн. Алардын ичинен 365 — эркек, ал эми 224 — аял. Ошондой эле 19 кыргызстандык шайлоого катышуудан баш тарткан, ал эми 7 жаранга каттоодон баш тартылган. Жогорку Кеңештин VIII чакырылышына кезексиз шайлоо 30-ноябрда өтөт. Саясий агитация 10-ноябрда башталып, 29-ноябрда саат 8:00дө аяктайт. Үйдөн добуш берүүнү каалагандар 28-ноябрга чейин арыз бере алышат.
Камчыбек Ташиев Манас калаасындагы аэропорттун ордуна, тагыраагы, 80 гектар жерге жаңы типтеги ири шаар куруларын айтты. УКМК төрагасы Манас шаарына КМШнын Чек ара аскерлеринин командачылар кеңешинин 91-отурумуна катышуу үчүн барган. Ал сапарынын алкагында мэр менен жолугуп, бир нече объектилерди да көрдү. "Ал жерге 30 миң адамга ылайыкталган стадион да салынат. Келерки жылы аймак бошотулары менен жумуш башталат", — деди УКМК башчысы. Учурда Жалал-Абад облусунда Фергана өрөөнүндөгү эң ири эл аралык аэропорт курулууда. Азыр иштеп жаткан аба майданы ошол жакка көчүрүлөт.
Бишкекте россиялык атактуу кинорежиссер Никита Михалковдун “12” тасмасынын негизинде ушундай аталыштагы спектакль коюлду. Михалков РФтин Маданият күндөрүнүн алкагында борборго келген. Спектаклди режиссердун "Мастерская "12" театры коюп, сахнада өзү да ойногон.Эртең көрүүчүлөргө “Текке кеткен убакыт тууралуу жомок” ("Сказка о потерянном времени") спектакли тартууланат.Чыгармачыл кечеге Кыргызстандын маданият министри Мирбек Мамбеталиев, минкаб төрагасынын орун басары Байсалов, РКӨФ төрагасы Артем Новиков келген. “12” спектаклинде 12 сот өгөй атасын өлтүрүүгө шектүү 18 жаштагы баланын ишин карашат. Бардык далилдер айыпталуучунун ишин ачыктагандай болуп, 11 кызматкер жаза бергиси келет. Бирок бир сот жагдайды башка жагынан карап, чечим чыгарууда шашылбоого чакырат.
2026-жылдын февралында Украинанын согушка деген каражаты аягына чыгышы мүмкүн, буга АКШдан жардам кыскарып, насыялардын токтошу себеп болот. Мындай өңүттөгү макала британиялык Economist журналына жарыяланганын РИА Новости жазды. "Украина каражаттын тартыштыгына тушукту. Эгер абал өзгөбөсө февралдын соңунда акчасы түгөнүшү ыктымал", — деп айтылат материалда. Басылманын айтымында, 2025-жылдын аягында Украинанын коргонуу үчүн каралган бюджетинин жана чет жактан келген жардамдын жалпы суммасы 360 миллиард долларга чамалап барат. Кокус согуш дагы төрт жылга созулса Киев 390 миллиард долларга чыгым болот. "Украинанын үч каржы булагынын экөө соңуна чыгып баратат. Февралда Трамп президент болгондон кийин Киевге ай сайын бөлүнүп келген акча токтоду. Ал арада Украина ала турган жердин баарынан карыз алып бүттү. Бюджетинин таңсыктыгы расмий маалымат боюнча, ИДПнын бештен бир бөлүгүн түзөт, ИДПга карата мамлекеттик карыз согушка чейинки мезгилге салыштырмалуу эки эсе, тагыраагы, 110 пайызга өстү... Бир гана Европа калды", — деп жазылат макалада. Анткен менен Европа мамлекеттери Россиянын тоңдурулган активдерин Украинага жардам берүү үчүн пайдалануу боюнча бир пикирге келе албай жатат. Макалада Евробиримдик Россиянын акчасын алган күндө да бул каражат керектүү 390 миллиард доллардын ордун жабууга жетпей турганы айтылган.
