00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Когда усталость — не норма: как отличить выгорание от болезни
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
6 мин
Күн башат
4-декабрь — “Манас” эпосунун күнү: Манасты жайылтуу аракеттери жетиштүүбү?
13:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
11 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Алтындын баасы эмнеге төмөндөөдө, эртеңи кандай болот? Экономист менен маек

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүАлтын куймалары. Архив
Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.10.2025
Жазылуу
Лондон биржасында алтын куймаларына болгон баа төмөндөдү. Бул өз кезегинде "Кыргызалтын" ААКы менен Улуттук банкта сатылып жаткан куймаларга да таасирин тийгизди. Алтын куймаларын актив катары сатып алгандар көбөйүп жатканда бул көрүнүш көпчүлүктү ойго салууда.
Sputnik изилдөөчү, экономист Улукман Мамытов менен "Экономикалык панорама" уктуруусунун алкагында аталган маселенин айланасында ой калчады.
— Соңку күндөрү алтын куймаларынын баасы төмөндөп жатат. Себеби эмнеде?
— Акыркы жумада алтындын баасы 10 пайызга чейин түштү. Бир мезгилде дүйнөлүк биржада 1 унциясы 4 400 долларга чейин жеткен болчу. Бирок кайра бир аз көтөрүлдү. Азырынча мына ушундай коридордо болот. Дароо айта кетүүчү жагдай, биржада баа дайым толкун сыяктуу бирде көтөрүлүп, бирде түшүп турат. Учурда, экономикалык тил менен айтканда, "артка чегинүү" (экономикалык откат) болуп жатат. Анткени буга чейинки 8-9 жума ичинде баа кескин көтөрүлүп кеткен болчу. Мындай күчтүү импульс болгондо акыры баа кайра артка кетет. Бул — биржанын мыйзам ченемдүү көрүнүшү. Башкы себеби ушул. Бирок дүйнөлүк серепчилердин көбү баанын түшүшү убактылуу экенин айтышууда.
— Демек, кайра көтөрүлөт экен да. Кеп кайсы убакыт тууралуу болууда?
— Кыргызстандыктар "Кыргызалтын" акционердик коомунун же Улуттук банктын сайтындагы алтын куймаларына болгон бааны көзөмөлдөп жатышса керек. Анда көрүнүп тургандай, баа азыр бирде жогору, бирде ылдый болгону менен жалпысынан төмөндөп жатат. Мындан да бир аз түшүшү мүмкүн. Бирок бул 3-4 айдын иши деп божомолдосок болчудай. Андан соң кайрадан өткөндөгүдөй кескин эмес, акырындап көтөрүлөт. Негизи эле алтынга болгон баа түшүп кеткен учур тарыхта болгон эмес. Бул — дайыма көтөрүлүп туруучу же өз баасын туруктуу кармап туруучу ресурс. Бирок алтын коомчулукта каражат сактоочу жана көбөйтүүчү негизги актив болбошу керек. Тагыраак айтканда, бар акчаны алтынга салып коюп отура берүү туура эмес. Ашыкча акча кыймылдап турушу шарт.
© Sputnik / Арууке АмирдиноваИзилдөөчү, экономист Улукман Мамытов
Экономист Улукман Мамытов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.10.2025
Изилдөөчү, экономист Улукман Мамытов
— Убактылуу "коридор" режиминен чыккан соң баасы кайрадан жогорулайт деп жатпайсызбы. Эмнеден улам көтөрүлөт? Алтын түгөнүп калуучу ресурс, мындан башка анын кымбатташына дагы кандай себептер бар?
— Негизги беш себебин атасак болот. Биринчиси — дүйнөдөгү геосаясий жана экономикалык белгисиздик, болжоого мүмкүн болбогон күтүлбөстүктөр. Батыш экономикасына олуттуу таасир тийгизип жаткан Украинадагы атайын операция, Чыгыштагы Кытай менен Тайвандын чыры, Жакынкы Чыгышта Иран-Израиль согушу. Мындай келечеги белгисиз геосаясий абалда коом жана каржы институттары каражатын коргоп калуу максатында аны туруктуу активдерге сала баштайт. Мындай актив илгертен эле алтын болуп эсептелет.
Экинчиден, Американын экономикасы, анда болуп жаткан учурдагы шатдаун, андан сырткары, Трамптын жүргүзүп жаткан саясаты, мисалы, аскердик багытка бөлүнчү 700 миллиард долларга 300 миллиард кошулду. Мындан сырткары, саламаттык сактоо, билим берүү сыяктуу башка социалдык тармактар бар, аларга да акча керек. Америка өндүрүштөн киреше таап, бирди эки кылып жашабай эле доллар чыгарып, ошону менен күн көрүп келгенин көрдүк. Бул өз кезегинде инфляцияга кептөөдө. Мындай маалда да туруктуу актив болуп кайрадан эле алтын калат. Доллардын арзандашын шарттаган дагы бир кошумча жагдай — Кытайдын жүргүзүп жаткан өз акчасын күчөтүү саясаты. Учурда дүйнөлүк сооданын 37 пайызга жакыны юанга өткөнү айтылууда. Бул абдан чоң сумма, долларды резервдик акча деген макамынан ажыратып коюшу ыктымал.
Үчүнчүдөн, учурда Батыш мамлекеттери өздөрүндө алтын запасынын аздыгынан улам ордун бастыруу үчүн ошол эле биткоинди мактап-жактап, кайсы бир деңгээлде иллюзия жаратып жатышат. Ал тургай, криптовалюта азыркы замандын алтыны деген сыяктуу ураандарды да жайылтышууда. Криптовалютанын пайдубалы жок, муну баарыбыз билебиз. Эртең Батыш аны өстүрө албай калса, же айталы, ошол эле электр энергиясында кыйынчылык жаралса тумандай тарап, жок болуп кетүүчү каражат.
Төртүнчүдөн, дүйнөдөгү геосаясий жана экономикалык туруксуз абалдан улам банктар алтынды көбүрөөк жыйнай башташты. 2008-жылы дүйнөлүк экономикалык кризис маалында фиаттык акча (мамлекет мыйзамдуу төлөм каражаты деп жарыялап, бирок алтын сыяктуу материалдык товар менен камсыздалбаган валюта) алсыздыгын көрсөттү. Ага чейин долларды дүйнөлүк валютага айлантуу максатында курсун көтөрүп, ал эми алтындыкын атайын түшүрүү үчүн банктарга резервге алтын топтоого чек коюлган болчу. Банк тармагында иш алып барган комитеттин Базель III аталышындагы документи кабыл алынып, ошол чек алынды. Эми банктар алынын жетишинче алтын топтой алышат. Жалпысынан улуттук банктардын резервинин 30 пайызын алтын куймалары түзүп калыптыр. Дагы жогорулашы толук мүмкүн.
Бешинчи себеби — спекулянттар. Өтө чоң болбосо да баанын көтөрүлүп же түшүүсүнө таасир тийгизип турушат. Өз кезегинде Кыргызстан да өндүргөн алтынын сатпай, баалуу кагаз чыгарып сатса жакшы болмок.
— Изилдөөчү экономист катары айтасаңыз, келечекте алтынга атаандаш болчу ресурс барбы? Алтындын баасы түшүп кетиши мүмкүнбү?
— Виртуалдык активдер күчөп турган доордо жашап жатабыз. Батыш мамлекеттери да ушул максатты көздөп, виртуалдык каражаттардан алтынга атаандаш "жасап чыгарганга" аракет кылышууда. Бирок ал бир нерсеге байланган каражат болбосо эртеби-кечпи, урайт. Ал эми байлаш үчүн ал каражат алтындан кымбат жана көп болушу шарт. Азырынча мындай ресурс табыла элек.
Алтын кыска убакытта арзандап кетиши үчүн эки себеп болушу керек. Бир жерден алтындын эбегейсиз запасы табылышы зарыл же илимпоздор нукура алтындан айырмаланбаган химиялык алтын иштеп чыгарышы кажет. Башка себеп менен алтындын баасы кескин түшүп кетиши дээрлик мүмкүн эмес деп ойлойм. Ооба, дүйнөлүк экономикалык абалга байланыштуу бирде төмөн, бирде жогору боло берет. Бирок глобалдык деңгээлде алтын бааланбай калган заманды элестетүү дээрлик мүмкүн эмес.
Улуттук банктын алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2025
Дүйнөдө алтындын баасы түшкөндөн кийин Улуттук банктын куймалары арзандады
Жаңылыктар түрмөгү
0