https://sputnik.kg/20251029/kmshnyn-birgeleshken-kino-dolbooru-kantip-onuguudo-1097503189.html
КМШ өлкөлөрүнүн биргелешкен кино долбоорлору кантип өнүгүүдө
КМШ өлкөлөрүнүн биргелешкен кино долбоорлору кантип өнүгүүдө
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. КМШ өлкөлөрүнүн биргелешкен кино долбоорлорунун өнүгүшү тууралуу Россия кинематографиясын социалдык жана экономикалык жактан колдоо... 29.10.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-10-29T22:12+0600
2025-10-29T22:12+0600
2025-10-30T15:31+0600
кмш
россия
кыргызстан
фестиваль
кино
пресс-борбор
https://sputnik.kg/img/101820/35/1018203577_0:107:2048:1259_1920x0_80_0_0_64088998504b0efe1d15fde302b7219a.jpg
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. КМШ өлкөлөрүнүн биргелешкен кино долбоорлорунун өнүгүшү тууралуу Россия кинематографиясын социалдык жана экономикалык жактан колдоо боюнча федералдык фондунун (Кинофонд) аткаруучу директору Федор Соснов айтып берди. Ал Москвада болуучу "Россия жана КМШ элдери" аталышындагы эл аралык фестивалды утурлай Sputnik маалымат борборунда өткөн жыйынга катышты. Сосновдун айтымында, кино жаратуу дайыма чыгармачылыкты, изденүүнү, ошол эле учурда чыгымды талап кылат, бул тармакка мамлекеттин көмөгү зарыл. Ошондой эле Россия КМШ өлкөлөрүнүн кинематографтары менен тыгыз, өнөктөштүк мамиледе экенин, алар менен биргеликте 20га жакын фильм боюнча иш алып барып жатышканын билдирген. Ал шериктештик уюмундагы өлкөлөрдүн күчүн бириктирүү экономикалык факторлордон улам келип чыкканын түшүндүрдү. "Кино жаратуу рыноктун масштабына — кинотеатрлардын, залдардын жана көрүүчүлөрдүн санына байланыштуу. Рынок канчалык кичинекей болсо, ал мамлекетке өзүнүн кинематографиясын жаратуу жана туруктуу экономикалык негизди түзүү ошончолук оор. Биздин рынокторду бириктирүүнүн дарамети абдан чоң жана аны пайдаланбай коюу мүмкүн эмес", — деди Соснов. Мындан тышкары, биргелешкен долбоорлор шериктештиктин бардык өлкөлөрүндөгү көрүүчүлөрүнө кызыктуу боло турган сценарий, окуяларды жазууга багытталганын белгиледи. Ал биргелешип тартылган фильмдерди көрсөтүү боюнча атайын тармак түзүлүп баштаганын, бул үчүн Тажикстан менен Өзбекстанда кинозалдар ачылганын айтты. Алдыда КМШнын башка бардык мамлекеттерине ачуу да пландалган. Айта кетсек, 31-октябрдан 5-ноябрга чейин Москвада биринчи жолу Улуттар биримдиги күнүнө карата "Россия жана КМШ элдери" эл аралык фестивалы өтөт. Иш-чара РФтин Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу ачкан жыйын менен башталат. Фестивалдын программасында ишкерлик, агартуучулук жана маданий программалар, түрдүү багыттагы көргөзмөлөр жана мастер-класстар бар. Февтиваль Россиянын Коопсуздук кеңеши, президенттик администрация жана ТИМдин жетекчилигинин алдында Маданият министрлиги, Россотрудничество, Москва өкмөтү, "Билим" бирикмеси жана башка уюмдар тарабынан уюштурулууда.
https://sputnik.kg/20251029/bishkekte-rossiya-kinolorunun-festivaly-bashtaldy-1097496342.html
кмш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/101820/35/1018203577_114:0:1934:1365_1920x0_80_0_0_b66ad01bd251d4bc0cc6d9e7d6e58d95.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кмш, россия, кыргызстан, фестиваль, кино
кмш, россия, кыргызстан, фестиваль, кино
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. КМШ өлкөлөрүнүн биргелешкен кино долбоорлорунун өнүгүшү тууралуу Россия кинематографиясын социалдык жана экономикалык жактан колдоо боюнча федералдык фондунун (Кинофонд) аткаруучу директору Федор Соснов айтып берди.
Ал Москвада болуучу "Россия жана КМШ элдери" аталышындагы эл аралык фестивалды утурлай Sputnik маалымат борборунда өткөн жыйынга катышты.
Сосновдун айтымында, кино жаратуу дайыма чыгармачылыкты, изденүүнү, ошол эле учурда чыгымды талап кылат, бул тармакка мамлекеттин көмөгү зарыл.
"Эгерде мамлекет өзүнүн кинематографиясын түзбөсө, анда аны башка мамлекет жасай баштайт", — деген Соснов.
Ошондой эле Россия КМШ өлкөлөрүнүн кинематографтары менен тыгыз, өнөктөштүк мамиледе экенин, алар менен биргеликте 20га жакын фильм боюнча иш алып барып жатышканын билдирген. Ал шериктештик уюмундагы өлкөлөрдүн күчүн бириктирүү экономикалык факторлордон улам келип чыкканын түшүндүрдү.
"Кино жаратуу рыноктун масштабына — кинотеатрлардын, залдардын жана көрүүчүлөрдүн санына байланыштуу. Рынок канчалык кичинекей болсо, ал мамлекетке өзүнүн кинематографиясын жаратуу жана туруктуу экономикалык негизди түзүү ошончолук оор. Биздин рынокторду бириктирүүнүн дарамети абдан чоң жана аны пайдаланбай коюу мүмкүн эмес", — деди Соснов.
Мындан тышкары, биргелешкен долбоорлор шериктештиктин бардык өлкөлөрүндөгү көрүүчүлөрүнө кызыктуу боло турган сценарий, окуяларды жазууга багытталганын белгиледи. Ал биргелешип тартылган фильмдерди көрсөтүү боюнча атайын тармак түзүлүп баштаганын, бул үчүн Тажикстан менен Өзбекстанда кинозалдар ачылганын айтты. Алдыда КМШнын башка бардык мамлекеттерине ачуу да пландалган.
Айта кетсек, 31-октябрдан 5-ноябрга чейин Москвада биринчи жолу Улуттар биримдиги күнүнө карата "Россия жана КМШ элдери" эл аралык фестивалы өтөт. Иш-чара РФтин Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу ачкан жыйын менен башталат. Фестивалдын программасында ишкерлик, агартуучулук жана маданий программалар, түрдүү багыттагы көргөзмөлөр жана мастер-класстар бар.
Февтиваль Россиянын Коопсуздук кеңеши, президенттик администрация жана ТИМдин жетекчилигинин алдында Маданият министрлиги, Россотрудничество, Москва өкмөтү, "Билим" бирикмеси жана башка уюмдар тарабынан уюштурулууда.