Манастагы аэропорттун ордуна ири шаар курулары айтылды Бишкекте Михалковдун “12” спектакли коюлуп, өзү да ойнодуЖКга депутаттыка талапкерлерди каттоо аяктады. Алдыда кененирээкКыргызстанда кечээ кечинде Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жараяны расмий түрдө жыйынтыкталды. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, 589 жаран өз талапкерлигин көрсөткөн. Алардын ичинен 365 — эркек, ал эми 224 — аял. Ошондой эле 19 кыргызстандык шайлоого катышуудан баш тарткан, ал эми 7 жаранга каттоодон баш тартылган. Жогорку Кеңештин VIII чакырылышына кезексиз шайлоо 30-ноябрда өтөт. Саясий агитация 10-ноябрда башталып, 29-ноябрда саат 8:00дө аяктайт. Үйдөн добуш берүүнү каалагандар 28-ноябрга чейин арыз бере алышат. Камчыбек Ташиев Манас калаасындагы аэропорттун ордуна, тагыраагы, 80 гектар жерге жаңы типтеги ири шаар куруларын айтты. УКМК төрагасы Манас шаарына КМШнын Чек ара аскерлеринин командачылар кеңешинин 91-отурумуна катышуу үчүн барган. Ал сапарынын алкагында мэр менен жолугуп, бир нече объектилерди да көрдү. "Ал жерге 30 миң адамга ылайыкталган стадион да салынат. Келерки жылы аймак бошотулары менен жумуш башталат", — деди УКМК башчысы. Учурда Жалал-Абад облусунда Фергана өрөөнүндөгү эң ири эл аралык аэропорт курулууда. Азыр иштеп жаткан аба майданы ошол жакка көчүрүлөт. Бишкекте россиялык атактуу кинорежиссер Никита Михалковдун “12” тасмасынын негизинде ушундай аталыштагы спектакль коюлду. Михалков РФтин Маданият күндөрүнүн алкагында борборго келген. Спектаклди режиссердун "Мастерская "12" театры коюп, сахнада өзү да ойногон.Эртең көрүүчүлөргө “Текке кеткен убакыт тууралуу жомок” ("Сказка о потерянном времени") спектакли тартууланат.Чыгармачыл кечеге Кыргызстандын маданият министри Мирбек Мамбеталиев, минкаб төрагасынын орун басары Байсалов, РКӨФ төрагасы Артем Новиков келген. “12” спектаклинде 12 сот өгөй атасын өлтүрүүгө шектүү 18 жаштагы баланын ишин карашат. Бардык далилдер айыпталуучунун ишин ачыктагандай болуп, 11 кызматкер жаза бергиси келет. Бирок бир сот жагдайды башка жагынан карап, чечим чыгарууда шашылбоого чакырат.2026-жылдын февралында Украинанын согушка деген каражаты аягына чыгышы мүмкүн, буга АКШдан жардам кыскарып, насыялардын токтошу себеп болот. Мындай өңүттөгү макала британиялык Economist журналына жарыяланганын РИА Новости жазды. "Украина каражаттын тартыштыгына тушукту. Эгер абал өзгөбөсө февралдын соңунда акчасы түгөнүшү ыктымал", — деп айтылат материалда. Басылманын айтымында, 2025-жылдын аягында Украинанын коргонуу үчүн каралган бюджетинин жана чет жактан келген жардамдын жалпы суммасы 360 миллиард долларга чамалап барат. Кокус согуш дагы төрт жылга созулса Киев 390 миллиард долларга чыгым болот. "Украинанын үч каржы булагынын экөө соңуна чыгып баратат. Февралда Трамп президент болгондон кийин Киевге ай сайын бөлүнүп келген акча токтоду. Ал арада Украина ала турган жердин баарынан карыз алып бүттү. Бюджетинин таңсыктыгы расмий маалымат боюнча, ИДПнын бештен бир бөлүгүн түзөт, ИДПга карата мамлекеттик карыз согушка чейинки мезгилге салыштырмалуу эки эсе, тагыраагы, 110 пайызга өстү... Бир гана Европа калды", — деп жазылат макалада. Анткен менен Европа мамлекеттери Россиянын тоңдурулган активдерин Украинага жардам берүү үчүн пайдалануу боюнча бир пикирге келе албай жатат. Макалада Евробиримдик Россиянын акчасын алган күндө да бул каражат керектүү 390 миллиард доллардын ордун жабууга жетпей турганы айтылган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/1f/1097544266_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_5fc0562667eceddc2cfea2d83906f985.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио