00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстан жумушчу күчүнүн жетишсиздигине туш болууда — бийлик бул боюнча кандай чараларды көрүүдө?
11:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Бизнес и контроль: как защититься от незаконных проверок в Кыргызстане
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Наука как госстратегия: китайский путь к технологическому лидерству — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кант диабети жүрөк кан-тамыр системасын кандайча талкалайт? Кардиолог менен маек
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Диплом или навыки: проректор СКФУ — о том, каким должно быть образование сегодня
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Балдарды туура тарбиялайлы: Сөгүнүүнүн адам жашоосуна тийгизген таасири
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Вырубки не будет: что «зашито» в загадочных бирках на деревьях бульвара Эркиндик
18:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стопкадр
Документалдык кинонун бүгүнкү абалы: билим берүүдө көйгөйлөр жана жетишкендиктер
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Максимальный репост
Безопасная весна: Джумадиль Шералиев об усилении патрулей в парках и зонах отдыха Бишкека
20:06
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кант диабети жүрөк кан-тамыр системасын кандайча талкалайт? Кардиолог менен маек
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Республиканын банк секторунун депозиттик базасы 25 пайызга көбөйүп, 2025-жылдын август айынын акырына карата 741 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, депозиттердин өсүшү калктын жана бизнестин банк тутумуна болгон ишениминин жогорулаганынан кабар берет. "Жакынкы келечекте Кыргызстандагы инфляциялык динамикага негизинен тышкы факторлор таасир этет деп күтүлүп жаткандыктан, Улуттук банк акча-кредит саясаты жаатында тиешелүү чечимдерди кабыл алат. Экономиканын өнүгүү тенденцияларын жана рыноктун катышуучуларынын күтүүлөрүн эске алуу менен эсептик чен боюнча чечимдер өзгөчө кылдаттык менен кабыл алынат", - деп белгиледи Козубеков.
Бүгүн саат 11:17де өлкөдө күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди. Алдын ала маалыматка караганда, жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында, Каракол шаарынан чыгышка карай 165 чакырым аралыкта жайгашкан. Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөө анчейин сезилген жок.
Бишкектин коомдук талкууга коюлган жаңы башкы планында борбор калаанын абасын тазартуу, ыштан арылтуу ыкмалары да каралды. Долбоордо азыркы учурда абадагы зыяндуу заттардын концентрациясынын деңгээли нормадан үч эсе ашып кеткени белгиленген. 2050-жылга чейин нормадан төмөн болушу керек деген максат коюлду. Ал үчүн борборлоштурулган жана жеке жылытуу системаларын газга же калыбына келүүчү энергия булактарына которуу; түтүн тазалоо системаларын киргизүү сунушталууда. Мындан тышкары санитардык коргоосу жетишсиз болгон ишканаларды борбордун сыртына чыгаруу; транспорттук агымды азайтуу жана велосипед, электросамокаттарда жүрүүгө шарт түзүү; аймактарды жашылдандыруу кирет. Эскерте кетсек, өткөн жумада Бишкек шаарынын эки миллион кишиге ылайыкташкан башкы планы даяр болгону айтылган. Калаанын 2050-жылга чейин өнүгүүсүн камтыган негизги документинде жолдорду оңдоо, жашылдандыруу, курулуш жана башка иштер көрсөтүлгөн.
Алматыда АКШдан ташылган баңгизат контрабандасы боюнча 20 киши кармалды. Шаардык прокуратура алардын ичинде Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин үч жана Ички иштер министрлигинин төрт кызматкери кылмыштуу топту калкалап турган деп шектелип жатканын билдирди. Тергөө "товарды" ташып келүү, жеткирүү иштерин түрмөдө отурган киши уюштурганын аныктаган. Ал бүтүндөй система болуп, бир нече киши өздөрүнө тагылган "милдеттерин" аткарып келген. Кылмыштуу жол менен табылган акчаны кыймылсыз мүлк, жер тилке жана автокөлүк сатып алуу менен мыйзамдаштырып турушкан. Көзөмөлдөө органы беш батирди, үч курулушту, 10 жер тилкени жана 44 автоунааны таап, камакка койгон. Ыкчам иликтөө иштеринин аркасында бажы бекеттеринин биринен баңгизат салынган 25 жүктү табышкан. Тыюу салынган бул заттын жалпы салмагы 43 килограмм болгон. Иштин фигуранттарына баңгизаттарды мыйзамсыз алып өтүү жана сатуу, кызматтык кылмыштар үчүн жоопкерчиликти караган беренелер боюнча айып тагылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0