00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
08:43
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:47
6 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Экономикалык панорама
19:05
45 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
21:48
6 мин
Ежедневные новости
08:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Особый акцент
Как протокол экономит миллионы — беседа о лечении инсультов
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кыргызстанга нипах вирусу келбейт — бул эмне деген жугуштуу ооруу?
15:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Кыргызскому кино - 85 лет: какие реформы и новые фильмы готовит государство
16:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Көз мончок
Кыз-келиндер жана спорт: машыгуу эркектердикинен айырмаланышы керекпи?
17:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Подготовка к перевыборам в 13 округе: какие уроки извлечены из аннулированного голосования
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Алик Акималиев — оор тагдыр, өзгөчө мүнөз жана поэзиядагы жалгыз жол
19:06
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Что скрывается за цифрами ВВП и как это касается каждого из нас
20:06
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанга нипах вирусу келбейт — бул эмне деген жугуштуу ооруу?
21:04
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жапаров: Кыргызстан виртуалдык активдер жана технологиялар үчүн хаб боло алат

© Photo / Unsplash / Michael FörtschБиткоин криптовалютасы. Иллюстративдик сүрөт
Биткоин криптовалютасы. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызстан виртуалдык активдер жана технологиялар үчүн аймактык хаб болгусу келет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.
Ал Бишкекте өтүп жаткан Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынына катышууда.
"Виртуалдык активдерди жөнгө салууга, борбордук банктын санариптик валюталарын киргизүүгө жана реалдуу активдер менен колдоого алынган стейблкоиндерди жана токендерди түзүүгө стратегиялык ыкмаларды иштеп чыккан өлкөлөр көбөйүүдө. Бул процесстер технологиялык эксперимент эмес, жаңы экономикалык моделдин туруктуу элементине айланат. Кыргызстан виртуалдык активдер боюнча мыйзамды кабыл алып, бул жаатта ырааттуу мамлекеттик саясатты иштеп чыккан региондогу саналуу өлкөлөрдүн бири. Республикада активдердин виртуалдык рыногу активдүү өнүгүп жатат, лицензияланган катышуучулардын саны өсүүдө, ченемдик-укуктук база бекемделип, инфраструктуралык демилгелер пайда болууда", — деди президент.
Ал белгилегендей, республика криптовалютаны кабыл алуу боюнча дүйнөлүк индексте 19-орунда турат, Борбор Азияда лидер. Бул санариптик чечимдердин коом тарабынан кабыл алынышынын жогорку деңгээлин чагылдырат, ошону менен бирге мамлекетке олуттуу жоопкерчиликти жүктөйт.
"Ушуга байланыштуу Улуттук кеңешти түзүү тең салмактуу жана актуалдуу чечимдерди кабыл алуу зарылчылыгынын шартында логикалык кадам болду. Кеңеш мамлекеттик органдардын, эксперттердин жана эл аралык өнөктөштөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн бириктирет. Дүйнөлүк профессионалдардын, анын ичинде Binance крипто экосистемасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжаонун катышуусу эң мыкты ченемдик-укуктук жана технологиялык тажрыйбаларга жетүүнү камсыз кылат", — деди Жапаров.
Президент санариптик жана финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жана адистерди даярдоо артыкчылыктуу багыт болушу керектигин белгиледи.
"Кыргызстан дүйнөлүк каржы архитектурасындагы өзгөрүүлөргө ыңгайлашып гана тим болбостон, өзүнүн аймактык маанилүү санариптик экономикалык моделин өнүктүрүүгө умтулуп жаткан өлкөлөрдүн катарына кирет. Кыргызстанда бекем пайдубал түзгөн ийкемдүү институттук чөйрө, таланттуу жаштар, экологиялык таза энергетика, мамлекеттик кызматтардын жана инфраструктуранын активдүү санариптешүүсү сыяктуу уникалдуу артыкчылыктар бар. Бул факторлордун айкалышы Кыргызстанды виртуалдык активдер жана Web3 технологиялары чөйрөсүндөгү аймактык хабга айланышын реалдуулукка айландырууда", — деди президент.
Криптовалюта биткоин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2025
Инвестициялар боюнча агенттик Binance криптовалюталык компаниясы менен кызматташат
Жаңылыктар түрмөгү
0