00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Үйдү туура жылуулоо менен электр энергиясын канча пайызга үнөмдөсө болот?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдө виртуалдык активдер чөйрөсүн өнүктүрүүдө тобокелдиктерди эске алууга чакырды. Бул тууралуу ал Бишкекте өтүп жаткан Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында билдирди. Ташиевдин айтымында, бул тармакты өнүктүрүү бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, эл аралык өнөктөштөрдүн ишенимин бекемдеп, бюджетти түзүүнүн кошумча булагы болот. Бирок тармак үчүн укуктук базаны жана мыйзамдарды иштеп чыгууда улуттук кызыкчылык эске алынып, улуттук коопсуздукту камсыздоо кошо каралышы керек. "Криптоактивдер акчаны легалдаштыруу, террорчулукту каржылоо, баңгизат сатуу жана башка мыйзамсыз иштер үчүн анонимдүү инструмент болуп саналат. Мыйзамсыз операциялар үчүн так укуктук негиздин жоктугу мындай кылмыштарды токтотууга тоскоолдук кылат", — деди Ташиев. Ал ошондой эле виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамсыз аракеттер үчүн жоопкерчиликти Кылмыш кодексине киргизүү каралып жатканын айтты. Криптоактивдерди алмаштыруу, сатуу, тейлөө лицензиясыз жүргүзүлбөшү керектигин, санарип долбоорлорду даярдоодо анын түзүмүнө коопсуздук системасы кошо киргизилиши зарыл экенин кошумчалады.
Эксперттер Россия Борбор Азия өлкөлөрүнө суу кризисинен чыгууга кандай жардам бере аларын Sputnik маалымат борборунда өткөн "Коопсуздук маселелерин чечүүдөгү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн интеграциялык потенциалы" аттуу видеоконференцияда талкуулашты. МГИМОнун аспиранты Назар Курбанов Россия айыл чарбасына жаңы технологияларды киргизүүгө көмөктөшө аларын белгиледи."Аму-Дарыядан алынган суунун көбү айыл чарбасына, биринчи кезекте Өзбекстанга кетет. Эксперттердин баамында, суунун бир топ бөлүгү натыйжасыз пайдаланылып, жабдуулар, анын ичинде насостук станциялар эскирген. Россия айыл чарбасына жаңы жабдууларды жеткирип, акылдуу технологияларды киргизиши мүмкүн. Бул анын суу ресурстарын башкаруу маселелерин чечүүгө умтулган өлкө катары беделин бекемдейт", — деди Курбанов. "Аппликата" стратегиялык чечимдер борборунун директору Кубатбек Рахимов ШКУнун Россия тажрыйбасына негизделген суу доктринасы аймактагы ишенимди арттыра аларын баса белгиледи.
Россияны "террорчулардын демөөрчүсү" деп таануу демилгеси — Москва менен Вашингтондун диалогун жана үй-бүлөлөрдү табыштыруу иштерин жок кылууга жасалган далалат. Бул туурасында РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова айтканын РИА Новости жазды. "Аталган мыйзамды демилге кылып көтөрүүнү Россия-АКШ диалогун, анын ичинде үй-бүлөлөрдү табыштыруу иштерин токтотуу катары баалайбыз. Ал бүлөлөр — Украинадагы жаңжалда ар кыл себептерден улам туугандары менен байланышты жоготкондор", — деген дипломат. Захарова бул ишке АКШнын биринчи айымы да киришкенин кошумчалаган. Ал Россиянын балдар тууралуу объективдүү жана кеңири маалымат берүүгө даяр экенин тастыктаган. Шаршемби күнү АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы Россия террорчулукка демөөрчү деген маанайдагы мыйзам долбоорун киргизген. Бирок демилгечи республикачыл Брайан Фицпатрик мындай күнөөлөөгө колго илинерлик далил келтире алган эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0